الشعراء

Ash-Shu'araa

The Poets · Surah 26 · Ayahs: 227 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. طسٓمٓ

    Open ayah 26:1

    Та. Сиим. Миим. [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн. 227 аяттан турат. «Шуаранын» мааниси «Акындар».
  2. تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

    Open ayah 26:2

    Булар анык китептин (Курандын) аяттары.

  3. لَعَلَّكَ بَٰخِعٞ نَّفۡسَكَ أَلَّا يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:3

    (Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың! [1]

    1. Көп кыйналба. Хидаят (Туура жол) Аллахтын колунда. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат.
  4. إِن نَّشَأۡ نُنَزِّلۡ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةٗ فَظَلَّتۡ أَعۡنَٰقُهُمۡ لَهَا خَٰضِعِينَ

    Open ayah 26:4

    Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз. [1]

    1. Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак (ылайык) болуп калмак.
  5. وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن ذِكۡرٖ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ مُحۡدَثٍ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهُ مُعۡرِضِينَ

    Open ayah 26:5

    Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.

  6. فَقَدۡ كَذَّبُواْ فَسَيَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

    Open ayah 26:6

    Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.

  7. أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَمۡ أَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ

    Open ayah 26:7

    Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык.

  8. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:8

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди.

  9. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 26:9

    Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу. [1]

    1. Ал кааласа зордоп ыйманга келтирип, моюндарын ийип коюууга Кудуреттүү. Бирок, Анын мээрими, каардуулугунан жогору. Пендесине мөөнөт берет, мүмкүнчүлүк берет, Өзүнө өз ыктыяры менен кайтуусун күтөт.
  10. وَإِذۡ نَادَىٰ رَبُّكَ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱئۡتِ ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ 

    Open ayah 26:10

    Жана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго:

  11. قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَۚ أَلَا يَتَّقُونَ

    Open ayah 26:11

    Фараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин».

  12. قَالَ رَبِّ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ

    Open ayah 26:12

    «Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун.

  13. وَيَضِيقُ صَدۡرِي وَلَا يَنطَلِقُ لِسَانِي فَأَرۡسِلۡ إِلَىٰ هَٰرُونَ

    Open ayah 26:13

    (Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн. [1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер.

    1. «Тилим эркин айланбай калуусунан коркомун» дегенинин себеби, ал бир аз кекечтенип сүйлөчү.
  14. وَلَهُمۡ عَلَيَّ ذَنۢبٞ فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ

    Open ayah 26:14

    Алардын (оюнда) менин күнөөм бар. [1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».

    1. Мусанын мындай дешинин себеби, ал Мисирде Фараондун сарайында жүргөндө бир египеттик кишини байкоосуздан уруп өлтүрүп алат жана ушул себептүү качып кетет.
  15. قَالَ كَلَّاۖ فَٱذۡهَبَا بِـَٔايَٰتِنَآۖ إِنَّا مَعَكُم مُّسۡتَمِعُونَ

    Open ayah 26:15

    (Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз.

  16. فَأۡتِيَا فِرۡعَوۡنَ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:16

    Баргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз.

  17. أَنۡ أَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ

    Open ayah 26:17

    Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)

  18. قَالَ أَلَمۡ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدٗا وَلَبِثۡتَ فِينَا مِنۡ عُمُرِكَ سِنِينَ

    Open ayah 26:18

    (Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!

  19. وَفَعَلۡتَ فَعۡلَتَكَ ٱلَّتِي فَعَلۡتَ وَأَنتَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

    Open ayah 26:19

    Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!».

  20. قَالَ فَعَلۡتُهَآ إِذٗا وَأَنَا۠ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ 

    Open ayah 26:20

    (Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин).

  21. فَفَرَرۡتُ مِنكُمۡ لَمَّا خِفۡتُكُمۡ فَوَهَبَ لِي رَبِّي حُكۡمٗا وَجَعَلَنِي مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 26:21

    Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллах мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды.

  22. وَتِلۡكَ نِعۡمَةٞ تَمُنُّهَا عَلَيَّ أَنۡ عَبَّدتَّ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ

    Open ayah 26:22

    Ал эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес. [1]

    1. Мусанын жообу «Эгер сен менин уруумду жана анын уул перзенттерин тукум курут кылууга буйрук бербегениңде апам мени себетке салып дарыяга агызбайт эле. Сен мени дарыядан кармап алып, бакма бала кылып албайт элең. Бир элдин баарын азапта, кулчулукта кармап, бир гана перзентин ата-энесинен ажыратып «камкордук» көргөзгөнүң жакшылык деп атоого арзыйбы?» деген маанилерди билдирет.
  23. قَالَ فِرۡعَوۡنُ وَمَا رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:23

    Фараон айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?».

  24. قَالَ رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ

    Open ayah 26:24

    «Ал - асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса).

  25. قَالَ لِمَنۡ حَوۡلَهُۥٓ أَلَا تَسۡتَمِعُونَ

    Open ayah 26:25

    (Фараон) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?» - деди (Мусаны шылдыңдап).

  26. قَالَ رَبُّكُمۡ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 26:26

    (Муса): «Аллах силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди.

  27. قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ ٱلَّذِيٓ أُرۡسِلَ إِلَيۡكُمۡ لَمَجۡنُونٞ

    Open ayah 26:27

    (Анда Фараон адамдарга) айтты: «Силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!».

  28. قَالَ رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُمۡ تَعۡقِلُونَ

    Open ayah 26:28

    (Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер». [1]

    1. Инсаният тарыхындагы бардык залим падышалар акыйкатты сүйлөгөн кишилер менен оболу асмандан келип сүйлөшүшөт. Бирок, илим менен зулум «сүйлөшө» албайт. Зулум сөз таба албай калганда күчүн көргөзөт. Фараон да ошол ыкмага өттү.
  29. قَالَ لَئِنِ ٱتَّخَذۡتَ إِلَٰهًا غَيۡرِي لَأَجۡعَلَنَّكَ مِنَ ٱلۡمَسۡجُونِينَ

    Open ayah 26:29

    «(Оо, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди.

  30. قَالَ أَوَلَوۡ جِئۡتُكَ بِشَيۡءٖ مُّبِينٖ 

    Open ayah 26:30

    «Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?» - деди (Муса).

  31. قَالَ فَأۡتِ بِهِۦٓ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

    Open ayah 26:31

    «Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» - деди.

  32. فَأَلۡقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعۡبَانٞ مُّبِينٞ

    Open ayah 26:32

    Анан (Муса) таягын (жерге) таштады эле…, ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!

  33. وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِيَ بَيۡضَآءُ لِلنَّٰظِرِينَ

    Open ayah 26:33

    Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле..., ошол замат көрүүчүлөргө аппак (нурдуу) болуп калды!

  34. قَالَ لِلۡمَلَإِ حَوۡلَهُۥٓ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٌ عَلِيمٞ

    Open ayah 26:34

    «(Оо,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!» - деди (Фараон) тегерегиндеги төбөлдөргө. [1]

    1. Жана эле «акылсыз», «жинди» деп турган адам эми «илимдүү сыйкырчы» дегенге өттү. Мушриктердин бардыгы ушундай туруксуз болушат.
  35. يُرِيدُ أَن يُخۡرِجَكُم مِّنۡ أَرۡضِكُم بِسِحۡرِهِۦ فَمَاذَا تَأۡمُرُونَ

    Open ayah 26:35

    «Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?».

  36. قَالُوٓاْ أَرۡجِهۡ وَأَخَاهُ وَٱبۡعَثۡ فِي ٱلۡمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ

    Open ayah 26:36

    (Сарай эли) айтышты: «Аны менен бир тууганын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер.

  37. يَأۡتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٖ

    Open ayah 26:37

    Алар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин». [1]

    1. Муса менен сыйкырчылар мелдеш өткөрмөк болушуп, убактысын, жайын келишип алышты. Муса Аллахтын моожиза-кереметин бардык эл көрсүн деп майрам күндү белгиледи.
  38. فَجُمِعَ ٱلسَّحَرَةُ لِمِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ

    Open ayah 26:38

    Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту.

  39. وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلۡ أَنتُم مُّجۡتَمِعُونَ

    Open ayah 26:39

    Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы?

  40. لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ ٱلسَّحَرَةَ إِن كَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ 

    Open ayah 26:40

    Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».

  41. فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالُواْ لِفِرۡعَوۡنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجۡرًا إِن كُنَّا نَحۡنُ ٱلۡغَٰلِبِينَ

    Open ayah 26:41

    Сыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.

  42. قَالَ نَعَمۡ وَإِنَّكُمۡ إِذٗا لَّمِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ

    Open ayah 26:42

    «Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».

  43. قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلۡقُواْ مَآ أَنتُم مُّلۡقُونَ

    Open ayah 26:43

    Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».

  44. فَأَلۡقَوۡاْ حِبَالَهُمۡ وَعِصِيَّهُمۡ وَقَالُواْ بِعِزَّةِ فِرۡعَوۡنَ إِنَّا لَنَحۡنُ ٱلۡغَٰلِبُونَ

    Open ayah 26:44

    Алар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти. [1]

    1. Алар таштаган нерселер майда-чүйдө жыландардай көрүнүп турду элдин көзүнө. Бул кадимки эле көз бойогон сыйкырчылык эле.
  45. فَأَلۡقَىٰ مُوسَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ تَلۡقَفُ مَا يَأۡفِكُونَ

    Open ayah 26:45

    Анан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!

  46. فَأُلۡقِيَ ٱلسَّحَرَةُ سَٰجِدِينَ

    Open ayah 26:46

    (Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)

  47. قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:47

    дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!

  48. رَبِّ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ

    Open ayah 26:48

    Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”

  49. قَالَ ءَامَنتُمۡ لَهُۥ قَبۡلَ أَنۡ ءَاذَنَ لَكُمۡۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِي عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحۡرَ فَلَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَۚ لَأُقَطِّعَنَّ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَرۡجُلَكُم مِّنۡ خِلَٰفٖ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمۡ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 26:49

    (Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын! [1]

    1. Залымга даба жок турбайбы. Болбосо, сыйкырчылар менен Муса анын көз алдында биринчи жолу жолугушуп турган болсо, алар мамлекеттин ар тарабынан чогултулуп келинген болсо, дагы кантип Муса алардын устаты болуп калсын?! Акыйкатты кабыл албай, жүрөгү карарып залым өкүмдарлар ушундай болбогур нерселерди шылтоо кылып Акыйкатка каршы чыга беришет.
  50. قَالُواْ لَا ضَيۡرَۖ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ 

    Open ayah 26:50

    «(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.

  51. إِنَّا نَطۡمَعُ أَن يَغۡفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَٰيَٰنَآ أَن كُنَّآ أَوَّلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:51

    Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз». [1]

    1. Сыйкырчылардын окуясы ушинтип аяктады. Бирок Фараон менен адамдары, жалпы эл өз каапырчылыгында калды. Аларга Муса дагы көп Аллахтын моожизаларын көргөздү: аларга суу балээси, чебиртке, кан, бака, бит сыяктуу апаат-балээлер көргөзүлдү. Ар биринде Мусага «Раббиңе дуба кыл, балээни алсын, ыйман келтирели дешип, балээ көтөрүлгөн соң, дагы кайрадан каапырчылыгын улантып жатышты. Аллах таала аларга мөөнөт берүүсүн токтотуп, кырып жоюуга себеп болуучу окуяларды тездетти.
  52. ۞وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَسۡرِ بِعِبَادِيٓ إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ

    Open ayah 26:52

    Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.

  53. فَأَرۡسَلَ فِرۡعَوۡنُ فِي ٱلۡمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ

    Open ayah 26:53

    (Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.

  54. إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَشِرۡذِمَةٞ قَلِيلُونَ

    Open ayah 26:54

    (Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.

  55. وَإِنَّهُمۡ لَنَا لَغَآئِظُونَ

    Open ayah 26:55

    Алар биздин ачуубузду чыгарды.

  56. وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَٰذِرُونَ

    Open ayah 26:56

    Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.

  57. فَأَخۡرَجۡنَٰهُم مِّن جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ

    Open ayah 26:57

    (Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.

  58. وَكُنُوزٖ وَمَقَامٖ كَرِيمٖ

    Open ayah 26:58

    (чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.

  59. كَذَٰلِكَۖ وَأَوۡرَثۡنَٰهَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ

    Open ayah 26:59

    Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.

  60. فَأَتۡبَعُوهُم مُّشۡرِقِينَ 

    Open ayah 26:60

    (Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.

  61. فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلۡجَمۡعَانِ قَالَ أَصۡحَٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدۡرَكُونَ

    Open ayah 26:61

    Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.

  62. قَالَ كَلَّآۖ إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهۡدِينِ

    Open ayah 26:62

    «Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».

  63. فَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضۡرِب بِّعَصَاكَ ٱلۡبَحۡرَۖ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرۡقٖ كَٱلطَّوۡدِ ٱلۡعَظِيمِ

    Open ayah 26:63

    Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды. [1]

    1. Муса менен анын он эки уруу эли өз жолдоруна түшүп, наркы жээкке жол алышты.
  64. وَأَزۡلَفۡنَا ثَمَّ ٱلۡأٓخَرِينَ

    Open ayah 26:64

    Анан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.

  65. وَأَنجَيۡنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 26:65

    Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.

  66. ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

    Open ayah 26:66

    Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик!

  67. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:67

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.

  68. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 26:68

    Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү. [1]

    1. Кудуреттүүлүгү менен Мисирдей чоң мамлекеттин чар тарабынан чогулган Фараондун күчтүү армиясын алеки заматта жок кылып, ырайымдуулугу менен азыр эле кул болуп турган миңдеген Исраил урпактарын алардан калган мүлккө мураскор кылып койду! Субханаллах!
  69. وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ إِبۡرَٰهِيمَ

    Open ayah 26:69

    (Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.

  70. إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَا تَعۡبُدُونَ 

    Open ayah 26:70

    Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди. [1]

    1. Ибрахимдин бул сөзү суроо эмес, четке кагуу маанисинде болчу.
  71. قَالُواْ نَعۡبُدُ أَصۡنَامٗا فَنَظَلُّ لَهَا عَٰكِفِينَ

    Open ayah 26:71

    «Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.

  72. قَالَ هَلۡ يَسۡمَعُونَكُمۡ إِذۡ تَدۡعُونَ

    Open ayah 26:72

    (Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?

  73. أَوۡ يَنفَعُونَكُمۡ أَوۡ يَضُرُّونَ

    Open ayah 26:73

    Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».

  74. قَالُواْ بَلۡ وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا كَذَٰلِكَ يَفۡعَلُونَ

    Open ayah 26:74

    «Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.

  75. قَالَ أَفَرَءَيۡتُم مَّا كُنتُمۡ تَعۡبُدُونَ

    Open ayah 26:75

    (Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,

  76. أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُمُ ٱلۡأَقۡدَمُونَ

    Open ayah 26:76

    силер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).

  77. فَإِنَّهُمۡ عَدُوّٞ لِّيٓ إِلَّا رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:77

    Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)

  78. ٱلَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهۡدِينِ

    Open ayah 26:78

    Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт.

  79. وَٱلَّذِي هُوَ يُطۡعِمُنِي وَيَسۡقِينِ

    Open ayah 26:79

    Жана Ал мени жедирет жана ичирет.

  80. وَإِذَا مَرِضۡتُ فَهُوَ يَشۡفِينِ 

    Open ayah 26:80

    Оорусам, Өзү мага шыпаа берет.

  81. وَٱلَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحۡيِينِ

    Open ayah 26:81

    Жана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет.

  82. وَٱلَّذِيٓ أَطۡمَعُ أَن يَغۡفِرَ لِي خَطِيٓـَٔتِي يَوۡمَ ٱلدِّينِ

    Open ayah 26:82

    Жана кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын.

  83. رَبِّ هَبۡ لِي حُكۡمٗا وَأَلۡحِقۡنِي بِٱلصَّٰلِحِينَ

    Open ayah 26:83

    «Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун!

  84. وَٱجۡعَل لِّي لِسَانَ صِدۡقٖ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

    Open ayah 26:84

    Жана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын!

  85. وَٱجۡعَلۡنِي مِن وَرَثَةِ جَنَّةِ ٱلنَّعِيمِ

    Open ayah 26:85

    Жана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!

  86. وَٱغۡفِرۡ لِأَبِيٓ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ

    Open ayah 26:86

    Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды! [1]

    1. Ибрахим бул сөзүн атасынын ыйманга келүүсүнөн үмүтү бар мезгилде айткан. Ал эми, ыйманга келүүсүнөн үмүтү үзүлгөндө «мен силерден жана силер сыйынган кудайлардан кечтим!» деп атасынан кечкен.
  87. وَلَا تُخۡزِنِي يَوۡمَ يُبۡعَثُونَ

    Open ayah 26:87

    (Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!».

  88. يَوۡمَ لَا يَنفَعُ مَالٞ وَلَا بَنُونَ

    Open ayah 26:88

    Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт.

  89. إِلَّا مَنۡ أَتَى ٱللَّهَ بِقَلۡبٖ سَلِيمٖ

    Open ayah 26:89

    Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).

  90. وَأُزۡلِفَتِ ٱلۡجَنَّةُ لِلۡمُتَّقِينَ 

    Open ayah 26:90

    Такыбалуу кишилерге бейиш жакын келтирилди.

  91. وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِلۡغَاوِينَ

    Open ayah 26:91

    Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү! [1]

    1. Туура жолду тандоонун ордуна өз каалоолорун ээрчип, Аллахтын пайгамбарлары алып келген Акыйкатка каршы иштеген, Аллахтын арам кылган нерселерин адалга, адалдарын арамга чыгарган адамдарга тозок, ичиндеги бардык азаптары менен даярдап коюлду.
  92. وَقِيلَ لَهُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡبُدُونَ

    Open ayah 26:92

    Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды?!

  93. مِن دُونِ ٱللَّهِ هَلۡ يَنصُرُونَكُمۡ أَوۡ يَنتَصِرُونَ

    Open ayah 26:93

    Аллахты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!».

  94. فَكُبۡكِبُواْ فِيهَا هُمۡ وَٱلۡغَاوُۥنَ

    Open ayah 26:94

    Анан ага (тозокко биринин үстүнө бири) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар,

  95. وَجُنُودُ إِبۡلِيسَ أَجۡمَعُونَ

    Open ayah 26:95

    жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери. [1]

    1. Күнөө, ширк ибадаттарга чакырган бардык адамдар жана жиндер Иблистин аскерлери болуп эсептелет.
  96. قَالُواْ وَهُمۡ فِيهَا يَخۡتَصِمُونَ

    Open ayah 26:96

    Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти:

  97. تَٱللَّهِ إِن كُنَّا لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ

    Open ayah 26:97

    «Аллахка ант, биз анык адашууда болуптурбуз!

  98. إِذۡ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:98

    Биз (эй, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине теңештириптирбиз!

  99. وَمَآ أَضَلَّنَآ إِلَّا ٱلۡمُجۡرِمُونَ

    Open ayah 26:99

    Бизди күнөөкөрлөр гана адаштырды!

  100. فَمَا لَنَا مِن شَٰفِعِينَ 

    Open ayah 26:100

    Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды! [1]

    1. Бул жерде, Кыяматта болуучу окуялардын сөздөрү өткөн чакта айтылгандыгынын мааниси, албетте ошондой болушун билдирет.
  101. وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٖ 

    Open ayah 26:101

    Жана бизге (пайда берчү эч бир) кадырман дос да жок!

  102. فَلَوۡ أَنَّ لَنَا كَرَّةٗ فَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ 

    Open ayah 26:102

    Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана ыймандуулардан болуп калсак!».

  103. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ 

    Open ayah 26:103

    Албетте бул аяттарда үлгү-сабак бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.

  104. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ 

    Open ayah 26:104

    Чындыгында сенин Раббиң (оо, Мухаммад!) бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.

  105. كَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوحٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ 

    Open ayah 26:105

    Нухтун коому дагы пайгамбарларды [1] жалганчыга чыгарды.

    1. Алар бир Нухтун өзүн «жалганчы дегенине карабай, аятта «Пайгамбарларды» деп келгенинин себеби, кайсы бир эл бир гана пайгамбарга ишенбесе, бардык пайгамбарларга ишенбеген болуп эсептелет. Себеби, бардык пайгамбарлар бир гана таалимди-жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу (тавхид) таалимин алып келишкен.
  106. إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ 

    Open ayah 26:106

    Бир кезде аларга өздөрүнөн болгон Нух (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

  107. إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ 

    Open ayah 26:107

    Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун.

  108. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ 

    Open ayah 26:108

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  109. وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 

    Open ayah 26:109

    Мен ыйманга чакырганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши.

  110. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ 

    Open ayah 26:110

    Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  111. ۞قَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لَكَ وَٱتَّبَعَكَ ٱلۡأَرۡذَلُونَ

    Open ayah 26:111

    «Сага ыйман келтиребизби?! Сага төмөнкү катмардагы адамдар гана ээрчиген го!» - дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар). [1]

    1. Алар Нухка «Эгер ошол кедейлерди айдап жиберсең, биз сен менен сүйлөшүп, балким, келишип алышыбыз мүмкүн» деп шарт коюшкан.
  112. قَالَ وَمَا عِلۡمِي بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

    Open ayah 26:112

    (Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.

  113. إِنۡ حِسَابُهُمۡ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّيۖ لَوۡ تَشۡعُرُونَ

    Open ayah 26:113

    Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.

  114. وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:114

    Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.

  115. إِنۡ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ مُّبِينٞ

    Open ayah 26:115

    Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн».

  116. قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمَرۡجُومِينَ

    Open ayah 26:116

    «Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр). [1]

    1. (Өздөрүнө насаат айткан пайгамбарга ушундай мамиле жасаган элде эмне жакшылык болсун?! Нух аларды өмүр бою жакшылыкка – Акыреттеги тозок отунан кутулууга чакырса, «токтот, ташбараң кылабыз» дешет! Нух бул элге насаат пайда бербесин билди, өзүнө болгон алардын зулуму, мазактоолору, кежирликтери жанына батты. Анан аларга каргыш дуба кылды.
  117. قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوۡمِي كَذَّبُونِ

    Open ayah 26:117

    (Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!

  118. فَٱفۡتَحۡ بَيۡنِي وَبَيۡنَهُمۡ فَتۡحٗا وَنَجِّنِي وَمَن مَّعِيَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:118

    Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».

  119. فَأَنجَيۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ

    Open ayah 26:119

    Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.

  120. ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا بَعۡدُ ٱلۡبَاقِينَ 

    Open ayah 26:120

    Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.

  121. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:121

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.

  122. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 26:122

    Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу. [1]

    1. Кудурети менен топон суу жиберип, каапырларды чөктүрүп салды. Ырайымы менен Өзүнө ибадат кылгандарды куткарып калды.
  123. كَذَّبَتۡ عَادٌ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 26:123

    Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди. [1]

    1. Аад коому өздөрүнүн арасынан тандалып, өздөрүнө пайгамбар кылып жиберилген Худду жалганчыга чыгарышты.
  124. إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Open ayah 26:124

    Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

  125. إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

    Open ayah 26:125

    Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.

  126. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Open ayah 26:126

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  127. وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:127

    Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

  128. أَتَبۡنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ ءَايَةٗ تَعۡبَثُونَ

    Open ayah 26:128

    Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!

  129. وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمۡ تَخۡلُدُونَ

    Open ayah 26:129

    (Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!

  130. وَإِذَا بَطَشۡتُم بَطَشۡتُمۡ جَبَّارِينَ 

    Open ayah 26:130

    Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр! [1]

    1. Алар күч-кубаттарынан манчыркап, башка элдерге баскын жасап, зулум көргөзүп турушкан.
  131. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Open ayah 26:131

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  132. وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِيٓ أَمَدَّكُم بِمَا تَعۡلَمُونَ

    Open ayah 26:132

    Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!

  133. أَمَدَّكُم بِأَنۡعَٰمٖ وَبَنِينَ

    Open ayah 26:133

    Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.

  134. وَجَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

    Open ayah 26:134

    Бактарды жана булактарды берди.

  135. إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ

    Open ayah 26:135

    Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!

  136. قَالُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡنَآ أَوَعَظۡتَ أَمۡ لَمۡ تَكُن مِّنَ ٱلۡوَٰعِظِينَ

    Open ayah 26:136

    (Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.

  137. إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا خُلُقُ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 26:137

    Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.

  138. وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ

    Open ayah 26:138

    Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».

  139. فَكَذَّبُوهُ فَأَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:139

    (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.

  140. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ 

    Open ayah 26:140

    Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.

  141. كَذَّبَتۡ ثَمُودُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 26:141

    Самуд эли дагы пайгамбарларды [1] жалганчы кылды.

    1. «Пайгамбарлар» деген сөз боюнча 105-123- аяттарды караңыз.
  142. إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ صَٰلِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Open ayah 26:142

    Бир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!

  143. إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

    Open ayah 26:143

    Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.

  144. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Open ayah 26:144

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  145. وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:145

    Мен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

  146. أَتُتۡرَكُونَ فِي مَا هَٰهُنَآ ءَامِنِينَ

    Open ayah 26:146

    Силер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,

  147. فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ

    Open ayah 26:147

    бактардын, булактардын ичинде?

  148. وَزُرُوعٖ وَنَخۡلٖ طَلۡعُهَا هَضِيمٞ

    Open ayah 26:148

    Эгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?

  149. وَتَنۡحِتُونَ مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتٗا فَٰرِهِينَ

    Open ayah 26:149

    Чеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.

  150. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ 

    Open ayah 26:150

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  151. وَلَا تُطِيعُوٓاْ أَمۡرَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ

    Open ayah 26:151

    Чектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!

  152. ٱلَّذِينَ يُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا يُصۡلِحُونَ

    Open ayah 26:152

    Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».

  153. قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلۡمُسَحَّرِينَ

    Open ayah 26:153

    (Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!

  154. مَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا فَأۡتِ بِـَٔايَةٍ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

    Open ayah 26:154

    Сен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».

  155. قَالَ هَٰذِهِۦ نَاقَةٞ لَّهَا شِرۡبٞ وَلَكُمۡ شِرۡبُ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ

    Open ayah 26:155

    (Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.

  156. وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٖ فَيَأۡخُذَكُمۡ عَذَابُ يَوۡمٍ عَظِيمٖ

    Open ayah 26:156

    Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».

  157. فَعَقَرُوهَا فَأَصۡبَحُواْ نَٰدِمِينَ

    Open ayah 26:157

    Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.

  158. فَأَخَذَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:158

    Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.

  159. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 26:159

    Албетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.

  160. كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ 

    Open ayah 26:160

    Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди. [1]

    1. Эмне үчүн Лут бир адам болсо дагы Аллах таала «пайгамбарлар» деп көптүк түрдө айтты? Бул маселенин жообу ушул сүрөнүн 105-аятында.
  161. إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Open ayah 26:161

    Бир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

  162. إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

    Open ayah 26:162

    Мен силерге аманаткөй пайгамбармын.

  163. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Open ayah 26:163

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  164. وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:164

    Мен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

  165. أَتَأۡتُونَ ٱلذُّكۡرَانَ مِنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:165

    (Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!

  166. وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمۡ رَبُّكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٌ عَادُونَ

    Open ayah 26:166

    Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».

  167. قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰلُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُخۡرَجِينَ

    Open ayah 26:167

    «Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».

  168. قَالَ إِنِّي لِعَمَلِكُم مِّنَ ٱلۡقَالِينَ

    Open ayah 26:168

    (Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!

  169. رَبِّ نَجِّنِي وَأَهۡلِي مِمَّا يَعۡمَلُونَ

    Open ayah 26:169

    Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».

  170. فَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ 

    Open ayah 26:170

    Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.

  171. إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ

    Open ayah 26:171

    Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.

  172. ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

    Open ayah 26:172

    Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.

  173. وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلۡمُنذَرِينَ

    Open ayah 26:173

    Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман! [1]

    1. Аларга «Эгер эсиңерге келип, арам ишиңерди таштап, жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынууга, Анын гана буйруктарын аткарууга кайтпасаңар, башыңарга катуу азап түшөт» деп эскертилген болчу.
  174. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:174

    Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.

  175. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 26:175

    Чынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!

  176. كَذَّبَ أَصۡحَٰبُ لۡـَٔيۡكَةِ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 26:176

    Калың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти. [1]

    1. Бул - Хижаз менен Палестинанын аралыгындагы Мадян элдери. Мадян калың бак-дарактуу жер болгон. «Пайгамбарлар» деген сөз боюнча 105-аятка караңыз.
  177. إِذۡ قَالَ لَهُمۡ شُعَيۡبٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Open ayah 26:177

    Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

  178. إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ

    Open ayah 26:178

    Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.

  179. فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Open ayah 26:179

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

  180. وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 

    Open ayah 26:180

    Мен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

  181. ۞أَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَلَا تَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُخۡسِرِينَ

    Open ayah 26:181

    (Оо, коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула!

  182. وَزِنُواْ بِٱلۡقِسۡطَاسِ ٱلۡمُسۡتَقِيمِ

    Open ayah 26:182

    Туура тараза менен тарткыла!

  183. وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ

    Open ayah 26:183

    Адамдардын нерселерин кемитпегиле! [1] Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!

    1. Таразадан алдоо бирөөнүн чөнтөгүнө «түшүү» метрден үнөмдөп калуу, уурулук, карактоо..., ушулардын баары тоноочулук болуп саналат.
  184. وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلۡجِبِلَّةَ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 26:184

    Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!

  185. قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلۡمُسَحَّرِينَ

    Open ayah 26:185

    (Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!

  186. وَمَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَإِن نَّظُنُّكَ لَمِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ

    Open ayah 26:186

    Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.

  187. فَأَسۡقِطۡ عَلَيۡنَا كِسَفٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

    Open ayah 26:187

    Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)

  188. قَالَ رَبِّيٓ أَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُونَ

    Open ayah 26:188

    (Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет. [1]

    1. Мен болгону Акыйкат сөздү жеткирүүчүмүн. Силердин башыңарга азап түшүрүүнү мен билбеймин, Раббим билет. Ал Өзү каалаган учурда силерге азап түшүрүүгө Кудуреттүү.
  189. فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمۡ عَذَابُ يَوۡمِ ٱلظُّلَّةِۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٍ

    Open ayah 26:189

    Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады! [1] Бул улук күндүн азабы болчу.

    1. Ошондо, Аллах Күндү аябай ысык кылган. Каапырлар көлөкө таппай, ысыктан кыйналып калганда, Аллах чоң бир кара булут жиберген. Муну көргөн каапырлар, Аллахтын амалкерлиги экенин ойлоп да коюшпай, анын астына чогулушканда..., булуттун арасынан от чыгып, бардыгын күлгө айланткан!
  190. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ 

    Open ayah 26:190

    Албетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.

  191. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 26:191

    Чынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.

  192. وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 26:192

    «Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».

  193. نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلۡأَمِينُ

    Open ayah 26:193

    Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,

  194. عَلَىٰ قَلۡبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُنذِرِينَ

    Open ayah 26:194

    сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.

  195. بِلِسَانٍ عَرَبِيّٖ مُّبِينٖ

    Open ayah 26:195

    (Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).

  196. وَإِنَّهُۥ لَفِي زُبُرِ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 26:196

    Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.

  197. أَوَلَمۡ يَكُن لَّهُمۡ ءَايَةً أَن يَعۡلَمَهُۥ عُلَمَٰٓؤُاْ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ

    Open ayah 26:197

    Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу? [1]

    1. Араб мушриктери үчүн яхуди уламаларынын сөзү далил болгон. Бир нерседе талашып калчу болушса дароо аларга чуркап барышып, «Тооратты карагылачы, паландай маселеде эмне айтылган экен деп турушкан. Ал эми, Куран маселесинде да ынсаптуу еврей аалымдары Тооратта Куран жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жөнүндө айтылганын маалымдашкан. Бирок, кежирленген мушриктер бул далилге да муюбай коюшту.
  198. وَلَوۡ نَزَّلۡنَٰهُ عَلَىٰ بَعۡضِ ٱلۡأَعۡجَمِينَ

    Open ayah 26:198

    Эгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк

  199. فَقَرَأَهُۥ عَلَيۡهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ مُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:199

    жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес. [1]

    1. Анда: «Эч нерсени түшүнбөй жатабыз. Бул эмне өзү?» дешмек.
  200. كَذَٰلِكَ سَلَكۡنَٰهُ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ 

    Open ayah 26:200

    Биз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.

  201. لَا يُؤۡمِنُونَ بِهِۦ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ 

    Open ayah 26:201

    Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.

  202. فَيَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ 

    Open ayah 26:202

    Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.

  203. فَيَقُولُواْ هَلۡ نَحۡنُ مُنظَرُونَ 

    Open ayah 26:203

    Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.

  204. أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ 

    Open ayah 26:204

    Биздин азапты шаштырып жатышабы?

  205. أَفَرَءَيۡتَ إِن مَّتَّعۡنَٰهُمۡ سِنِينَ 

    Open ayah 26:205

    Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,

  206. ثُمَّ جَآءَهُم مَّا كَانُواْ يُوعَدُونَ 

    Open ayah 26:206

    Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,

  207. مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يُمَتَّعُونَ 

    Open ayah 26:207

    ошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!

  208. وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنذِرُونَ 

    Open ayah 26:208

    Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.

  209. ذِكۡرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَٰلِمِينَ 

    Open ayah 26:209

    (Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук. [1]

    1. Эгер эскертүү бербей кыйратса, анда зулум болмок.
  210. وَمَا تَنَزَّلَتۡ بِهِ ٱلشَّيَٰطِينُ 

    Open ayah 26:210

    Аны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.

  211. وَمَا يَنۢبَغِي لَهُمۡ وَمَا يَسۡتَطِيعُونَ

    Open ayah 26:211

    Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. [1] (Анткени:)

    1. Мушриктердин Куранга, пайгамбарга койгон дооматтарынын кезектегиси - алардын «Куранды Мухаммадга жин-шайтандар шыбыраса керек» деген сөздөрү. Бул аят ошол дооматка жооп. Шайтандар - ыпылас. Билген-кылган иштери азгырык. Ал эми Куран таза жана турган бүткөнү хидаят (туура жол). Демек, шайтан буга ылайык эмес. Анан шайтандар жогорку Арштан Куран аяттарын алып келебиз деп аракет кылган күндө деле, кудуреттери жетпейт.
  212. إِنَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّمۡعِ لَمَعۡزُولُونَ

    Open ayah 26:212

    Алар аны угуудан тосулуп коюлган. [1]

    1. Жин-шайтандар түшө турган Куран аяттарын же болбосо башка бир кайып кабарларын уурдап алуу үчүн эң жогорку асмандарга сагаласа, аларга жылдыздар атырылып, күйдүрүп жиберчү болгон. Анын үстүнө Куран аяттарын Кудуреттүү периште Жебирейил коргоп, сактап алып түшөт. Аллах таала башка бир аятта: «Зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактоочубуз» деген.
  213. فَلَا تَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُعَذَّبِينَ

    Open ayah 26:213

    (Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.

  214. وَأَنذِرۡ عَشِيرَتَكَ ٱلۡأَقۡرَبِينَ

    Open ayah 26:214

    Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!

  215. وَٱخۡفِضۡ جَنَاحَكَ لِمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 26:215

    Өзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!

  216. فَإِنۡ عَصَوۡكَ فَقُلۡ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تَعۡمَلُونَ

    Open ayah 26:216

    Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.

  217. وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ

    Open ayah 26:217

    Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.

  218. ٱلَّذِي يَرَىٰكَ حِينَ تَقُومُ

    Open ayah 26:218

    Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт.

  219. وَتَقَلُّبَكَ فِي ٱلسَّٰجِدِينَ

    Open ayah 26:219

    Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).

  220. إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ 

    Open ayah 26:220

    Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.

  221. هَلۡ أُنَبِّئُكُمۡ عَلَىٰ مَن تَنَزَّلُ ٱلشَّيَٰطِينُ

    Open ayah 26:221

    (Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби?

  222. تَنَزَّلُ عَلَىٰ كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٖ

    Open ayah 26:222

    Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт.

  223. يُلۡقُونَ ٱلسَّمۡعَ وَأَكۡثَرُهُمۡ كَٰذِبُونَ

    Open ayah 26:223

    Алар (аны) угушат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.

  224. وَٱلشُّعَرَآءُ يَتَّبِعُهُمُ ٱلۡغَاوُۥنَ

    Open ayah 26:224

    Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт. [1]

    1. Албетте, көпчүлүк акындар сезимтал кишилер. Алар ырдын ар кайсы өрөөнүндө жүрө беришет. Конум (токтоолук) деген болбойт. Бүгүн бирөөнү мактап, көкөлөтсө, эртең эле жети кат жердин түбүнө киргизе жамандап жибериши мүмкүн. Акындарга өздөрү сыяктуу сезимтал (акылынан сезими бийик) адамдар ээрчийт. Ким акылдан сезимди жогору койсо - ал адашат.
  225. أَلَمۡ تَرَ أَنَّهُمۡ فِي كُلِّ وَادٖ يَهِيمُونَ

    Open ayah 26:225

    Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең?

  226. وَأَنَّهُمۡ يَقُولُونَ مَا لَا يَفۡعَلُونَ

    Open ayah 26:226

    Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат).

  227. إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَذَكَرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱنتَصَرُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُواْۗ وَسَيَعۡلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَيَّ مُنقَلَبٖ يَنقَلِبُونَ

    Open ayah 26:227

    Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.