المعارج
Al-Ma'aarij
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ
Open ayah 70:1(Мушриктерден) [1] бир суроочу [2] собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -
لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ
Open ayah 70:2– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!
مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ
Open ayah 70:3(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин [1] ээси Аллах тарабынан (келет).
- Бул жерде жети кабат асманды тепкичтерге окшотуу бар.
تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ
Open ayah 70:4Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат. [1]
- Бул аяттагы Рух менен периштелердин Аллах таалага көтөрүлүшү дагы Аллах тааланын бийикте экенине далил.
فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا
Open ayah 70:5(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!
إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدٗا
Open ayah 70:6Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.
وَنَرَىٰهُ قَرِيبٗا
Open ayah 70:7Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.
يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ
Open ayah 70:8Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,
وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ
Open ayah 70:9Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.
وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمٗا
Open ayah 70:10(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!
يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ
Open ayah 70:11Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,
وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ
Open ayah 70:12аялын жана ага-инилерин,
وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ
Open ayah 70:13өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,
وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ يُنجِيهِ
Open ayah 70:14жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.
كَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ
Open ayah 70:15Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,
نَزَّاعَةٗ لِّلشَّوَىٰ
Open ayah 70:16терилерди шылып алуучу!
تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ
Open ayah 70:17Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди
وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ
Open ayah 70:18жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!
۞إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا
Open ayah 70:19Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.
إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعٗا
Open ayah 70:20Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.
وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا
Open ayah 70:21Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.
إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ
Open ayah 70:22Намаз окуучулар гана андай эмес.
ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ
Open ayah 70:23Алар намаздарын дайым окушат.
وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ مَّعۡلُومٞ
Open ayah 70:24Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,
لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ
Open ayah 70:25муктаждар жана сурагандар үчүн.
وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ
Open ayah 70:26Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…
وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ
Open ayah 70:27Алар Раббисинин азабынан коркушат…
إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٖ
Open ayah 70:28Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ
Open ayah 70:29Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ
Open ayah 70:30Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.
فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ
Open ayah 70:31Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ
Open ayah 70:32Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...
وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ
Open ayah 70:33Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ
Open ayah 70:34Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…
أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٖ مُّكۡرَمُونَ
Open ayah 70:35Алар – бейиштерде сыйлануучулар!
فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ
Open ayah 70:36(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?
عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ
Open ayah 70:37Оң каптал жана сол капталдан топурап? [1]
- Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Куран окуганда каапырлар топурап келишип, “Мухаммад дагы эмне дээр экен” деп аңдып турушчу. Анан сахабаларды мыскылдап, “Биз ак сөөкпүз. Силерден өйдө таптагы адамдарбыз. Ошондуктан, биз силерден мурун бейишке киребиз” дешчү.
أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٖ
Open ayah 70:38Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?
كَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ
Open ayah 70:39Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.
فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ
Open ayah 70:40Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:
عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيۡرٗا مِّنۡهُمۡ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ
Open ayah 70:41аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз! [1]
- Эгер кааласа Аллах таала көз ирмемде жер менен жексен кылууга жана алардын ордуна башка, ыймандуу адамдарды жашатып коюуга кудуреттүү. Бирок, Аллах таала аларга тозок отуна дагы да ылайыктуурак болуш үчүн мөөнөт берди.
فَذَرۡهُمۡ يَخُوضُواْ وَيَلۡعَبُواْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ
Open ayah 70:42(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!
يَوۡمَ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ سِرَاعٗا كَأَنَّهُمۡ إِلَىٰ نُصُبٖ يُوفِضُونَ
Open ayah 70:43(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.
خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۚ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلَّذِي كَانُواْ يُوعَدُونَ
Open ayah 70:44Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!