القمر

Al-Qamar

The Moon · Surah 54 · Ayahs: 55 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. ٱقۡتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلۡقَمَرُ

    Open ayah 54:1

    Кыямат [1] жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү. [2]

  2. وَإِن يَرَوۡاْ ءَايَةٗ يُعۡرِضُواْ وَيَقُولُواْ سِحۡرٞ مُّسۡتَمِرّٞ

    Open ayah 54:2

    Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.

  3. وَكَذَّبُواْ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَكُلُّ أَمۡرٖ مُّسۡتَقِرّٞ

    Open ayah 54:3

    Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.

  4. وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّنَ ٱلۡأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزۡدَجَرٌ

    Open ayah 54:4

    Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.

  5. حِكۡمَةُۢ بَٰلِغَةٞۖ فَمَا تُغۡنِ ٱلنُّذُرُ

    Open ayah 54:5

    (Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.

  6. فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡۘ يَوۡمَ يَدۡعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَيۡءٖ نُّكُرٍ

    Open ayah 54:6

    Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...

  7. خُشَّعًا أَبۡصَٰرُهُمۡ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ كَأَنَّهُمۡ جَرَادٞ مُّنتَشِرٞ

    Open ayah 54:7

    Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.

  8. مُّهۡطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِۖ يَقُولُ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا يَوۡمٌ عَسِرٞ

    Open ayah 54:8

    Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.

  9. ۞كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ فَكَذَّبُواْ عَبۡدَنَا وَقَالُواْ مَجۡنُونٞ وَٱزۡدُجِرَ

    Open ayah 54:9

    Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.

  10. فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَغۡلُوبٞ فَٱنتَصِرۡ 

    Open ayah 54:10

    Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды. [1]

    1. Ошол дубасында Нух алейхис-салам { رَبِّ لَا تَذَرْ عَلَى الْأَرْضِ مِنَ الْكَافِرِينَ دَيَّارًا } «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапыр үй калтырбагай элең!» деген сөздү да айткан болчу.
  11. فَفَتَحۡنَآ أَبۡوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٖ مُّنۡهَمِرٖ

    Open ayah 54:11

    Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.

  12. وَفَجَّرۡنَا ٱلۡأَرۡضَ عُيُونٗا فَٱلۡتَقَى ٱلۡمَآءُ عَلَىٰٓ أَمۡرٖ قَدۡ قُدِرَ

    Open ayah 54:12

    Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду. [1]

    1. Асман жамгыры менен жеден атырылган булактар кошулуп топон суу болду жана Аллахтын тагдыр кылганы боюнча каапырларды каптады.
  13. وَحَمَلۡنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلۡوَٰحٖ وَدُسُرٖ

    Open ayah 54:13

    Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.

  14. تَجۡرِي بِأَعۡيُنِنَا جَزَآءٗ لِّمَن كَانَ كُفِرَ

    Open ayah 54:14

    Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.

  15. وَلَقَد تَّرَكۡنَٰهَآ ءَايَةٗ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

    Open ayah 54:15

    Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?

  16. فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Open ayah 54:16

    Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!

  17. وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

    Open ayah 54:17

    Биз Куранды эскергенге [1] жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?

    1. Окуганга, жаттаганга жана маанисин түшүнгөнгө.
  18. كَذَّبَتۡ عَادٞ فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Open ayah 54:18

    Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!

  19. إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا صَرۡصَرٗا فِي يَوۡمِ نَحۡسٖ مُّسۡتَمِرّٖ

    Open ayah 54:19

    Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.

  20. تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٖ مُّنقَعِرٖ 

    Open ayah 54:20

    Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)

  21. فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Open ayah 54:21

    (Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!

  22. وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

    Open ayah 54:22

    Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

  23. كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ

    Open ayah 54:23

    Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:

  24. فَقَالُوٓاْ أَبَشَرٗا مِّنَّا وَٰحِدٗا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٍ

    Open ayah 54:24

    (Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!

  25. أَءُلۡقِيَ ٱلذِّكۡرُ عَلَيۡهِ مِنۢ بَيۡنِنَا بَلۡ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٞ

    Open ayah 54:25

    Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!

  26. سَيَعۡلَمُونَ غَدٗا مَّنِ ٱلۡكَذَّابُ ٱلۡأَشِرُ

    Open ayah 54:26

    Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!

  27. إِنَّا مُرۡسِلُواْ ٱلنَّاقَةِ فِتۡنَةٗ لَّهُمۡ فَٱرۡتَقِبۡهُمۡ وَٱصۡطَبِرۡ

    Open ayah 54:27

    (Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.

  28. وَنَبِّئۡهُمۡ أَنَّ ٱلۡمَآءَ قِسۡمَةُۢ بَيۡنَهُمۡۖ كُلُّ شِرۡبٖ مُّحۡتَضَرٞ

    Open ayah 54:28

    Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын. [1]

    1. Булактан суу ичүү кезеги төө менен аларга жана айбандарына бөлүштүрүдү. Төөнүн кезеги келгенде алар ичпейт, алардыкы келгенде, төө ичпейт.
  29. فَنَادَوۡاْ صَاحِبَهُمۡ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ

    Open ayah 54:29

    Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.

  30. فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ 

    Open ayah 54:30

    (Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:

  31. إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَكَانُواْ كَهَشِيمِ ٱلۡمُحۡتَظِرِ

    Open ayah 54:31

    Биз аларга бир чаңырык [1] жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.

    1. Бул чаңырык Аллахтын буйругу менен келген Жебрейил периштенин катуу добушу эле.
  32. وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

    Open ayah 54:32

    Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

  33. كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطِۭ بِٱلنُّذُرِ

    Open ayah 54:33

    Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.

  34. إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٖۖ نَّجَّيۡنَٰهُم بِسَحَرٖ

    Open ayah 54:34

    Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.

  35. نِّعۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَاۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي مَن شَكَرَ

    Open ayah 54:35

    Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.

  36. وَلَقَدۡ أَنذَرَهُم بَطۡشَتَنَا فَتَمَارَوۡاْ بِٱلنُّذُرِ

    Open ayah 54:36

    (Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.

  37. وَلَقَدۡ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيۡفِهِۦ فَطَمَسۡنَآ أَعۡيُنَهُمۡ فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Open ayah 54:37

    Жана анын мейманын [1] (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын! [2]

  38. وَلَقَدۡ صَبَّحَهُم بُكۡرَةً عَذَابٞ مُّسۡتَقِرّٞ

    Open ayah 54:38

    Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.

  39. فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

    Open ayah 54:39

    Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!

  40. وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ 

    Open ayah 54:40

    Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

  41. وَلَقَدۡ جَآءَ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ ٱلنُّذُرُ

    Open ayah 54:41

    Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.

  42. كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذۡنَٰهُمۡ أَخۡذَ عَزِيزٖ مُّقۡتَدِرٍ

    Open ayah 54:42

    (Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.

  43. أَكُفَّارُكُمۡ خَيۡرٞ مِّنۡ أُوْلَٰٓئِكُمۡ أَمۡ لَكُم بَرَآءَةٞ فِي ٱلزُّبُرِ

    Open ayah 54:43

    (Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?

  44. أَمۡ يَقُولُونَ نَحۡنُ جَمِيعٞ مُّنتَصِرٞ

    Open ayah 54:44

    Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!

  45. سَيُهۡزَمُ ٱلۡجَمۡعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ

    Open ayah 54:45

    Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат. [1]

    1. Бул дагы моожиза аяттардын бири. Анткени, бул аят Меккеде: мусулмандар алсыз болгон маалда түшкөн. Арадан көп өтпөй алар Мединага хижрат кылып, кубаттуу үммөткө айланышат. Алар менен Курайш каапырларынын ортосунда болгон «Бадр» согушунда каапырлар жеңилип, аркасына карабай качышат.
  46. بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوۡعِدُهُمۡ وَٱلسَّاعَةُ أَدۡهَىٰ وَأَمَرُّ

    Open ayah 54:46

    Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!

  47. إِنَّ ٱلۡمُجۡرِمِينَ فِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٖ

    Open ayah 54:47

    Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.

  48. يَوۡمَ يُسۡحَبُونَ فِي ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ ذُوقُواْ مَسَّ سَقَرَ

    Open ayah 54:48

    Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).

  49. إِنَّا كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَٰهُ بِقَدَرٖ

    Open ayah 54:49

    Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.

  50. وَمَآ أَمۡرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٞ كَلَمۡحِۭ بِٱلۡبَصَرِ 

    Open ayah 54:50

    Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат). [1]

    1. Б.а. " Эгер Биз бир нерсени жасоону кааласак, бир гана "Бол!" деген сөз жетиштүү. Айтылаар замат көз ирмемде ар кандай иш болуп калат.
  51. وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَآ أَشۡيَاعَكُمۡ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

    Open ayah 54:51

    Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?

  52. وَكُلُّ شَيۡءٖ فَعَلُوهُ فِي ٱلزُّبُرِ

    Open ayah 54:52

    Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.

  53. وَكُلُّ صَغِيرٖ وَكَبِيرٖ مُّسۡتَطَرٌ

    Open ayah 54:53

    Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.

  54. إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَهَرٖ

    Open ayah 54:54

    Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.

  55. فِي مَقۡعَدِ صِدۡقٍ عِندَ مَلِيكٖ مُّقۡتَدِرِۭ

    Open ayah 54:55

    Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.