الصافات

As-Saaffaat

Those drawn up in Ranks · Surah 37 · Ayahs: 182 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفّٗا

    Open ayah 37:1

    Сап тартып турган периштелерге ант! [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн. 182 аяттан турат. «Саффат» - «Сап тартып турган периштелер» деген мааниде.
  2. فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجۡرٗا

    Open ayah 37:2

    (Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!

  3. فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكۡرًا

    Open ayah 37:3

    (Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!

  4. إِنَّ إِلَٰهَكُمۡ لَوَٰحِدٞ

    Open ayah 37:4

    Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!

  5. رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَرَبُّ ٱلۡمَشَٰرِقِ

    Open ayah 37:5

    (Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!

  6. إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِزِينَةٍ ٱلۡكَوَاكِبِ

    Open ayah 37:6

    Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.

  7. وَحِفۡظٗا مِّن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ مَّارِدٖ

    Open ayah 37:7

    Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.

  8. لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٖ

    Open ayah 37:8

    Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт. [1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.

    1. Асмандарда эң жогорку жамаат-периштелер жамааты бар. Алардын арасында Аллах билдирген жана буюрган келечек кабарлары жөнүндө өз-ара сөз болушу табигый. Ал эми, жер бетиндеги жин-шайтандар кээ бир таза эмес адамдар менен байланыш түзүп, аларга келечек кабарларын билдирип турууну убада берет. Ал адамдар - палчылар, көзү ачыктар, бакшылар. Ошентип, бир бакшы-көзү ачык менен байланыш түзгөн жин-шайтандар жогорку асмандардагы жогорку жамааттын сөздөрүн уурдоо үчүн жогорку асманды аңдып, сагалашат. Бирок, «Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт».
  9. دُحُورٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ وَاصِبٌ

    Open ayah 37:9

    (Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.

  10. إِلَّا مَنۡ خَطِفَ ٱلۡخَطۡفَةَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ ثَاقِبٞ 

    Open ayah 37:10

    Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).

  11. فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَهُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَم مَّنۡ خَلَقۡنَآۚ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّن طِينٖ لَّازِبِۭ

    Open ayah 37:11

    Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.

  12. بَلۡ عَجِبۡتَ وَيَسۡخَرُونَ

    Open ayah 37:12

    Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.

  13. وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذۡكُرُونَ

    Open ayah 37:13

    Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.

  14. وَإِذَا رَأَوۡاْ ءَايَةٗ يَسۡتَسۡخِرُونَ

    Open ayah 37:14

    Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.

  15. وَقَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٌ

    Open ayah 37:15

    Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет.

  16. أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ

    Open ayah 37:16

    (Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?

  17. أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ

    Open ayah 37:17

    Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.

  18. قُلۡ نَعَمۡ وَأَنتُمۡ دَٰخِرُونَ

    Open ayah 37:18

    Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).

  19. فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ فَإِذَا هُمۡ يَنظُرُونَ

    Open ayah 37:19

    Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»

  20. وَقَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا هَٰذَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ 

    Open ayah 37:20

    Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)

  21. هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

    Open ayah 37:21

    «Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»

  22. ۞ٱحۡشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزۡوَٰجَهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَعۡبُدُونَ

    Open ayah 37:22

    «Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!

  23. مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهۡدُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡجَحِيمِ

    Open ayah 37:23

    Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!

  24. وَقِفُوهُمۡۖ إِنَّهُم مَّسۡـُٔولُونَ

    Open ayah 37:24

    Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула. [1] Алардан суралат:

    1. Жакшылардан ажыратылган жамандар жөнүндө ушундай өкүм кылынат.
  25. مَا لَكُمۡ لَا تَنَاصَرُونَ

    Open ayah 37:25

    «Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!». [1]

    1. Мушриктердин сыйынган «кудайлары», аларга сыйынууга үгүттөгөн жол башчылары көптүн бири катары кор болуп, дүйнөдөгү «пенделерине» жардам бере албай турат. Ошондо аларга ушундай добуш угулат.
  26. بَلۡ هُمُ ٱلۡيَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُونَ

    Open ayah 37:26

    Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!

  27. وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ

    Open ayah 37:27

    (Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.

  28. قَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَأۡتُونَنَا عَنِ ٱلۡيَمِينِ

    Open ayah 37:28

    (Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»

  29. قَالُواْ بَل لَّمۡ تَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 37:29

    (Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.

  30. وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭۖ بَلۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا طَٰغِينَ 

    Open ayah 37:30

    Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.

  31. فَحَقَّ عَلَيۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَآۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ

    Open ayah 37:31

    Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.

  32. فَأَغۡوَيۡنَٰكُمۡ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ

    Open ayah 37:32

    Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».

  33. فَإِنَّهُمۡ يَوۡمَئِذٖ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ

    Open ayah 37:33

    Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.

  34. إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ

    Open ayah 37:34

    Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз!

  35. إِنَّهُمۡ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسۡتَكۡبِرُونَ

    Open ayah 37:35

    (Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.

  36. وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٖ مَّجۡنُونِۭ

    Open ayah 37:36

    Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).

  37. بَلۡ جَآءَ بِٱلۡحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 37:37

    Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган! [1]

    1. Мурунку пайгамбарлар эмнени алып келген болсо Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы дал ошол акыйкатты-тавхид акыйкатын алып келди. Ал жөнүндө Иса, Муса пайгамбарлар алдын ала кабар беришкен. Анын пайгамбар болушу ошол кабарларды тастыктоо болду. Анан дагы, ал мурунку пайгамбарлар жөнүндө эң туура Куран кабарларын алып келип, алардын чыныгы пайгамбар болгонун анык далилдер менен тастыктады.
  38. إِنَّكُمۡ لَذَآئِقُواْ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَلِيمِ

    Open ayah 37:38

    (Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!

  39. وَمَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ

    Open ayah 37:39

    Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!

  40. إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ 

    Open ayah 37:40

    Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,

  41. أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ رِزۡقٞ مَّعۡلُومٞ

    Open ayah 37:41

    Аларга белгиленген ырыскылар бар.

  42. فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكۡرَمُونَ

    Open ayah 37:42

    Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,

  43. فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

    Open ayah 37:43

    Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,

  44. عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ

    Open ayah 37:44

    (Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири - бирине бет маңдай (олтурушат).

  45. يُطَافُ عَلَيۡهِم بِكَأۡسٖ مِّن مَّعِينِۭ

    Open ayah 37:45

    Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.

  46. بَيۡضَآءَ لَذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ

    Open ayah 37:46

    Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,

  47. لَا فِيهَا غَوۡلٞ وَلَا هُمۡ عَنۡهَا يُنزَفُونَ

    Open ayah 37:47

    Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.

  48. وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ عِينٞ

    Open ayah 37:48

    Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.

  49. كَأَنَّهُنَّ بَيۡضٞ مَّكۡنُونٞ

    Open ayah 37:49

    Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!

  50. فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ 

    Open ayah 37:50

    (Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.

  51. قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٞ

    Open ayah 37:51

    Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.

  52. يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُصَدِّقِينَ

    Open ayah 37:52

    Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?

  53. أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ

    Open ayah 37:53

    Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)

  54. قَالَ هَلۡ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ

    Open ayah 37:54

    «Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.

  55. فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِي سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ

    Open ayah 37:55

    Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)

  56. قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرۡدِينِ

    Open ayah 37:56

    «Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!

  57. وَلَوۡلَا نِعۡمَةُ رَبِّي لَكُنتُ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ

    Open ayah 37:57

    Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!

  58. أَفَمَا نَحۡنُ بِمَيِّتِينَ

    Open ayah 37:58

    Биз өлбөптүрбүзбү? [1]

    1. Экинчи өмүр менен жашаганыбызды көрбөй жатасыңбы?
  59. إِلَّا مَوۡتَتَنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ

    Open ayah 37:59

    Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?

  60. إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ 

    Open ayah 37:60

    Албетте, бул чоң жеңиш.

  61. لِمِثۡلِ هَٰذَا فَلۡيَعۡمَلِ ٱلۡعَٰمِلُونَ

    Open ayah 37:61

    Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

  62. أَذَٰلِكَ خَيۡرٞ نُّزُلًا أَمۡ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ

    Open ayah 37:62

    (Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы? [1]

    1. Бул дарак тикенектүү жана уудан да ачуу! Тозоктогулар курсагы ачканда, ошол дарактан башка тамак таба албайт жана ачуусуна карабай тоюп-тоюп жеп алышат. Анан ичи, оозу күйүп, аябай суусап кыйналышат. Суу жок эмес, бар. Бирок, ал кайнак суу!
  63. إِنَّا جَعَلۡنَٰهَا فِتۡنَةٗ لِّلظَّٰلِمِينَ

    Open ayah 37:63

    Биз аны залымдарга сыноо [1] болушу үчүн жараттык.

    1. Мухаммад пайгамбар Мекке мушриктерине «Тозокто Заккум деген дарак бар» дегенде, алар: «Эй, келесоо! Тозокто да дарак өсөт бекен!» деп, шылдыңдашкан. Эгер ишенишкенде, сыноодон өтүшмөк.
  64. إِنَّهَا شَجَرَةٞ تَخۡرُجُ فِيٓ أَصۡلِ ٱلۡجَحِيمِ

    Open ayah 37:64

    Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.

  65. طَلۡعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ

    Open ayah 37:65

    Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.

  66. فَإِنَّهُمۡ لَأٓكِلُونَ مِنۡهَا فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ

    Open ayah 37:66

    Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.

  67. ثُمَّ إِنَّ لَهُمۡ عَلَيۡهَا لَشَوۡبٗا مِّنۡ حَمِيمٖ

    Open ayah 37:67

    Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет! [1]

    1. Заккумдан жеп суусаганда кайнак суу ичирилди! Уу үстүнө уу! Бирок, алар өлбөйт. Өлгөндөн бетер азапка кабылышат. Өлсө азаптан кутулуп кетпейби…
  68. ثُمَّ إِنَّ مَرۡجِعَهُمۡ لَإِلَى ٱلۡجَحِيمِ

    Open ayah 37:68

    Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!

  69. إِنَّهُمۡ أَلۡفَوۡاْ ءَابَآءَهُمۡ ضَآلِّينَ

    Open ayah 37:69

    Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.

  70. فَهُمۡ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ يُهۡرَعُونَ 

    Open ayah 37:70

    Ошолордун изинен чуркап кетишти.

  71. وَلَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَهُمۡ أَكۡثَرُ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 37:71

    Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.

  72. وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ

    Open ayah 37:72

    Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек. [1]

    1. Бирок, алар «Ата-бабамдын жолу – ушул» деп, өздөрүнүн ойлорунан чыгарган азгырык жолдорду пайгамбардын жолунан абзел көрүштү. Анан Аллах таала бул эскертилген, бирок моюн сунбаган элдердин башына ар түрдүү балээлерди жиберип, жер бетинен шыпырып таштады!
  73. فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ

    Open ayah 37:73

    Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!

  74. إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

    Open ayah 37:74

    Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.

  75. وَلَقَدۡ نَادَىٰنَا نُوحٞ فَلَنِعۡمَ ٱلۡمُجِيبُونَ

    Open ayah 37:75

    (Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.

  76. وَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ

    Open ayah 37:76

    Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын [1] ) чоң балээден куткардык.

    1. Себеби, баласы ыйманга келбеген болчу.
  77. وَجَعَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلۡبَاقِينَ

    Open ayah 37:77

    Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.

  78. وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

    Open ayah 37:78

    Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.

  79. سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٖ فِي ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 37:79

    Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!

  80. إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ 

    Open ayah 37:80

    Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.

  81. إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 37:81

    Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.

  82. ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

    Open ayah 37:82

    Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.

  83. ۞وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبۡرَٰهِيمَ

    Open ayah 37:83

    Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.

  84. إِذۡ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلۡبٖ سَلِيمٍ

    Open ayah 37:84

    Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.

  85. إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَاذَا تَعۡبُدُونَ

    Open ayah 37:85

    (Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!

  86. أَئِفۡكًا ءَالِهَةٗ دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ

    Open ayah 37:86

    Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!

  87. فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 37:87

    Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)

  88. فَنَظَرَ نَظۡرَةٗ فِي ٱلنُّجُومِ

    Open ayah 37:88

    Жылдыздарга бир карап алып:

  89. فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٞ

    Open ayah 37:89

    «Мен ооруп турам» – деди. [1]

    1. Шарият боюнча душманга жалган сүйлөсө болот. Мушриктер Ибрахимдин душманы эле.
  90. فَتَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ مُدۡبِرِينَ 

    Open ayah 37:90

    Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.

  91. فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمۡ فَقَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ

    Open ayah 37:91

    Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,

  92. مَا لَكُمۡ لَا تَنطِقُونَ

    Open ayah 37:92

    Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.

  93. فَرَاغَ عَلَيۡهِمۡ ضَرۡبَۢا بِٱلۡيَمِينِ

    Open ayah 37:93

    Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).

  94. فَأَقۡبَلُوٓاْ إِلَيۡهِ يَزِفُّونَ

    Open ayah 37:94

    (Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)

  95. قَالَ أَتَعۡبُدُونَ مَا تَنۡحِتُونَ

    Open ayah 37:95

    Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!

  96. وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ

    Open ayah 37:96

    Силерди да, силердин ишиңерди [1] да Аллах жараткан!

    1. Силер тер төгүп, иштеп, жонуп жасаган мына бул «кудайыңарды».
  97. قَالُواْ ٱبۡنُواْ لَهُۥ بُنۡيَٰنٗا فَأَلۡقُوهُ فِي ٱلۡجَحِيمِ

    Open ayah 37:97

    (Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!

  98. فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ

    Open ayah 37:98

    Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук. [1]

    1. Ибрахимди чоң жалынга ыргытышып, аны жеңдик, кутулдук деп калышкан. Бирок, Аллахтын амалкерлиги жогору келди. Ал отко «Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол!» деп буйрук берди. От дагы Аллахтын бир пендеси. Буйрукка моюн сунду. Ибрахим оттун ичинен аман-эсен чыгып келип, бул кежирленген, таш боор элден, каапыр атадан түңүлүп, баш алып кетүүнү каалады.
  99. وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّي سَيَهۡدِينِ

    Open ayah 37:99

    (Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)

  100. رَبِّ هَبۡ لِي مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ 

    Open ayah 37:100

    «Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».

  101. فَبَشَّرۡنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٖ 

    Open ayah 37:101

    Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.

  102. فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعۡيَ قَالَ يَٰبُنَيَّ إِنِّيٓ أَرَىٰ فِي ٱلۡمَنَامِ أَنِّيٓ أَذۡبَحُكَ فَٱنظُرۡ مَاذَا تَرَىٰۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُۖ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ 

    Open ayah 37:102

    Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».

  103. فَلَمَّآ أَسۡلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلۡجَبِينِ 

    Open ayah 37:103

    Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…

  104. وَنَٰدَيۡنَٰهُ أَن يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ 

    Open ayah 37:104

    «Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.

  105. قَدۡ صَدَّقۡتَ ٱلرُّءۡيَآۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ 

    Open ayah 37:105

    Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».

  106. إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡبَلَٰٓؤُاْ ٱلۡمُبِينُ 

    Open ayah 37:106

    Чынында, бул анык сыноо болгон.

  107. وَفَدَيۡنَٰهُ بِذِبۡحٍ عَظِيمٖ 

    Open ayah 37:107

    Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик. [1]

    1. Ал курмандыктын «улук» деп аталганынын себеби, аны улук пайгамбар, улук баласынын ордуна курман чалды. Ал «улук курмандык» Аллах бейиштен жиберген кочкор эле.
  108. وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ 

    Open ayah 37:108

    Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

  109. سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ 

    Open ayah 37:109

    Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!

  110. كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ 

    Open ayah 37:110

    Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

  111. إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 37:111

    Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.

  112. وَبَشَّرۡنَٰهُ بِإِسۡحَٰقَ نَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

    Open ayah 37:112

    Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.

  113. وَبَٰرَكۡنَا عَلَيۡهِ وَعَلَىٰٓ إِسۡحَٰقَۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحۡسِنٞ وَظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ مُبِينٞ

    Open ayah 37:113

    Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.

  114. وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ

    Open ayah 37:114

    Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.

  115. وَنَجَّيۡنَٰهُمَا وَقَوۡمَهُمَا مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ

    Open ayah 37:115

    Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.

  116. وَنَصَرۡنَٰهُمۡ فَكَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ

    Open ayah 37:116

    Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.

  117. وَءَاتَيۡنَٰهُمَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلۡمُسۡتَبِينَ

    Open ayah 37:117

    Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,

  118. وَهَدَيۡنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ

    Open ayah 37:118

    Туура жолго баштадык.

  119. وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِمَا فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

    Open ayah 37:119

    Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

  120. سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ 

    Open ayah 37:120

    Муса менен Харунга салам болсун!

  121. إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

    Open ayah 37:121

    Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

  122. إِنَّهُمَا مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 37:122

    Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.

  123. وَإِنَّ إِلۡيَاسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 37:123

    Иляс дагы пайгамбарлардан эле. [1]

    1. Иляс пайгамбар Шам жериндеги бир элге жиберилген. Анын коому «Баьл» деген чоң бутка сыйынган.
  124. إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ

    Open ayah 37:124

    Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

  125. أَتَدۡعُونَ بَعۡلٗا وَتَذَرُونَ أَحۡسَنَ ٱلۡخَٰلِقِينَ

    Open ayah 37:125

    Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!

  126. ٱللَّهَ رَبَّكُمۡ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 37:126

    Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»

  127. فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ

    Open ayah 37:127

    Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.

  128. إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

    Open ayah 37:128

    Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).

  129. وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ

    Open ayah 37:129

    Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

  130. سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلۡ يَاسِينَ

    Open ayah 37:130

    Иляска (Аллахтан) салам болсун!

  131. إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ

    Open ayah 37:131

    Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

  132. إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 37:132

    Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.

  133. وَإِنَّ لُوطٗا لَّمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 37:133

    Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.

  134. إِذۡ نَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 37:134

    Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.

  135. إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ

    Open ayah 37:135

    Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).

  136. ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ

    Open ayah 37:136

    Анан Биз башкаларды кыйраттык.

  137. وَإِنَّكُمۡ لَتَمُرُّونَ عَلَيۡهِم مُّصۡبِحِينَ

    Open ayah 37:137

    (Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен

  138. وَبِٱلَّيۡلِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

    Open ayah 37:138

    жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

  139. وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 37:139

    Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.

  140. إِذۡ أَبَقَ إِلَى ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ 

    Open ayah 37:140

    Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду. [1]

    1. Бирок, жолдо добул туруп, кеме чайпалып баштаганда кемедегилер чучукулак тартышып, кимге түшсө, аны ыргытууга макулдашышат.
  141. فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ

    Open ayah 37:141

    Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.

  142. فَٱلۡتَقَمَهُ ٱلۡحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٞ

    Open ayah 37:142

    Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.

  143. فَلَوۡلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُسَبِّحِينَ

    Open ayah 37:143

    Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,

  144. لَلَبِثَ فِي بَطۡنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

    Open ayah 37:144

    Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.

  145. ۞فَنَبَذۡنَٰهُ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٞ

    Open ayah 37:145

    Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле. [1]

    1. Аллах китке буюрганда, жээкке бүркүп жиберди. Юнус бир нече күн наар албай, караңгы курсакта болгондуктан, чала жан болуп, козголгонго да алы келбей сулап калды.
  146. وَأَنۢبَتۡنَا عَلَيۡهِ شَجَرَةٗ مِّن يَقۡطِينٖ

    Open ayah 37:146

    Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук. [1]

    1. Себеби, анын жалбырагы чоң жана ашкабак бар жерге чымын-чиркей келбейт экен.
  147. وَأَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلۡفٍ أَوۡ يَزِيدُونَ

    Open ayah 37:147

    Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.

  148. فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ

    Open ayah 37:148

    Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.

  149. فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَلِرَبِّكَ ٱلۡبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلۡبَنُونَ

    Open ayah 37:149

    (Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү? [1]

    1. Курайш мушриктери периштелерди Аллахтын кыздары, алар Аллах менен жиндердин никесинен туулган деген каапырчылык пикирде болушкан.
  150. أَمۡ خَلَقۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثٗا وَهُمۡ شَٰهِدُونَ 

    Open ayah 37:150

    Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!

  151. أَلَآ إِنَّهُم مِّنۡ إِفۡكِهِمۡ لَيَقُولُونَ

    Open ayah 37:151

    Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:

  152. وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ

    Open ayah 37:152

    «Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!

  153. أَصۡطَفَى ٱلۡبَنَاتِ عَلَى ٱلۡبَنِينَ

    Open ayah 37:153

    (Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!

  154. مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ

    Open ayah 37:154

    Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!

  155. أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

    Open ayah 37:155

    (Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!

  156. أَمۡ لَكُمۡ سُلۡطَٰنٞ مُّبِينٞ

    Open ayah 37:156

    Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)

  157. فَأۡتُواْ بِكِتَٰبِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

    Open ayah 37:157

    (Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!

  158. وَجَعَلُواْ بَيۡنَهُۥ وَبَيۡنَ ٱلۡجِنَّةِ نَسَبٗاۚ وَلَقَدۡ عَلِمَتِ ٱلۡجِنَّةُ إِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ

    Open ayah 37:158

    Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!

  159. سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ

    Open ayah 37:159

    Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!

  160. إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ 

    Open ayah 37:160

    Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).

  161. فَإِنَّكُمۡ وَمَا تَعۡبُدُونَ

    Open ayah 37:161

    (Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

  162. مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ بِفَٰتِنِينَ

    Open ayah 37:162

    эч кимди адаштыра албайсыңар!

  163. إِلَّا مَنۡ هُوَ صَالِ ٱلۡجَحِيمِ

    Open ayah 37:163

    (Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).

  164. وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٞ مَّعۡلُومٞ

    Open ayah 37:164

    (Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.

  165. وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلصَّآفُّونَ

    Open ayah 37:165

    Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.

  166. وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلۡمُسَبِّحُونَ

    Open ayah 37:166

    Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).

  167. وَإِن كَانُواْ لَيَقُولُونَ

    Open ayah 37:167

    Алар айтышат:

  168. لَوۡ أَنَّ عِندَنَا ذِكۡرٗا مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 37:168

    «Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,

  169. لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

    Open ayah 37:169

    Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».

  170. فَكَفَرُواْ بِهِۦۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ 

    Open ayah 37:170

    Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.

  171. وَلَقَدۡ سَبَقَتۡ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 37:171

    Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:

  172. إِنَّهُمۡ لَهُمُ ٱلۡمَنصُورُونَ

    Open ayah 37:172

    «Чынында алар гана жардам берилген адамдар!

  173. وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلۡغَٰلِبُونَ

    Open ayah 37:173

    Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

  174. فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٖ

    Open ayah 37:174

    Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!

  175. وَأَبۡصِرۡهُمۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ

    Open ayah 37:175

    Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

  176. أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ

    Open ayah 37:176

    Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?! [1]

    1. Пайгамбарыбыздын «Шашпай тургула!» деген сөзүнө алар: «Качан келет ошол азаптуу күнүң?» деп мыскылдап жооп беришкен.
  177. فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمۡ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلۡمُنذَرِينَ

    Open ayah 37:177

    Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!

  178. وَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٖ

    Open ayah 37:178

    Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!

  179. وَأَبۡصِرۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ

    Open ayah 37:179

    Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

  180. سُبۡحَٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلۡعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ 

    Open ayah 37:180

    Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!

  181. وَسَلَٰمٌ عَلَى ٱلۡمُرۡسَلِينَ

    Open ayah 37:181

    Пайгамбарларга салам болсун!

  182. وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 37:182

    Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!