الرحمن

Ar-Rahmaan

The Beneficent · Surah 55 · Ayahs: 78 · Medinan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. ٱلرَّحۡمَٰنُ

    Open ayah 55:1

    Ар-Рахман. [1]

    1. Бул Аллах Тааланын 99 ысымынан бири. Мунун мааниси «Фатиха» сүрөсүндө айтылган. Бул сүрө Мединада түшкөн. 78 аяттан турат.
  2. عَلَّمَ ٱلۡقُرۡءَانَ

    Open ayah 55:2

    Куранды таалим берди,

  3. خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ

    Open ayah 55:3

    Инсанды жаратты,

  4. عَلَّمَهُ ٱلۡبَيَانَ

    Open ayah 55:4

    (Жана) ага баянды – сөздү үйрөттү.

  5. ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ بِحُسۡبَانٖ

    Open ayah 55:5

    Күн дагы, Ай дагы (Аллах койгон) эсеп менен (айланат).

  6. وَٱلنَّجۡمُ وَٱلشَّجَرُ يَسۡجُدَانِ

    Open ayah 55:6

    Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат.

  7. وَٱلسَّمَآءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ ٱلۡمِيزَانَ

    Open ayah 55:7

    (Аллах) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту.

  8. أَلَّا تَطۡغَوۡاْ فِي ٱلۡمِيزَانِ

    Open ayah 55:8

    Таразада кыянат кылбагыла деп.

  9. وَأَقِيمُواْ ٱلۡوَزۡنَ بِٱلۡقِسۡطِ وَلَا تُخۡسِرُواْ ٱلۡمِيزَانَ

    Open ayah 55:9

    Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла!

  10. وَٱلۡأَرۡضَ وَضَعَهَا لِلۡأَنَامِ 

    Open ayah 55:10

    Ал жерди калк-калайык [1] үчүн (мекен) кылды.

    1. «Калк-калайык» деген сөз инсандарга гана чектелбейт.
  11. فِيهَا فَٰكِهَةٞ وَٱلنَّخۡلُ ذَاتُ ٱلۡأَكۡمَامِ

    Open ayah 55:11

    Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар,

  12. وَٱلۡحَبُّ ذُو ٱلۡعَصۡفِ وَٱلرَّيۡحَانُ

    Open ayah 55:12

    Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар!

  13. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:13

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!

  14. خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ كَٱلۡفَخَّارِ

    Open ayah 55:14

    Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты. [1]

    1. Аллах таала Өз периштеси аркылуу жердин ар кайсы жеринен ылай алдыртып, Адам алейхи саламды жасаганда, ага Өзүнүн Рухунан үйлөп жан киргизгенге чейин, черткенде добуш чыгарган чопо сыяктуу кургак болуп турган. (Бухарий, Муслим. Абу Дауд: 2/525, Термизий: «Тафсийру суратил Бакара», Ибнул Касир, Ахмад: 5/338)
  15. وَخَلَقَ ٱلۡجَآنَّ مِن مَّارِجٖ مِّن نَّارٖ

    Open ayah 55:15

    Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты. [1]

    1. Демек, инсан өзүнүнн табиятын сактап, чыныдай таза жана ыйман-ишенимде жердей салмактуу болсо, оттой ойт берме, жеңил шайтандан сактана алат.
  16. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:16

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  17. رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقَيۡنِ وَرَبُّ ٱلۡمَغۡرِبَيۡنِ

    Open ayah 55:17

    Ал эки чыгыш менен эки батыштын [1] Раббиси.

    1. Күндүн чыгыш жана батыш орду жаз-жай айларында башка, күз-кыш айларында башка болот. Бул аятта эки чыгыш, эки батыш делгенинин себеби ушул болсо ажеп эмес.
  18. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:18

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  19. مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ يَلۡتَقِيَانِ

    Open ayah 55:19

    Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды.

  20. بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٞ لَّا يَبۡغِيَانِ 

    Open ayah 55:20

    (Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт. [1]

    1. Жер шарынын кээ бир жеринде деңиз менен дайра суусу аралашып турат. Бирок, Аллахтын кудурети менен деңиз суусунун шору дайра суусуна, дайра суусунун шириндиги деңиз суусуна таасир этпейт. Дагы караңыз: 25-сүрө, 53-аят.
  21. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:21

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  22. يَخۡرُجُ مِنۡهُمَا ٱللُّؤۡلُؤُ وَٱلۡمَرۡجَانُ

    Open ayah 55:22

    Алардан (Аллах) берметтерди, шуруларды чыгарат.

  23. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:23

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  24. وَلَهُ ٱلۡجَوَارِ ٱلۡمُنشَـَٔاتُ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ

    Open ayah 55:24

    (Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү.

  25. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:25

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  26. كُلُّ مَنۡ عَلَيۡهَا فَانٖ

    Open ayah 55:26

    Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу.

  27. وَيَبۡقَىٰ وَجۡهُ رَبِّكَ ذُو ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ

    Open ayah 55:27

    Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк!

  28. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:28

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  29. يَسۡـَٔلُهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ كُلَّ يَوۡمٍ هُوَ فِي شَأۡنٖ

    Open ayah 55:29

    Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө.

  30. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ 

    Open ayah 55:30

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  31. سَنَفۡرُغُ لَكُمۡ أَيُّهَ ٱلثَّقَلَانِ

    Open ayah 55:31

    Эй, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз! [1]

    1. Анткени ушул эки макулук гана Кыяматта сот-суракка тартылат.
  32. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:32

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  33. يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ إِنِ ٱسۡتَطَعۡتُمۡ أَن تَنفُذُواْ مِنۡ أَقۡطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ فَٱنفُذُواْۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلۡطَٰنٖ

    Open ayah 55:33

    Эй, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар – кете бергиле. (Аллахтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар!

  34. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:34

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  35. يُرۡسَلُ عَلَيۡكُمَا شُوَاظٞ مِّن نَّارٖ وَنُحَاسٞ فَلَا تَنتَصِرَانِ

    Open ayah 55:35

    Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар.

  36. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:36

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  37. فَإِذَا ٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ وَرۡدَةٗ كَٱلدِّهَانِ

    Open ayah 55:37

    Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат!

  38. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:38

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  39. فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُسۡـَٔلُ عَن ذَنۢبِهِۦٓ إِنسٞ وَلَا جَآنّٞ

    Open ayah 55:39

    Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт. [1]

  40. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ 

    Open ayah 55:40

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  41. يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ

    Open ayah 55:41

    Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат).

  42. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:42

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  43. هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي يُكَذِّبُ بِهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ

    Open ayah 55:43

    Күнөөлүүлөр жалган деген тозок – ушул.

  44. يَطُوفُونَ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَ حَمِيمٍ ءَانٖ

    Open ayah 55:44

    Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат. [1]

    1. Токтоосуз күйгүзүлүп, суусаганда «хамим» деп аталган кайнак суу ичирилет.
  45. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:45

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  46. وَلِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ جَنَّتَانِ

    Open ayah 55:46

    Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет. [1]

    1. Бири сооп иш жасаганы үчүн, экинчиси Раббисинин алдындагы сурактан коркуп жаман ишти таштаганы үчүн.
  47. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:47

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  48. ذَوَاتَآ أَفۡنَانٖ

    Open ayah 55:48

    Эки бак тең бутактуу. [1]

    1. Б. а. мөмөлүү бутактары көп.
  49. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:49

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  50. فِيهِمَا عَيۡنَانِ تَجۡرِيَانِ 

    Open ayah 55:50

    Экөөндө тең агып турган булактар!

  51. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:51

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  52. فِيهِمَا مِن كُلِّ فَٰكِهَةٖ زَوۡجَانِ

    Open ayah 55:52

    Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар.

  53. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:53

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  54. مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ فُرُشِۭ بَطَآئِنُهَا مِنۡ إِسۡتَبۡرَقٖۚ وَجَنَى ٱلۡجَنَّتَيۡنِ دَانٖ

    Open ayah 55:54

    (Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки бейиштин тең мөмөлөрү ийилген.

  55. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:55

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  56. فِيهِنَّ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٞ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنّٞ

    Open ayah 55:56

    Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар.

  57. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:57

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  58. كَأَنَّهُنَّ ٱلۡيَاقُوتُ وَٱلۡمَرۡجَانُ

    Open ayah 55:58

    Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу!

  59. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:59

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  60. هَلۡ جَزَآءُ ٱلۡإِحۡسَٰنِ إِلَّا ٱلۡإِحۡسَٰنُ 

    Open ayah 55:60

    Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес.

  61. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:61

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  62. وَمِن دُونِهِمَا جَنَّتَانِ

    Open ayah 55:62

    Эки бейиштен ылдыйраакта дагы эки бейиш бар. [1]

    1. Өйдөңкүсү алтын эле мунусу накта күмүштөн! (Садий).
  63. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:63

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  64. مُدۡهَآمَّتَانِ

    Open ayah 55:64

    Эки (күмүш) бейиш тең жашыл түстө.

  65. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:65

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  66. فِيهِمَا عَيۡنَانِ نَضَّاخَتَانِ

    Open ayah 55:66

    Экөөндө тең атырылган булактар!

  67. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:67

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  68. فِيهِمَا فَٰكِهَةٞ وَنَخۡلٞ وَرُمَّانٞ

    Open ayah 55:68

    Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар!

  69. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:69

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  70. فِيهِنَّ خَيۡرَٰتٌ حِسَانٞ 

    Open ayah 55:70

    Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер!

  71. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:71

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  72. حُورٞ مَّقۡصُورَٰتٞ فِي ٱلۡخِيَامِ

    Open ayah 55:72

    Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган!

  73. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:73

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  74. لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٞ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنّٞ

    Open ayah 55:74

    Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген.

  75. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:75

    Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

  76. مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ رَفۡرَفٍ خُضۡرٖ وَعَبۡقَرِيٍّ حِسَانٖ

    Open ayah 55:76

    Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат.

  77. فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

    Open ayah 55:77

    Раббиңердин дагы кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!

  78. تَبَٰرَكَ ٱسۡمُ رَبِّكَ ذِي ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ

    Open ayah 55:78

    Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси – Раббиңдин ысымы таберик!