الحاقة

Al-Haaqqa

The Reality · Surah 69 · Ayahs: 52 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. ٱلۡحَآقَّةُ

    Open ayah 69:1

    Ал – Хаакка! [1]

    1. Элүү эки аяттан турган бул сүрө Меккеде түшүрүлгөн. “Ал-Хаакканын” мааниси “Чындап болуучу”.
  2. مَا ٱلۡحَآقَّةُ

    Open ayah 69:2

    «Ал – Хаакка» дегени эмне?!

  3. وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحَآقَّةُ

    Open ayah 69:3

    (Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең? [1]

    1. «Аль-Хаакка» (Акыйкатта болуучу) Кыяматтын бир нече атактуу ысымдарынын бири. Кыямат кайымдын мындан башка да «Аль-Кариьа” (Катуу согуучу), “Аль-Ваакеьа” (Окуя), “Ат-Тоомма” (Чоң апаат), “Ас-Соохха” (Катуу добуш), Ас-Сааьа” (Саат) ж.б.у.с. аталыштары дагы бар.
  4. كَذَّبَتۡ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلۡقَارِعَةِ

    Open ayah 69:4

    «Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле. [1]

    1. “Самуд” – бул Хижр деген жерде (Азыркы Саудияга караштуу аймак) жашаган илгерки бир уруунун аты. Аллах таала аларга Салих пайгамбарды жиберип, Аллахка, кыяматка ишенүүгө жана Өзүнүн пайгамбары көргөзгөндөй жашоого буюрган. Ал эми, “Аад” болсо Хазрамаут деген жерде жашаган илгерки уруунун аты. Аллах таала аларга Худ пайгамбарды жиберген.
  5. فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهۡلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ

    Open ayah 69:5

    Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.

  6. وَأَمَّا عَادٞ فَأُهۡلِكُواْ بِرِيحٖ صَرۡصَرٍ عَاتِيَةٖ

    Open ayah 69:6

    Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү.

  7. سَخَّرَهَا عَلَيۡهِمۡ سَبۡعَ لَيَالٖ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومٗاۖ فَتَرَى ٱلۡقَوۡمَ فِيهَا صَرۡعَىٰ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٍ خَاوِيَةٖ

    Open ayah 69:7

    (Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң!

  8. فَهَلۡ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٖ

    Open ayah 69:8

    Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?!

  9. وَجَآءَ فِرۡعَوۡنُ وَمَن قَبۡلَهُۥ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتُ بِٱلۡخَاطِئَةِ

    Open ayah 69:9

    Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,

  10. فَعَصَوۡاْ رَسُولَ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَهُمۡ أَخۡذَةٗ رَّابِيَةً 

    Open ayah 69:10

    Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!

  11. إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلۡمَآءُ حَمَلۡنَٰكُمۡ فِي ٱلۡجَارِيَةِ

    Open ayah 69:11

    (Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.

  12. لِنَجۡعَلَهَا لَكُمۡ تَذۡكِرَةٗ وَتَعِيَهَآ أُذُنٞ وَٰعِيَةٞ

    Open ayah 69:12

    Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.

  13. فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ نَفۡخَةٞ وَٰحِدَةٞ

    Open ayah 69:13

    Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда, [1]

    1. Кыямат кайым башталганынын бир белгиси Исрафил периштенин “Сур” деген кернейди тартуусу. Ошол замат топуракта чирип жаткан денелер жамгырдан кийин жайнап чыккан өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыга баштайт. Кийин аларга рухтары учуп келип, биригет.
  14. وَحُمِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةٗ وَٰحِدَةٗ

    Open ayah 69:14

    жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)

  15. فَيَوۡمَئِذٖ وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ

    Open ayah 69:15

    Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.

  16. وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِيَ يَوۡمَئِذٖ وَاهِيَةٞ

    Open ayah 69:16

    Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,

  17. وَٱلۡمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرۡجَآئِهَاۚ وَيَحۡمِلُ عَرۡشَ رَبِّكَ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ ثَمَٰنِيَةٞ

    Open ayah 69:17

    жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө, [1]

    1. Аллах тааланын “Арш” деп аталган Улук Тактысын көтөрүү вазыйпасы жүктөлгөн периштелердин күчү жана келбет-көлөмү жөнүндө Абу Дауддун “Сунан” китебинде келген бир хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам мындай дегени баяндалат: “... Аршты көтөргөн периштелерден биринин кулагынын жумшагынан желкесине чейин жети жүз жылдык жол” (Ибн Касир).
  18. يَوۡمَئِذٖ تُعۡرَضُونَ لَا تَخۡفَىٰ مِنكُمۡ خَافِيَةٞ

    Open ayah 69:18

    дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт. [1]

    1. Анан Аллах таала жеке Өзү сот-сурагын жүргүзө баштайт. Элдерге бул дүйнөдөгү жасаган иштеринин тизмеси – амал баракчалары (китептери) таратылат. Ал китептерди ар бир адам баласынын эки желкесинде олтурган эки периште бардык жашыруун иштерине чейин жазып алышкан болчу. Ошондо жакшылардын китептери оң тарабынан, жамандардын китеби сол тарабынан берилет.
  19. فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقۡرَءُواْ كِتَٰبِيَهۡ

    Open ayah 69:19

    Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!

  20. إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَٰقٍ حِسَابِيَهۡ 

    Open ayah 69:20

    Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»

  21. فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ

    Open ayah 69:21

    Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -

  22. فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ

    Open ayah 69:22

    – эң жогорку бейиште болот.

  23. قُطُوفُهَا دَانِيَةٞ

    Open ayah 69:23

    Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.

  24. كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَآ أَسۡلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡأَيَّامِ ٱلۡخَالِيَةِ

    Open ayah 69:24

    (Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»

  25. وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُوتَ كِتَٰبِيَهۡ

    Open ayah 69:25

    Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен

  26. وَلَمۡ أَدۡرِ مَا حِسَابِيَهۡ

    Open ayah 69:26

    жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,

  27. يَٰلَيۡتَهَا كَانَتِ ٱلۡقَاضِيَةَ

    Open ayah 69:27

    Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)

  28. مَآ أَغۡنَىٰ عَنِّي مَالِيَهۡۜ

    Open ayah 69:28

    Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!

  29. هَلَكَ عَنِّي سُلۡطَٰنِيَهۡ

    Open ayah 69:29

    Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!» [1]

    1. Мына ушинтип муң-арманын айтып бүтүп-бүтөлекте эле, анын үстүнөн Аллах тааланын каардуу бирок, адилет өкүмү жарыяланат.
  30. خُذُوهُ فَغُلُّوهُ 

    Open ayah 69:30

    (Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!

  31. ثُمَّ ٱلۡجَحِيمَ صَلُّوهُ

    Open ayah 69:31

    Кийин тозокко таштагыла!

  32. ثُمَّ فِي سِلۡسِلَةٖ ذَرۡعُهَا سَبۡعُونَ ذِرَاعٗا فَٱسۡلُكُوهُ

    Open ayah 69:32

    Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!» [1]

    1. Аяттын арабча текстинде «услукууху» деп келген сөздү кээ бир котормочулар «байлагыла», «таңгыла» деп которушат. Бирок, мунун сөздүктөгү мааниси «жүргүзүү», «өткөрүү». Демек, күнөөкөр, тозоку пенде узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга, шыкка өткөрүлгөн шишкебек сыяктуу өткөрүлөт. Узун чынжыр кылмышкердин арка жагынан киргизилип, оозунан чыгарылат. Мындай азаптан Аллахтын Өзү сактасын! (Садий).
  33. إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ ٱلۡعَظِيمِ

    Open ayah 69:33

    (Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.

  34. وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ

    Open ayah 69:34

    жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.

  35. فَلَيۡسَ لَهُ ٱلۡيَوۡمَ هَٰهُنَا حَمِيمٞ

    Open ayah 69:35

    Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт.

  36. وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنۡ غِسۡلِينٖ

    Open ayah 69:36

    Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак») [1] болот.

    1. «Гислийн» - бул тозокто күйгөн кылмышкерлердин денесинен агып чыккан ириңден даярдалган «тамак». Ал өтө кайнак, эң ачуу жана адам чыдагыс сасык болот.
  37. لَّا يَأۡكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡخَٰطِـُٔونَ

    Open ayah 69:37

    Аны күнөөлүү адамдар гана жейт.

  38. فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَا تُبۡصِرُونَ

    Open ayah 69:38

    Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип...,

  39. وَمَا لَا تُبۡصِرُونَ

    Open ayah 69:39

    Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын):

  40. إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ 

    Open ayah 69:40

    «Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү!

  41. وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَاعِرٖۚ قَلِيلٗا مَّا تُؤۡمِنُونَ

    Open ayah 69:41

    Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!

  42. وَلَا بِقَوۡلِ كَاهِنٖۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ

    Open ayah 69:42

    Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес! [1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!

    1. Кээ бир каапырлар “Мухаммад жиндер менен байланыш түзгөн бакшы. Ага кабарларды жиндер жеткирип турат” дешкен. Бул аят ошолорго жооп.
  43. تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 69:43

    Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.

  44. وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ

    Open ayah 69:44

    Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,

  45. لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ

    Open ayah 69:45

    Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.

  46. ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ

    Open ayah 69:46

    Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!

  47. فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ

    Open ayah 69:47

    Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!

  48. وَإِنَّهُۥ لَتَذۡكِرَةٞ لِّلۡمُتَّقِينَ

    Open ayah 69:48

    Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак.

  49. وَإِنَّا لَنَعۡلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ

    Open ayah 69:49

    Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз!

  50. وَإِنَّهُۥ لَحَسۡرَةٌ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ 

    Open ayah 69:50

    Ал каапырларга кайгы! [1]

    1. Курандын каапырларга кайгы болушунун себеби, акыретте алар «Эх! ушул Куранга ээрчигенибизде азапка жолукпайт болчубуз!» деп кайгы тартышат. (Садий).
  51. وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلۡيَقِينِ

    Open ayah 69:51

    Ал – анык Чындык!

  52. فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

    Open ayah 69:52

    Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын! [1]

    1. Аллах таала бизге Өзүн – Өзү тааныткан. Демек, биз аны Өзү тааныткандай жогорку жана кемчилдиксиз сыпаттар менен гана таанып, сыпатташыбыз керек. Пенденин “Субханалла!” деп дуба кылып жүрүүсү “тасбих” деп аталат. “Субханаллахтын” мааниси “Мен Аллахты ар кандай Өзүнө ылайык эмес сыпаттардан аруулаймын жана Өзү үйрөткөн, Өзүнө ылайык болгон бийик, ыйык жана кемчилдиксиз сыпаттар менен сыпаттаймын” дегенди билдирет.