المطففين
Al-Mutaffifin
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَيۡلٞ لِّلۡمُطَفِّفِينَ
Open ayah 83:1Таразадан алдагандарга чоң азап болсун! [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 36 аяттан турат. “Мутаффифин” деген сөздүн мааниси “таразадан алдагандар”.
ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكۡتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسۡتَوۡفُونَ
Open ayah 83:2Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,
وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ يُخۡسِرُونَ
Open ayah 83:3Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.
أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبۡعُوثُونَ
Open ayah 83:4Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?
لِيَوۡمٍ عَظِيمٖ
Open ayah 83:5Улуу Күн – Кыяматта!
يَوۡمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Open ayah 83:6Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!
كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٖ
Open ayah 83:7Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سِجِّينٞ
Open ayah 83:8(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң! [1]
- “Сижжин” – бул жети кабат жердин түбүндөгү өтө тар, кысылган, караңгы орун. Таразадан кымтып калган кыянатчылардын рухтары жана амал китептери ошол жерде сакталат.
كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ
Open ayah 83:9Ал – жазылган китеп.
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Open ayah 83:10Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!
ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ
Open ayah 83:11Алар сурак күндү жалган дегендер.
وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ
Open ayah 83:12Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.
إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Open ayah 83:13А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.
كَلَّاۖ بَلۡۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Open ayah 83:14Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган. [1]
- Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан: “Эгер пенде бир күнөө иш жасаса, жүрөгүнө чекиттей кара так орноп калат. Ошондо, эгер Аллах тааладан кечирим сурап, тообо кылса жүрөгү тазаланат. Эгерде күнөө ишин улантчу болсо, ал кара так чоңоюп-чоңоюп олтуруп, бүт жүрөгүн ороп калат”. (Куртубий)
كَلَّآ إِنَّهُمۡ عَن رَّبِّهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّمَحۡجُوبُونَ
Open ayah 83:15Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат. [1]
- Кыяматта үч түрлүү азап бар: биринчиси: от-тозок азабы, экинчиси: жемелеп, сөгүш берүү азабы, үчүнчүсү Аллахтын жүзүн көрүүдөн бей насип калуу азабы.
ثُمَّ إِنَّهُمۡ لَصَالُواْ ٱلۡجَحِيمِ
Open ayah 83:16Андан соң, алар тозокко ташталышат.
ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ
Open ayah 83:17Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.
كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡأَبۡرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ
Open ayah 83:18Чынында, жакшы пенделердин китептери [1] «Иллийюнда».
- Амал баракчалары
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ
Open ayah 83:19(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң. [1]
- «Иллийюн» - бул Сижжиндин тескериси. Эгер Сижжин жети кабат жердин түбүндө болсо, Иллийюн жогорку бейиштердеги орун. Ал жерде бейиши болгон пенделердин амал китептери сакталат.
كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ
Open ayah 83:20Ал – жазылган китеп.
يَشۡهَدُهُ ٱلۡمُقَرَّبُونَ
Open ayah 83:21Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.
إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٍ
Open ayah 83:22Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.
عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ
Open ayah 83:23Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِهِمۡ نَضۡرَةَ ٱلنَّعِيمِ
Open ayah 83:24Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.
يُسۡقَوۡنَ مِن رَّحِيقٖ مَّخۡتُومٍ
Open ayah 83:25Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.
خِتَٰمُهُۥ مِسۡكٞۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلۡيَتَنَافَسِ ٱلۡمُتَنَٰفِسُونَ
Open ayah 83:26Ал шараптын сактагычы - «миск». [1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!
- «Миск» - бул жыпар жыты өтө күчтүү болгон нерсе. Ошол нерсени шарапка аралаштыруу менен анын жыты сакталып, мас кылуучу касиети жоготулат.
وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسۡنِيمٍ
Open ayah 83:27Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».
عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا ٱلۡمُقَرَّبُونَ
Open ayah 83:28(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.
إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ كَانُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَضۡحَكُونَ
Open ayah 83:29Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.
وَإِذَا مَرُّواْ بِهِمۡ يَتَغَامَزُونَ
Open ayah 83:30(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.
وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمُ ٱنقَلَبُواْ فَكِهِينَ
Open ayah 83:31Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.
وَإِذَا رَأَوۡهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ
Open ayah 83:32Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.
وَمَآ أُرۡسِلُواْ عَلَيۡهِمۡ حَٰفِظِينَ
Open ayah 83:33Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!
فَٱلۡيَوۡمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنَ ٱلۡكُفَّارِ يَضۡحَكُونَ
Open ayah 83:34Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.
عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ
Open ayah 83:35Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
هَلۡ ثُوِّبَ ٱلۡكُفَّارُ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ
Open ayah 83:36Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!