الحجر

Al-Hijr

The Rock · Surah 15 · Ayahs: 99 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ وَقُرۡءَانٖ مُّبِينٖ

    Open ayah 15:1

    Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин - Анык Курандын аяттары. [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн, 99 аяттан турат. "Хижр" деген сөз "өрөөн" деген мааниде.
  2. رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ كَانُواْ مُسۡلِمِينَ

    Open ayah 15:2

    (Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык. [1]

    1. Мушрик-каапырлар Кыямат коогалаңы башталганда же болбосо, Кыяматта кайра тирилип, өздөрү жалганга чыгарган нерсенин чындык экенин көргөндө каапыр болгонуна кайгырышат жана эгер кайра өмүр берилчү болсо, сөзсүз мусулман болобуз дешет.
  3. ذَرۡهُمۡ يَأۡكُلُواْ وَيَتَمَتَّعُواْ وَيُلۡهِهِمُ ٱلۡأَمَلُۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ

    Open ayah 15:3

    (О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат.

  4. وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٞ مَّعۡلُومٞ

    Open ayah 15:4

    Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмыш(ы) келмейинче өлтүрбөдүк.

  5. مَّا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ

    Open ayah 15:5

    Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт.

  6. وَقَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِي نُزِّلَ عَلَيۡهِ ٱلذِّكۡرُ إِنَّكَ لَمَجۡنُونٞ

    Open ayah 15:6

    (Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Куран) түшүрүлгөн адам, сен – жиндисиң.

  7. لَّوۡ مَا تَأۡتِينَا بِٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ

    Open ayah 15:7

    Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти. [1]

    1. Мушриктер залым, наадан болгону себептүү ушул сөздөрдү айткан. Анык далилдерди көрүп туруп, каршылык кылганы залымдыгы болсо, “периште келсин” деген талаптары наадандыктын белгиси. Анткени, Аллахтын периштелери келсе жөн келмек беле, аларга жаза-азап алып келет! Ал убакытта алардын азапка салынышы адилет-акыйкат болот.
  8. مَا نُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَمَا كَانُوٓاْ إِذٗا مُّنظَرِينَ

    Open ayah 15:8

    Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт!

  9. إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا ٱلذِّكۡرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ

    Open ayah 15:9

    «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз». [1]

    1. Куранды “Зикир” (эскерүү) деп атагандын себеби, анын ичинде турмуш-тиричиликтеги бардык адал-арамдар, Шарият эрежелери, кайып кабарлары... кыскасы бардык нерселердин эскерме - баяны бар. Аллах бул УЛУК МЫЙЗАМДЫ түшүрүп, аны Өз пайгамбарынын жүрөгүндө сактады. Абалкы момундар (сахабалар) аны пайгамбардын оозунан жазып алуу менен бирге жаттап, жүрөктөрүнө сактап, өздөрүнөн кийинки муундарга өткөрдү. Мына ушинтип, Куран Кыяматка чейин момундардын жүрөгүндө жана жазуу (китеп) түрүндө эч бир мааниси, эч бир сөз-тамгасы өзгөртүүгө учурабастан сакталып турат. Бул - Аллахтын убадасы! Бул - Аллахтын сактоосу!
  10. وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ فِي شِيَعِ ٱلۡأَوَّلِينَ 

    Open ayah 15:10

    Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз.

  11. وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

    Open ayah 15:11

    Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн.

  12. كَذَٰلِكَ نَسۡلُكُهُۥ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

    Open ayah 15:12

    Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз.

  13. لَا يُؤۡمِنُونَ بِهِۦ وَقَدۡ خَلَتۡ سُنَّةُ ٱلۡأَوَّلِينَ

    Open ayah 15:13

    (Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го!

  14. وَلَوۡ فَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَابٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّواْ فِيهِ يَعۡرُجُونَ

    Open ayah 15:14

    Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей):

  15. لَقَالُوٓاْ إِنَّمَا سُكِّرَتۡ أَبۡصَٰرُنَا بَلۡ نَحۡنُ قَوۡمٞ مَّسۡحُورُونَ

    Open ayah 15:15

    «Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет. [1]

    1. Демек, аларга эч кандай моожиза пайда бербейт. Ошондой даражада “сокур” болуп калган адамдарды жазалоо үчүн Аллах азап-өлүм жиберет.
  16. وَلَقَدۡ جَعَلۡنَا فِي ٱلسَّمَآءِ بُرُوجٗا وَزَيَّنَّٰهَا لِلنَّٰظِرِينَ

    Open ayah 15:16

    Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук.

  17. وَحَفِظۡنَٰهَا مِن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٍ

    Open ayah 15:17

    Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык. (Асманда Аллахтын кайып кабарлары бар. Жин-шайтандар ошол кабарларга жакын жолой албайт. Мунун себеби кийинки аятта.)

  18. إِلَّا مَنِ ٱسۡتَرَقَ ٱلسَّمۡعَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ مُّبِينٞ

    Open ayah 15:18

    Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт).

  19. وَٱلۡأَرۡضَ مَدَدۡنَٰهَا وَأَلۡقَيۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ وَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَيۡءٖ مَّوۡزُونٖ

    Open ayah 15:19

    Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк.

  20. وَجَعَلۡنَا لَكُمۡ فِيهَا مَعَٰيِشَ وَمَن لَّسۡتُمۡ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ 

    Open ayah 15:20

    Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык. [1]

    1. Аллах пенделерине ырыскы берүү үчүн аларга илхам берип, дыйканчылык, чарбачылык, өнөр-кесипчилик сыяктуу тиричилик шарттарын үйрөттү. Ал эми, адамдын кол астындагы кызматчыларына жана мал-жандыктарына да өзгөчө жашоо шарттарын Өзү жаратып берди. Адам кол астындагыларды “мен багып жатамын” деп текеберленбесин. Эгер Аллах себепчи кылбаса, ал өз ыктыяры менен бирөөгө эмес, өз курсагына да ырыскы таап бөре албайт.
  21. وَإِن مِّن شَيۡءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٖ مَّعۡلُومٖ

    Open ayah 15:21

    Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз.

  22. وَأَرۡسَلۡنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَسۡقَيۡنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمۡ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ

    Open ayah 15:22

    Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды [1] жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О,инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер. [2]

  23. وَإِنَّا لَنَحۡنُ نُحۡيِۦ وَنُمِيتُ وَنَحۡنُ ٱلۡوَٰرِثُونَ

    Open ayah 15:23

    Чынында, Биз гана тирилтип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз. [1]

    1. Аллахтын “Мурас алуучу” болушу акыр-акыбетте ааламдын баары жоголуп, жалгыз Өзү гана калышы менен түшүндүрүлөт.
  24. وَلَقَدۡ عَلِمۡنَا ٱلۡمُسۡتَقۡدِمِينَ مِنكُمۡ وَلَقَدۡ عَلِمۡنَا ٱلۡمُسۡتَـٔۡخِرِينَ

    Open ayah 15:24

    Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз.

  25. وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحۡشُرُهُمۡۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٞ

    Open ayah 15:25

    (О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышмаи (жана) Билерман.

  26. وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ

    Open ayah 15:26

    Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.

  27. وَٱلۡجَآنَّ خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ

    Open ayah 15:27

    Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз.

  28. وَإِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي خَٰلِقُۢ بَشَرٗا مِّن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ

    Open ayah 15:28

    (О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын.

  29. فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ

    Open ayah 15:29

    Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла» - деди.

  30. فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ 

    Open ayah 15:30

    Бардык периштелер сажда кылышты.

  31. إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰٓ أَن يَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ

    Open ayah 15:31

    Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты.

  32. قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ

    Open ayah 15:32

    (Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.

  33. قَالَ لَمۡ أَكُن لِّأَسۡجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقۡتَهُۥ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ

    Open ayah 15:33

    «Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.

  34. قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ

    Open ayah 15:34

    (Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!

  35. وَإِنَّ عَلَيۡكَ ٱللَّعۡنَةَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ

    Open ayah 15:35

    Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»

  36. قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

    Open ayah 15:36

    (Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»

  37. قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ

    Open ayah 15:37

    (Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң

  38. إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ

    Open ayah 15:38

    белгилүү убакытка чейин».

  39. قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 15:39

    (Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!

  40. إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ 

    Open ayah 15:40

    Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын. [1]

    1. Демек, ким ыкластуу (ыйманы жалаң Аллах үчүн) болсо, аларга шайтандын азгырыгы таасир этпейт.
  41. قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَيَّ مُسۡتَقِيمٌ

    Open ayah 15:41

    (Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.

  42. إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡغَاوِينَ

    Open ayah 15:42

    Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).

  43. وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوۡعِدُهُمۡ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 15:43

    Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!

  44. لَهَا سَبۡعَةُ أَبۡوَٰبٖ لِّكُلِّ بَابٖ مِّنۡهُمۡ جُزۡءٞ مَّقۡسُومٌ

    Open ayah 15:44

    Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).

  45. إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

    Open ayah 15:45

    Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.

  46. ٱدۡخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ

    Open ayah 15:46

    (Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).

  47. وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلٍّ إِخۡوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ

    Open ayah 15:47

    Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).

  48. لَا يَمَسُّهُمۡ فِيهَا نَصَبٞ وَمَا هُم مِّنۡهَا بِمُخۡرَجِينَ

    Open ayah 15:48

    Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.

  49. ۞نَبِّئۡ عِبَادِيٓ أَنِّيٓ أَنَا ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

    Open ayah 15:49

    (О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!

  50. وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ ٱلۡعَذَابُ ٱلۡأَلِيمُ 

    Open ayah 15:50

    Чынында менин азабым - жан ооруткан азап!

  51. وَنَبِّئۡهُمۡ عَن ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ

    Open ayah 15:51

    (О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир: [1]

    1. Ибрахимдин меймандары Лут пайгамбардын коомуна Аллахтын азабын алып келген, жаш жигит кейпиндеги периштелер.
  52. إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗا قَالَ إِنَّا مِنكُمۡ وَجِلُونَ

    Open ayah 15:52

    Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди.

  53. قَالُواْ لَا تَوۡجَلۡ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ

    Open ayah 15:53

    «Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз». [1]

    1. Периштелер кабарын берген бул “илимдүү бала” Исхак болчу.
  54. قَالَ أَبَشَّرۡتُمُونِي عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِيَ ٱلۡكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ

    Open ayah 15:54

    (Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?”

  55. قَالُواْ بَشَّرۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡقَٰنِطِينَ

    Open ayah 15:55

    «Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти.

  56. قَالَ وَمَن يَقۡنَطُ مِن رَّحۡمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ

    Open ayah 15:56

    (Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат.

  57. قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ

    Open ayah 15:57

    (Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»

  58. قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ

    Open ayah 15:58

    Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз.

  59. إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمۡ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 15:59

    Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз.

  60. إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ قَدَّرۡنَآ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ 

    Open ayah 15:60

    Аялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык».

  61. فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلُونَ

    Open ayah 15:61

    Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде,

  62. قَالَ إِنَّكُمۡ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ

    Open ayah 15:62

    Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди.

  63. قَالُواْ بَلۡ جِئۡنَٰكَ بِمَا كَانُواْ فِيهِ يَمۡتَرُونَ

    Open ayah 15:63

    (Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик.

  64. وَأَتَيۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ

    Open ayah 15:64

    Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз.

  65. فَأَسۡرِ بِأَهۡلِكَ بِقِطۡعٖ مِّنَ ٱلَّيۡلِ وَٱتَّبِعۡ أَدۡبَٰرَهُمۡ وَلَا يَلۡتَفِتۡ مِنكُمۡ أَحَدٞ وَٱمۡضُواْ حَيۡثُ تُؤۡمَرُونَ

    Open ayah 15:65

    Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле».

  66. وَقَضَيۡنَآ إِلَيۡهِ ذَٰلِكَ ٱلۡأَمۡرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰٓؤُلَآءِ مَقۡطُوعٞ مُّصۡبِحِينَ

    Open ayah 15:66

    Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы» [1] жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык.

    1. «Куйругу кыркылат» деген сөз алардан эч укум-тукум калбай, бардыгы кыйрайт деген мааниде.
  67. وَجَآءَ أَهۡلُ ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡتَبۡشِرُونَ

    Open ayah 15:67

    Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти. [1]

    1. Себеби, алар бачабаз адамдар эле. Луттун үйүнө эки сулуу жигит келди деген кабарды Луттун ыймансыз аялынан укканда, ошол эки “сулуу жигиттин” ышкысында жарышып келип, көздөрү кызарып турушту.
  68. قَالَ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ ضَيۡفِي فَلَا تَفۡضَحُونِ

    Open ayah 15:68

    (Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла!

  69. وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُخۡزُونِ

    Open ayah 15:69

    Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди.

  70. قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ نَنۡهَكَ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ 

    Open ayah 15:70

    (Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!» [1]

    1. “Ааламдын ар жагынан келген адамдарды үйүңө жашырбай жүр” дебедик беле”
  71. قَالَ هَٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِيٓ إِن كُنتُمۡ فَٰعِلِينَ

    Open ayah 15:71

    (Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди. [1]

    1. Лут бул сөзү менен кыздарын аларга сунуш кылган жок. Анткени, пайгамбар – эл атасы. Коомдогу бардык аялдар, анын арасында бачабаздардын аялдары дагы Луттун кыздары болуп саналгандыктан, Луттун бул сөзүн "өз аялдарыңар менен эле кумарыңарды кандыра бергиле, бачабаздык кылбагыла" деген мааниде түшүнүлөт.
  72. لَعَمۡرُكَ إِنَّهُمۡ لَفِي سَكۡرَتِهِمۡ يَعۡمَهُونَ

    Open ayah 15:72

    (О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле! [1]

    1. Ошондуктан, Луттун сөзү аларга таасир бербеди. Бирок, эки жигит-периште Лутка абалды түшүндүрүп, көздөн кайым болуп кетишти. Лут дагы үй-бүлөсүн чыгарып кетти. Аялы артта калып калган...
  73. فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ مُشۡرِقِينَ

    Open ayah 15:73

    Анан, Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады. [1]

    1. Кайыптан келген бул айкырык азаптын башталышы болчу.
  74. فَجَعَلۡنَا عَٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن سِجِّيلٍ

    Open ayah 15:74

    Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык!

  75. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡمُتَوَسِّمِينَ

    Open ayah 15:75

    Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

  76. وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٖ مُّقِيمٍ

    Open ayah 15:76

    Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда. [1]

    1. Ары-бери өткөндөр анын урандыларын көрүп, каапырлардын акыбети кандай болоорун билсин!
  77. إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 15:77

    Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

  78. وَإِن كَانَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأَيۡكَةِ لَظَٰلِمِينَ

    Open ayah 15:78

    Бак-бостон кожоюндары залым (каапыр) болушкан. [1]

    1. Булар Шуайб пайгамбардын кооз-сонун бак-бостондуу мекенде бай-бардар турмушта жашаган коому. Бирок, ушул нээматка шүгүр кылып, жалгыз Аллахка сыйынып жашоонун ордуна таш-таразадан кыянат кылуу адатын өнөкөт кылып алышкан. Шуайб аларды ак жолго кайтарууга ар канча аракет кылса да пайда бербей, кайра динге душманчылыктары күчөй бергенде Аллах аларга да ач айкырык жиберип, кыйратып салган.
  79. فَٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٖ مُّبِينٖ

    Open ayah 15:79

    Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда.

  80. وَلَقَدۡ كَذَّبَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡحِجۡرِ ٱلۡمُرۡسَلِينَ 

    Open ayah 15:80

    «Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти. [1]

    1. “Хижр” бул Хижаз жериндеги бир өрөөндүн аты. Ал жерде күч кубаттуу элдер Салих пайгамбардын коому жашаган. Алар Салихтин пайгамбарчылыгын жалганга чыгарып, Жалгыз Аллахка сыйынбай коюшат. Бардык пайгамбарлар бир Аллах тарабынан жөнөтүлүп, дааваттарынын мазмуну дагы бир болгондуктан, кимде-ким бир гана пайгамбарга ишенбесе, бардык пайгамбарларга ишенбеген болуп саналат. Ошондуктан аятта бир гана Салихти жалганчыга чыгарган коом жөнүндө “Пайгамбарларды жалганчыга чыгарды” деп айтылууда.
  81. وَءَاتَيۡنَٰهُمۡ ءَايَٰتِنَا فَكَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ

    Open ayah 15:81

    Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.

  82. وَكَانُواْ يَنۡحِتُونَ مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتًا ءَامِنِينَ

    Open ayah 15:82

    Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.

  83. فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ مُصۡبِحِينَ

    Open ayah 15:83

    Анан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).

  84. فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ

    Open ayah 15:84

    Жасаган нерселери аларга пайда берген жок! [1]

    1. Аллахтын азабы келгенде таштан жасалган үй болобу, санаксыз аскер болобу же ашып-ташкан мал-мүлкү болобу, эч бири пайда бербейт.
  85. وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَأٓتِيَةٞۖ فَٱصۡفَحِ ٱلصَّفۡحَ ٱلۡجَمِيلَ

    Open ayah 15:85

    Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр.

  86. إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلۡخَلَّٰقُ ٱلۡعَلِيمُ

    Open ayah 15:86

    Албетте, сенин Раббиң - Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү!

  87. وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَٰكَ سَبۡعٗا مِّنَ ٱلۡمَثَانِي وَٱلۡقُرۡءَانَ ٱلۡعَظِيمَ

    Open ayah 15:87

    Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Куранды бердик. [1]

    1. Бул аяттагы “жети кайталаиуучу” алар: «Бакара», «Аалы Имран», «Ниса», «Маида», «Аньам», «Аьраф», «Анфал» жана «Тауба» сүрөлөрүнөн турган жети узун сүрөлөр же болбосо, жети аяттан турган жана намаздын ар бир ирекетинде кайталана турган “Фатиха” сүрөсү.
  88. لَا تَمُدَّنَّ عَيۡنَيۡكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعۡنَا بِهِۦٓ أَزۡوَٰجٗا مِّنۡهُمۡ وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَٱخۡفِضۡ جَنَاحَكَ لِلۡمُؤۡمِنِينَ

    Open ayah 15:88

    Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллахтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын!

  89. وَقُلۡ إِنِّيٓ أَنَا ٱلنَّذِيرُ ٱلۡمُبِينُ

    Open ayah 15:89

    Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн!

  90. كَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَى ٱلۡمُقۡتَسِمِينَ 

    Open ayah 15:90

    Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк.

  91. ٱلَّذِينَ جَعَلُواْ ٱلۡقُرۡءَانَ عِضِينَ

    Open ayah 15:91

    Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты! [1]

    1. Мекке мушриктеринин кээ бирлери Куранды "бул сыйкыр" десе, башкалары "жок, бул бакшылык" деп, ар кандай бөлүктөргө бөлүнүшкөн. Ошондой эле, яхудилер менен христиандар дагы Куран аяттарынын арасынан өз каалоолоруна дал келгенин гана "туура" деп тастыктап, калганына ишенбей коюу менен Куранды ажыратышкан. Алар өздөрүнө түшүрүлгөн Тоорат менен Инжил китептериндеги көп аяттардын маанисин да ушул сыяктуу бөлүп, бурмалашкан.
  92. فَوَرَبِّكَ لَنَسۡـَٔلَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

    Open ayah 15:92

    Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.

  93. عَمَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

    Open ayah 15:93

    жасаган иштерине жараша!

  94. فَٱصۡدَعۡ بِمَا تُؤۡمَرُ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

    Open ayah 15:94

    (Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!

  95. إِنَّا كَفَيۡنَٰكَ ٱلۡمُسۡتَهۡزِءِينَ

    Open ayah 15:95

    Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.

  96. ٱلَّذِينَ يَجۡعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ

    Open ayah 15:96

    Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.

  97. وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدۡرُكَ بِمَا يَقُولُونَ

    Open ayah 15:97

    Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.

  98. فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ

    Open ayah 15:98

    Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!

  99. وَٱعۡبُدۡ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأۡتِيَكَ ٱلۡيَقِينُ

    Open ayah 15:99

    Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!