نوح
Nooh
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦٓ أَنۡ أَنذِرۡ قَوۡمَكَ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Open ayah 71:1Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик [1] (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин» [2] - (деп вахий кылдык).
قَالَ يَٰقَوۡمِ إِنِّي لَكُمۡ نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Open ayah 71:2Ал айтты: «Оо, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын.
أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱتَّقُوهُ وَأَطِيعُونِ
Open ayah 71:3Аллахка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула!
يَغۡفِرۡ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمۡ وَيُؤَخِّرۡكُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمًّىۚ إِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ إِذَا جَآءَ لَا يُؤَخَّرُۚ لَوۡ كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Open ayah 71:4(Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллахтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер». [1]
- Белгилүү болгондой Нухтун коому Аллах жана пайгамбарына моюн сунбаганы себептүү Топон суу балээси менен кыйратылган. Бирок, ошол жазаны жибергенге чейин Аллах таала аларга ар кимиси өз үйүндө бутун узун сунган бойдон, азап-жазасыз өлүү үчүн мүмкүнчүлүк берген. Эгер алар Нухтун дааватын угуп, Аллахтан башка кудайларга сыйынуусун токтотуп, кудуреттүү Аллахтын Өзүнө гана сыйынып жашаганда, ажал аларды дүйнө дооранын сүрүп бүткөндө гана алмак.
قَالَ رَبِّ إِنِّي دَعَوۡتُ قَوۡمِي لَيۡلٗا وَنَهَارٗا
Open ayah 71:5(Нух) айтты : «Оо, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым. [1]
- Бул аятта дааватчыга чоң сабак бар. Демек, даават деген белгилүү убакытка чектелбейт, өмүр бою жасалат. Нух пайгамбардын иштеген иши, сүйлөгөн сөзү, жасаган кыймыл аракети, адеп-ахлагы, коомдогу мамилесинин өзү даават болду. Эл динди анын өзүнөн, сөзүнөн, ар бир кыймылынан, жүрүш-турушунан, адамдар менен мамилесинен көрө алды. Мына ушундай даават кылгандан кийин кандай натыйжа болду? Өзү айтат: “Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү! (Оо, Аллахым) Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кылып баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти” Мунун мааниси эмне? Нух түшүнүктүү кылып жеткире албадыбы динди? Жок, андай эмес. Мунун эки себеби бар эле: 1) Аллахтын туура жолуна багытталуу (хидаят) Аллах тааланын гана колунда. Аллах хидаятка баштабаган адамдар пайгамбар даават кылса да туура жолго түшпөйт. 2) Көралбастык жана текеберлик. Ар бир коомдун бузуку каапырлары көбүнчө мансаптуу жана бай адамдардан болот. Аларга Аллах тааланы эскертип даават кылынса, “Биздей ак сөөктөргө ушул кембагал акыл үйрөтөбү?” деп ичи тарлык жана текеберчилик менен дааватты четке кагышат.
فَلَمۡ يَزِدۡهُمۡ دُعَآءِيٓ إِلَّا فِرَارٗا
Open ayah 71:6Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү!
وَإِنِّي كُلَّمَا دَعَوۡتُهُمۡ لِتَغۡفِرَ لَهُمۡ جَعَلُوٓاْ أَصَٰبِعَهُمۡ فِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَٱسۡتَغۡشَوۡاْ ثِيَابَهُمۡ وَأَصَرُّواْ وَٱسۡتَكۡبَرُواْ ٱسۡتِكۡبَارٗا
Open ayah 71:7Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти.
ثُمَّ إِنِّي دَعَوۡتُهُمۡ جِهَارٗا
Open ayah 71:8Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым.
ثُمَّ إِنِّيٓ أَعۡلَنتُ لَهُمۡ وَأَسۡرَرۡتُ لَهُمۡ إِسۡرَارٗا
Open ayah 71:9Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым.
فَقُلۡتُ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ إِنَّهُۥ كَانَ غَفَّارٗا
Open ayah 71:10Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү!
يُرۡسِلِ ٱلسَّمَآءَ عَلَيۡكُم مِّدۡرَارٗا
Open ayah 71:11Cилерге асмандан себелеген жамгыр жиберет.
وَيُمۡدِدۡكُم بِأَمۡوَٰلٖ وَبَنِينَ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ جَنَّٰتٖ وَيَجۡعَل لَّكُمۡ أَنۡهَٰرٗا
Open ayah 71:12Жана дүйнө-мүлк, перзенттер менен кубаттап, бак-бостондорду жана (соолубас) дарыяларды берет. [1]
- Демек, ар дайым Аллах тааладан кечирим сурап туруу ырыскынын мол болуусуна себеп болот экен.
مَّا لَكُمۡ لَا تَرۡجُونَ لِلَّهِ وَقَارٗا
Open ayah 71:13Силерге эмне болгон, Аллахка улуулукту каалабайсыңар? [1]
- Ага баш ийип, ибадат кылбайсыңар?
وَقَدۡ خَلَقَكُمۡ أَطۡوَارًا
Open ayah 71:14Ал силерди доор - доор менен жаратты го! [1]
- Бул аяттагы «доор» деген сөздү кээ бир аалымдар эненин жатынындагы түйүлдүк доорунан баштап, төрөлгөндөн кийинки бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик (селкилик) орто жаш, карылык доорлору деп түшүндүрүшөт.
أَلَمۡ تَرَوۡاْ كَيۡفَ خَلَقَ ٱللَّهُ سَبۡعَ سَمَٰوَٰتٖ طِبَاقٗا
Open ayah 71:15Аллах (таала) жети асманды кабат-кабаты менен кандай (чеберчиликте) жаратканына карабайсыңарбы?!
وَجَعَلَ ٱلۡقَمَرَ فِيهِنَّ نُورٗا وَجَعَلَ ٱلشَّمۡسَ سِرَاجٗا
Open ayah 71:16Жана Ал асмандардын койнундагы Айды нур, ал эми Күндү (аалам үчүн) чырак кылып койгон.
وَٱللَّهُ أَنۢبَتَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ نَبَاتٗا
Open ayah 71:17Жана Аллах силерди жерден гана өстүрүп чыгарган. [1]
- Бардык инсанияттын атасы Адам алейхи саламды топурактан жараткан.
ثُمَّ يُعِيدُكُمۡ فِيهَا وَيُخۡرِجُكُمۡ إِخۡرَاجٗا
Open ayah 71:18Кийин силерди (өлгөн күнүңөрдө) кайра топуракка кайтарып, (Кыяматта) дагы (топурактан) чыгарып алат. [1]
- Имам Бухарий жана Имам Муслимдердин "Сахих" китептеринде Абу Хурайра деген сахабадан риваят кылынган хадисте айтылышы боюнча адамдар өлгөндө денеси чирип, топуракка айланат. Бир гана омуртканын эң этегиндеги чычаң сөөк чирибейт. Кыяматта асмандан инсандын бел суусу сыяктанган жамгыр жаайт жана мүрзөлөрдө чирип жаткан денелер ошол чычаң сөөктөгү данегинен кудум өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыгат.
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ بِسَاطٗا
Open ayah 71:19Аллах силер үчүн жерди(н бетин) тегиз кылды.
لِّتَسۡلُكُواْ مِنۡهَا سُبُلٗا فِجَاجٗا
Open ayah 71:20Анда(гы) кең жолдордон жүрүүңөр үчүн.
قَالَ نُوحٞ رَّبِّ إِنَّهُمۡ عَصَوۡنِي وَٱتَّبَعُواْ مَن لَّمۡ يَزِدۡهُ مَالُهُۥ وَوَلَدُهُۥٓ إِلَّا خَسَارٗا
Open ayah 71:21Нух айтты: “О, Раббим! Алар мага каршы чыгышты жана дүйнөсү менен бала-чакасы зыяндан башканы көбөйтпөй турган адам(дар)ды ээрчип кетишти. [1]
- Нухтун дааватына эң ириде дүйнөсү, бала-чакасы көп байлар, күч-кубаттуу адамдар каршы чыгышты. Алар элди Нухка каршы кайраштырып, натыйжада эл дагы аларды ээрчиди.
وَمَكَرُواْ مَكۡرٗا كُبَّارٗا
Open ayah 71:22Алар (байлар динге каршы) өтө чоң айла-амалдарды жасашты.
وَقَالُواْ لَا تَذَرُنَّ ءَالِهَتَكُمۡ وَلَا تَذَرُنَّ وَدّٗا وَلَا سُوَاعٗا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسۡرٗا
Open ayah 71:23Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Суваны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти. [1]
- Нухтун эли “Вадд”, “Сува”, “Ягус”, “Яук” жана “Наср” деп аталган бут-кудайларга ибадат кылышчу. Аталган ысымдар Нух коомунун илгерки-илгерки заманда жашап өткөн олуя ата-бабаларынын ысымдары эле. Алар өлгөндө эл өтө кайгырып калган. Анан күндөрдүн биринде Шайтан келип адамдарга “Эгер азрети Вадд, Сува, Ягус, Наср жана Яуктарды сыйласаңар айкелдерин жасап, ибадат учурунда кыбыла тарапка коюп алгыла” деп азгырган. Эл олуялардын урматы үчүн муну жасаган. Анан алардан кийин келген муундар Аллах таалага дуба кылганда ушул олуяларды ортомчу кыла баштаган. Ушинтип отуруп, бир мезгилдердеги олуялар элдин кудайына айланып калган.
وَقَدۡ أَضَلُّواْ كَثِيرٗاۖ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا ضَلَٰلٗا
Open ayah 71:24Алар көп элдерди азгырышты. Жана Сен (оо, Аллахым!) залымдарга адашуучулуктан башканы көбөйтпө!
مِّمَّا خَطِيٓـَٰٔتِهِمۡ أُغۡرِقُواْ فَأُدۡخِلُواْ نَارٗا فَلَمۡ يَجِدُواْ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ أَنصَارٗا
Open ayah 71:25Күнөөлөрү себептүү (топон сууга) чөктүрүлүштү! Анан (наркы дүйнөдө) отко кириптер кылынышты дагы, өздөрүнө Аллахтан башка жардамчы таппай калышты! [1]
- Денелери сууга кетти, жандары отко кетти. Жардам берсе аларга чыныгы Кудай – Аллах таала гана жардам бермек. Аллах таала кайра аларды жазалап жатса, кайсы кудайы жардамга келет?! Ошентип, каапыр эл топон суунун астында калды. Асмандан да, жерден да, жадагалса, тандырлардын ичинен да оргуштап суу чыга келди! Нух болсо, бул каапыр элге каргыш үстүнө каргыш жаадырды.
وَقَالَ نُوحٞ رَّبِّ لَا تَذَرۡ عَلَى ٱلۡأَرۡضِ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ دَيَّارًا
Open ayah 71:26Нух айтты: “Оо, Раббим! Жер бетинде каапырлардын эч бирин калтырбагын!
إِنَّكَ إِن تَذَرۡهُمۡ يُضِلُّواْ عِبَادَكَ وَلَا يَلِدُوٓاْ إِلَّا فَاجِرٗا كَفَّارٗا
Open ayah 71:27Эгер аларды (тирүү) койсоң пенделериңди азгырышат жана бузуку, каапырларды гана насил (урпак) кылып калтырышат!
رَّبِّ ٱغۡفِرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيَّ وَلِمَن دَخَلَ بَيۡتِيَ مُؤۡمِنٗا وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۖ وَلَا تَزِدِ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا تَبَارَۢا
Open ayah 71:28Оо, Раббим! Мени, менин ата-энемди, ыйман келтирип менин үйүмө киргендерди жана (бардык) ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды кечир! Залымдарга өлүмдөн башканы көбөйтпө!