الواقعة
Al-Waaqia
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ
Open ayah 56:1(Кыяматтык) окуя болгондо... [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 96 аяттан турат. "Вакеа" "Окуя" деген мааниде.
لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ
Open ayah 56:2Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.
خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ
Open ayah 56:3Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү. [1]
- Куранда кыяматтын бир нече аталыштарынын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле (бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.
إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا
Open ayah 56:4Жер катуу силкинип, титирегенде...,
وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا
Open ayah 56:5Тоолор дагы талкаланып,
فَكَانَتۡ هَبَآءٗ مُّنۢبَثّٗا
Open ayah 56:6чаң-тозонго айланганда...,
وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجٗا ثَلَٰثَةٗ
Open ayah 56:7Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:
فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ
Open ayah 56:8Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!
وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ
Open ayah 56:9Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!
وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ
Open ayah 56:10Алдыңкылар – алдыңкылар.
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡمُقَرَّبُونَ
Open ayah 56:11Ошолор (Аллахка) жакын болгондор! [1]
- Үч тайпанын биринчиси, амал баракчасы (китеби) оң тарабынан берилген оң тарап ээлери, экинчиси амал баракчасы сол тарабынан берилген сол тарап ээлери. Ал эми үчүнчүсү - эң бактылуу адамдар. Алар - алдыңкылар! Алар Жалгыз Аллахка ибадат кылууда ар дайым алдыңкы сапта турган пайгамбарлар, олуялар, салихтер,шейиттер. Алар бейишке да эң алдыңкы болуп киришет.
فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Open ayah 56:12Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.
ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ
Open ayah 56:13Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.
وَقَلِيلٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ
Open ayah 56:14Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).
عَلَىٰ سُرُرٖ مَّوۡضُونَةٖ
Open ayah 56:15Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө
مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيۡهَا مُتَقَٰبِلِينَ
Open ayah 56:16жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.
يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ
Open ayah 56:17(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,
بِأَكۡوَابٖ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٖ مِّن مَّعِينٖ
Open ayah 56:18Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.
لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ
Open ayah 56:19Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.
وَفَٰكِهَةٖ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ
Open ayah 56:20(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,
وَلَحۡمِ طَيۡرٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ
Open ayah 56:21табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).
وَحُورٌ عِينٞ
Open ayah 56:22Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.
كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ
Open ayah 56:23(Седепте) жашынган бермет сыяктуу!
جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Open ayah 56:24Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!
لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا تَأۡثِيمًا
Open ayah 56:25(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.
إِلَّا قِيلٗا سَلَٰمٗا سَلَٰمٗا
Open ayah 56:26Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.
وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ
Open ayah 56:27Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!
فِي سِدۡرٖ مَّخۡضُودٖ
Open ayah 56:28(Алар) тикенсиз «Сидр» [1] дарагынын арасында,
- "Сидр" деген жыпар жыттуу бирок, тикенектүү дарак бар. Ал эми бейиштеги Сидр дарагы ушуга окшогон эле жыпар жыттуу, а бирок тикенексиз болот.
وَطَلۡحٖ مَّنضُودٖ
Open ayah 56:29Мөмөлүү банан бактарында,
وَظِلّٖ مَّمۡدُودٖ
Open ayah 56:30Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,
وَمَآءٖ مَّسۡكُوبٖ
Open ayah 56:31(Шар) аккан суулар(дын боюн)да,
وَفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ
Open ayah 56:32Көп мөмө-жемиштердин ичинде
لَّا مَقۡطُوعَةٖ وَلَا مَمۡنُوعَةٖ
Open ayah 56:33Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн [1]
- Бул дүйнөнүн мөмөлөрү кыш мезгилинде түгөнүп калат. Ал эми бейиште, кыш, суук деген жок. Мөмө-жемиштер эч түгөнбөй бышып турат.
وَفُرُشٖ مَّرۡفُوعَةٍ
Open ayah 56:34(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!
إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءٗ
Open ayah 56:35Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык. [1]
- Аллах таала аларды ошол турпатында жараткан.Алар дүйнө сулуулары сыяктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес.
فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا
Open ayah 56:36Биз аларды бикир [1] кылып жаратып,
- Бикир – күйөөгө тийбеген кыз.
عُرُبًا أَتۡرَابٗا
Open ayah 56:37Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,
لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ
Open ayah 56:38Оң тарап ээлери үчүн.
ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ
Open ayah 56:39Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.
وَثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ
Open ayah 56:40Акыркылардан болгон жамааттар.
وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ
Open ayah 56:41Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!
فِي سَمُومٖ وَحَمِيمٖ
Open ayah 56:42Алар «самум» менен «хамимдин!» [1] ичинде
- «Самум» – бул тозоктогу ысык шамал, ал эми «хамим» – кайнаган суу
وَظِلّٖ مِّن يَحۡمُومٖ
Open ayah 56:43жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!
لَّا بَارِدٖ وَلَا كَرِيمٍ
Open ayah 56:44Анын салкыны да жок, көркү да жок.
إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ
Open ayah 56:45Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.
وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ
Open ayah 56:46Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.
وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ
Open ayah 56:47Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ
Open ayah 56:48Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.
قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ
Open ayah 56:49(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,
لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ
Open ayah 56:50Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.
ثُمَّ إِنَّكُمۡ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلۡمُكَذِّبُونَ
Open ayah 56:51Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,
لَأٓكِلُونَ مِن شَجَرٖ مِّن زَقُّومٖ
Open ayah 56:52«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!
فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ
Open ayah 56:53Аны менен курсагыңарды толтуруп,
فَشَٰرِبُونَ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡحَمِيمِ
Open ayah 56:54Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.
فَشَٰرِبُونَ شُرۡبَ ٱلۡهِيمِ
Open ayah 56:55Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
هَٰذَا نُزُلُهُمۡ يَوۡمَ ٱلدِّينِ
Open ayah 56:56Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!
نَحۡنُ خَلَقۡنَٰكُمۡ فَلَوۡلَا تُصَدِّقُونَ
Open ayah 56:57(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!
أَفَرَءَيۡتُم مَّا تُمۡنُونَ
Open ayah 56:58Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?
ءَأَنتُمۡ تَخۡلُقُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡخَٰلِقُونَ
Open ayah 56:59Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?
نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَيۡنَكُمُ ٱلۡمَوۡتَ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ
Open ayah 56:60Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,
عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمۡثَٰلَكُمۡ وَنُنشِئَكُمۡ فِي مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Open ayah 56:61Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.
وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُولَىٰ فَلَوۡلَا تَذَكَّرُونَ
Open ayah 56:62Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?! [1]
- Аллах силерди экинчи ирет ошондой эле жарата алат.
أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَحۡرُثُونَ
Open ayah 56:63Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:
ءَأَنتُمۡ تَزۡرَعُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلزَّٰرِعُونَ
Open ayah 56:64Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?
لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَٰهُ حُطَٰمٗا فَظَلۡتُمۡ تَفَكَّهُونَ
Open ayah 56:65Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:
إِنَّا لَمُغۡرَمُونَ
Open ayah 56:66«Чынында биз зыянга баттык!
بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ
Open ayah 56:67(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.
أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلۡمَآءَ ٱلَّذِي تَشۡرَبُونَ
Open ayah 56:68Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:
ءَأَنتُمۡ أَنزَلۡتُمُوهُ مِنَ ٱلۡمُزۡنِ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنزِلُونَ
Open ayah 56:69Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!
لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنَٰهُ أُجَاجٗا فَلَوۡلَا تَشۡكُرُونَ
Open ayah 56:70Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!
أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي تُورُونَ
Open ayah 56:71Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?
ءَأَنتُمۡ أَنشَأۡتُمۡ شَجَرَتَهَآ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنشِـُٔونَ
Open ayah 56:72Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?
نَحۡنُ جَعَلۡنَٰهَا تَذۡكِرَةٗ وَمَتَٰعٗا لِّلۡمُقۡوِينَ
Open ayah 56:73Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.
فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ
Open ayah 56:74Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
۞فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ
Open ayah 56:75Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.
وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٞ لَّوۡ تَعۡلَمُونَ عَظِيمٌ
Open ayah 56:76Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.
إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٞ كَرِيمٞ
Open ayah 56:77Ал – Улук Куран!
فِي كِتَٰبٖ مَّكۡنُونٖ
Open ayah 56:78Сакталган-жашыруун Китепте! [1]
- Бул китеп Лавхул Махфуз. Ал периштелердин колунда сакталган жана инсаният менен жиндерден жашыруун болгон Тагдыр Китеби.
لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ
Open ayah 56:79Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт. [1]
- Б.а. Куранды ширктен таза жана даараттуу адамдар гана кармайт.
تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Open ayah 56:80Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ
Open ayah 56:81Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!
وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ
Open ayah 56:82Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!
فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ
Open ayah 56:83(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,
وَأَنتُمۡ حِينَئِذٖ تَنظُرُونَ
Open ayah 56:84Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.
وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ
Open ayah 56:85(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.
فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ
Open ayah 56:86Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,
تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Open ayah 56:87(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!
فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ
Open ayah 56:88Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,
فَرَوۡحٞ وَرَيۡحَانٞ وَجَنَّتُ نَعِيمٖ
Open ayah 56:89(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!
وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ
Open ayah 56:90Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,
فَسَلَٰمٞ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ
Open ayah 56:91Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!
وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ
Open ayah 56:92Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,
فَنُزُلٞ مِّنۡ حَمِيمٖ
Open ayah 56:93Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,
وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ
Open ayah 56:94Тозокко ташталат!
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ
Open ayah 56:95Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.
فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ
Open ayah 56:96Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!