النجم
An-Najm
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ
Open ayah 53:1Батып бара жаткан [1] жылдызга ант! [2]
مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ
Open ayah 53:2(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.
وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ
Open ayah 53:3Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.
إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ
Open ayah 53:4Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.
عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ
Open ayah 53:5Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.
ذُو مِرَّةٖ فَٱسۡتَوَىٰ
Open ayah 53:6Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү
وَهُوَ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡأَعۡلَىٰ
Open ayah 53:7жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү) [1]
- Бул аятта улук пайгамбарыбыз улук периштени өзүн асыл кыяпат-шекилинде көргөнү айтылат. Ошого чейин ал пайгамбарыбызга адам түспөлүндө көрүнүп жүргөн.
ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ
Open ayah 53:8Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди.
فَكَانَ قَابَ قَوۡسَيۡنِ أَوۡ أَدۡنَىٰ
Open ayah 53:9Эки жаа бою же андан да жакыныраак.
فَأَوۡحَىٰٓ إِلَىٰ عَبۡدِهِۦ مَآ أَوۡحَىٰ
Open ayah 53:10Анан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды.
مَا كَذَبَ ٱلۡفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ
Open ayah 53:11(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады!
أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ
Open ayah 53:12(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы? [1]
- Курайш мушриктери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын «Мага Куран аяттарын периште алып келет» деген сөзүнө ишенчү эмес. Анан алар периштелерди ата-бабаларынын кыял-фантазиялары боюнча аял сүрөтүндө элестетип жүрүшкөн жана «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Дал ушул ката пикирден улам, өздөрүнүн кудайлары жөнүндө «Алар Аллахтын кыздары. Мурда периште болушкан» деп аларга аял ысымдарын ыйгарышкан. Маселен, алар «Лат» деп аталган кудайларынын атын «Аллах» сөзүн аялдык мүнөзгө (женский род) оодарып «Ал-Лат» деп жасап алышкан. Ушул эле ыкма менен Аллахтын «Маннан» деген ысымынан «Манат» деген кудайынын атын, «Азиз» деген ысымын аялчага оодарып, «Узза» деген кудайларынын ысымын жасап алышкан.
وَلَقَدۡ رَءَاهُ نَزۡلَةً أُخۡرَىٰ
Open ayah 53:13(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.
عِندَ سِدۡرَةِ ٱلۡمُنتَهَىٰ
Open ayah 53:14«Сидратул мунтахаанын» [1] алдында.
- «Сидратул мунтаха». Мааниси «Эң акыркы дарак». Пайгамбарыбыз дагы Мээражга чыкканда ошол жерден кайткан.
عِندَهَا جَنَّةُ ٱلۡمَأۡوَىٰٓ
Open ayah 53:15«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.
إِذۡ يَغۡشَى ٱلسِّدۡرَةَ مَا يَغۡشَىٰ
Open ayah 53:16Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды. [1]
- Эмне орогонун бир Аллах билет.
مَا زَاغَ ٱلۡبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ
Open ayah 53:17(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.
لَقَدۡ رَأَىٰ مِنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ
Open ayah 53:18Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.
أَفَرَءَيۡتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلۡعُزَّىٰ
Open ayah 53:19«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?
وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ
Open ayah 53:20«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү. [1]
- Бул «кудайлар» силерге пайда же зыян жеткире алабы?!
أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلۡأُنثَىٰ
Open ayah 53:21Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?! [1]
- Бул аятты кененирээк түшүнүү үчүн 12-аяттын түшүндүрмөсүнө кайрылыңыз.
تِلۡكَ إِذٗا قِسۡمَةٞ ضِيزَىٰٓ
Open ayah 53:22Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!
إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٞ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ
Open ayah 53:23Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.
أَمۡ لِلۡإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ
Open ayah 53:24Же инсан каалаганын жасай береби?!
فَلِلَّهِ ٱلۡأٓخِرَةُ وَٱلۡأُولَىٰ
Open ayah 53:25Акырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык.
۞وَكَم مِّن مَّلَكٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ
Open ayah 53:26Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!
إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ تَسۡمِيَةَ ٱلۡأُنثَىٰ
Open ayah 53:27Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.
وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـٔٗا
Open ayah 53:28Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.
فَأَعۡرِضۡ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكۡرِنَا وَلَمۡ يُرِدۡ إِلَّا ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا
Open ayah 53:29Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.
ذَٰلِكَ مَبۡلَغُهُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱهۡتَدَىٰ
Open ayah 53:30Алардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ بِمَا عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ بِٱلۡحُسۡنَى
Open ayah 53:31Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.
ٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلۡمَغۡفِرَةِۚ هُوَ أَعۡلَمُ بِكُمۡ إِذۡ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَإِذۡ أَنتُمۡ أَجِنَّةٞ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمۡۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ
Open ayah 53:32Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен. [1] Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.
- «Бузук жана чоң күнөө» - бул Куранда жаза берүү белгиленген күнөөлөр.
أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي تَوَلَّىٰ
Open ayah 53:33Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?
وَأَعۡطَىٰ قَلِيلٗا وَأَكۡدَىٰٓ
Open ayah 53:34Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.
أَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلۡغَيۡبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ
Open ayah 53:35Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?! [1]
- Б. а. алар «Эгер көп садака кылсам кемип каламын» деп ойлошобу? Келечек – кайып. Аны Аллахтан башка эч ким билбейт.
أَمۡ لَمۡ يُنَبَّأۡ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَىٰ
Open ayah 53:36Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?
وَإِبۡرَٰهِيمَ ٱلَّذِي وَفَّىٰٓ
Open ayah 53:37(Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?
أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰ
Open ayah 53:38(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт
وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ
Open ayah 53:39Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).
وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ
Open ayah 53:40Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.
ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَ ٱلۡأَوۡفَىٰ
Open ayah 53:41Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.
وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلۡمُنتَهَىٰ
Open ayah 53:42Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضۡحَكَ وَأَبۡكَىٰ
Open ayah 53:43Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحۡيَا
Open ayah 53:44Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.
وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰ
Open ayah 53:45Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.
مِن نُّطۡفَةٍ إِذَا تُمۡنَىٰ
Open ayah 53:46(Жатындарга) атырылган бел суудан!
وَأَنَّ عَلَيۡهِ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰ
Open ayah 53:47Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغۡنَىٰ وَأَقۡنَىٰ
Open ayah 53:48Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.
وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعۡرَىٰ
Open ayah 53:49(Мушриктер сыйынган) Шиъранын [1] Раббиси да Анын Өзү.
- «Шеьра» - «Сириус» жылдызы. Ушул гана жылдыздын мисалында асмандагы бардык нерселер Аллахтын мүлкү экени айтылууда.
وَأَنَّهُۥٓ أَهۡلَكَ عَادًا ٱلۡأُولَىٰ
Open ayah 53:50Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.
وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبۡقَىٰ
Open ayah 53:51Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай.
وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ هُمۡ أَظۡلَمَ وَأَطۡغَىٰ
Open ayah 53:52Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.
وَٱلۡمُؤۡتَفِكَةَ أَهۡوَىٰ
Open ayah 53:53«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).
فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ
Open ayah 53:54Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ
Open ayah 53:55Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?
هَٰذَا نَذِيرٞ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلۡأُولَىٰٓ
Open ayah 53:56Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири. [1]
- Себеби ал эч кандай жанылык алып келген жок. Ошол эле пайгамбарлардай Аллахка ширк келтиргендерди тозок менен эскертүүдө.
أَزِفَتِ ٱلۡأٓزِفَةُ
Open ayah 53:57Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды.
لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ
Open ayah 53:58Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.
أَفَمِنۡ هَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ تَعۡجَبُونَ
Open ayah 53:59Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!
وَتَضۡحَكُونَ وَلَا تَبۡكُونَ
Open ayah 53:60(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!
وَأَنتُمۡ سَٰمِدُونَ
Open ayah 53:61Силер (ага) көңүл бурбадыңар.
فَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ وَٱعۡبُدُواْ۩
Open ayah 53:62Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!