الدخان
Ad-Dukhaan
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
حمٓ
Open ayah 44:1Хаа, Миим. [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 59 аяттан турат. «Духан»дын мааниси «Түтүн».
وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ
Open ayah 44:2Ачык баяндоочу Китепке ант!
إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةٖ مُّبَٰرَكَةٍۚ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ
Open ayah 44:3Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.
فِيهَا يُفۡرَقُ كُلُّ أَمۡرٍ حَكِيمٍ
Open ayah 44:4Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет. [1]
- Рамазан айынын ыйык Кадыр түнүндө Аллах таала Өз алдындагы Тагдыр Китеби Лавхул-Мавхузда белгиленген жана ошол жылы ишке аша турган тагдырларды, ырыскыларды, өмүр жана өлүмдү жана башка иштерди аткаруучу, жазуучу периштелерге дагы бир ирет белгилеп берет.
أَمۡرٗا مِّنۡ عِندِنَآۚ إِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ
Open ayah 44:5Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз.
رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Open ayah 44:6Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү!
رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ
Open ayah 44:7(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси!
لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ رَبُّكُمۡ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Open ayah 44:8Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси!
بَلۡ هُمۡ فِي شَكّٖ يَلۡعَبُونَ
Open ayah 44:9Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда!
فَٱرۡتَقِبۡ يَوۡمَ تَأۡتِي ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٖ مُّبِينٖ
Open ayah 44:10Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт. [1]
- Кыяматта күнөөкөр пенделерди тозокко жакын алып келингенде, аларды тозоктун түтүнү ороп алат. (Садий)
يَغۡشَى ٱلنَّاسَۖ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٞ
Open ayah 44:11Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат.
رَّبَّنَا ٱكۡشِفۡ عَنَّا ٱلۡعَذَابَ إِنَّا مُؤۡمِنُونَ
Open ayah 44:12(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет).
أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكۡرَىٰ وَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مُّبِينٞ
Open ayah 44:13Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген.
ثُمَّ تَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ وَقَالُواْ مُعَلَّمٞ مَّجۡنُونٌ
Open ayah 44:14(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти.
إِنَّا كَاشِفُواْ ٱلۡعَذَابِ قَلِيلًاۚ إِنَّكُمۡ عَآئِدُونَ
Open ayah 44:15Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар.
يَوۡمَ نَبۡطِشُ ٱلۡبَطۡشَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ
Open ayah 44:16(Анан) чоң азап менен азапталган күнү [1] Биз силерден өч алдык.
- Бул – Курайш мушриктеринин башына түшкөн «Бадр» согушундагы жеңилүү күнү.
۞وَلَقَدۡ فَتَنَّا قَبۡلَهُمۡ قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ وَجَآءَهُمۡ رَسُولٞ كَرِيمٌ
Open ayah 44:17Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди.
أَنۡ أَدُّوٓاْ إِلَيَّ عِبَادَ ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Open ayah 44:18(Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла! [1] Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын.
- Анын милдети Фараондун кол астында кул болгон Исраил урпактарын азаттыкка чыгарып, өздөрүнүн түпкү мекени Палестинага кайтаруу болгон.
وَأَن لَّا تَعۡلُواْ عَلَى ٱللَّهِۖ إِنِّيٓ ءَاتِيكُم بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Open ayah 44:19Өзүңөрдү Аллахтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим.
وَإِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمۡ أَن تَرۡجُمُونِ
Open ayah 44:20Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын.
وَإِن لَّمۡ تُؤۡمِنُواْ لِي فَٱعۡتَزِلُونِ
Open ayah 44:21Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمٞ مُّجۡرِمُونَ
Open ayah 44:22Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)» – деп дуба кылды.
فَأَسۡرِ بِعِبَادِي لَيۡلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ
Open ayah 44:23(Аллах анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат» - деп, (вахий кылды). (Фараон аларга жетейин деп калганда Аллах таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деңизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн таягын саздап калганда, Аллах таала, алардын артынан келген Фараоун аскерлерин деңиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага:)
وَٱتۡرُكِ ٱلۡبَحۡرَ رَهۡوًاۖ إِنَّهُمۡ جُندٞ مُّغۡرَقُونَ
Open ayah 44:24«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» – деди.
كَمۡ تَرَكُواْ مِن جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Open ayah 44:25Алар нечендеген бактарды, булактарды,
وَزُرُوعٖ وَمَقَامٖ كَرِيمٖ
Open ayah 44:26Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды
وَنَعۡمَةٖ كَانُواْ فِيهَا فَٰكِهِينَ
Open ayah 44:27Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти).
كَذَٰلِكَۖ وَأَوۡرَثۡنَٰهَا قَوۡمًا ءَاخَرِينَ
Open ayah 44:28Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исраил урпактарына) мурастап бердик.
فَمَا بَكَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَا كَانُواْ مُنظَرِينَ
Open ayah 44:29Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок! [1]
- Фараон деңиз койнунда калып, өлүмү көзүнө көрүнүп калганда, «Мен Мусанын Кудайына ыйман келтирдим!» деп зар какшайт. Бирок, бул ыйман кабыл болбоду жана тообо келтирип башкадан жашоосуна мөөнөт берилбеди.
وَلَقَدۡ نَجَّيۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡمُهِينِ
Open ayah 44:30Биз Исраил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан –
مِن فِرۡعَوۡنَۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيٗا مِّنَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Open ayah 44:31Фараондон куткардык. Ал өзүн (Аллахтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле.
وَلَقَدِ ٱخۡتَرۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ عِلۡمٍ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ
Open ayah 44:32Биз билген абалда аларды (Исраил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек.
وَءَاتَيۡنَٰهُم مِّنَ ٱلۡأٓيَٰتِ مَا فِيهِ بَلَٰٓؤٞاْ مُّبِينٌ
Open ayah 44:33Жана аларга анык сыноолорду [1] ичине камтыган моожизаларды бердик.
- Бирок, алар сыноодон өтө албай, «тандалган улут» деген наамга ылайык эместигин көргөзүштү. Муса пайгамбарды кыйнап, тажатып: «Бизге Раббиңди көргөз» дегенге чейинки каапырчылыкка барышты.
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ
Open ayah 44:34Алар (Курайш каапырлары) айтышты:
إِنۡ هِيَ إِلَّا مَوۡتَتُنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُنشَرِينَ
Open ayah 44:35«Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз.
فَأۡتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Open ayah 44:36Эгер силер (оо, момундар) чынчыл болсоңор, [1] биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»
- «Адам наркы дүйнөдө кайра тирилет» деген сөзүңөрдө.
أَهُمۡ خَيۡرٌ أَمۡ قَوۡمُ تُبَّعٖ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ
Open ayah 44:37Ушулар (Мекке мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба [1] коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле.
- «Тубба» - бул байыркы Йемен падышаларынын аты.
وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا لَٰعِبِينَ
Open ayah 44:38Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок.
مَا خَلَقۡنَٰهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Open ayah 44:39Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.
إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ مِيقَٰتُهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Open ayah 44:40Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы.
يَوۡمَ لَا يُغۡنِي مَوۡلًى عَن مَّوۡلٗى شَيۡـٔٗا وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Open ayah 44:41Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт.
إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Open ayah 44:42Бир гана Аллах ырайым кылган кишилерге (Аллах тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу.
إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ
Open ayah 44:43(Тозоктогу) «Заккум» дарагы –
طَعَامُ ٱلۡأَثِيمِ
Open ayah 44:44Күнөөкөр адамдардын тамагы.
كَٱلۡمُهۡلِ يَغۡلِي فِي ٱلۡبُطُونِ
Open ayah 44:45Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу!
كَغَلۡيِ ٱلۡحَمِيمِ
Open ayah 44:46Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу!
خُذُوهُ فَٱعۡتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ
Open ayah 44:47«Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»
ثُمَّ صُبُّواْ فَوۡقَ رَأۡسِهِۦ مِنۡ عَذَابِ ٱلۡحَمِيمِ
Open ayah 44:48Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»
ذُقۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡكَرِيمُ
Open ayah 44:49(Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең!
إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمۡتَرُونَ
Open ayah 44:50Бул – силер ишенбеген азаптар!
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي مَقَامٍ أَمِينٖ
Open ayah 44:51Ал эми, такыба кишилер тынч-бейпил жерлерде,
فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Open ayah 44:52Бейиштерде, булактарда,
يَلۡبَسُونَ مِن سُندُسٖ وَإِسۡتَبۡرَقٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Open ayah 44:53«Истабрак» жана «Сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат.
كَذَٰلِكَ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ
Open ayah 44:54Ошондой эле, Биз аларды жал-жал көз сулууларга үйлөнтүп койобуз.
يَدۡعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ
Open ayah 44:55Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат.
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلۡمَوۡتَ إِلَّا ٱلۡمَوۡتَةَ ٱلۡأُولَىٰۖ وَوَقَىٰهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ
Open ayah 44:56Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллах) аларды тозок азабынан сактаган.
فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكَۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Open ayah 44:57(Бул) – Раббиңден болгон пазилет! Бул – чоң жеңиш!
فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Open ayah 44:58(Оо, Мухаммад!) Биз аны (Куранды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук.
فَٱرۡتَقِبۡ إِنَّهُم مُّرۡتَقِبُونَ
Open ayah 44:59Эми сен (Аллах алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө.