الإنشقاق

Al-Inshiqaaq

The Splitting Open · Surah 84 · Ayahs: 25 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنشَقَّتۡ

    Open ayah 84:1

    Күтүүсүздөн асман жарылды! [1]

    1. Меккеде түшкөн. 25 аяттан турат. “Иншикатын” мааниси “Жарылуу”.
  2. وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ

    Open ayah 84:2

    Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!

  3. وَإِذَا ٱلۡأَرۡضُ مُدَّتۡ

    Open ayah 84:3

    Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,

  4. وَأَلۡقَتۡ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتۡ

    Open ayah 84:4

    ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!

  5. وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ

    Open ayah 84:5

    Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу! [1]

    1. Жер мүрзөдөгү өлүктөр менен кен-байлыктарын чыгарып, созулган сыяктуу тегиздикке айланат. Тоо-таштар күкүм болуп, тегизделип калат. Мүрзөлөрдөн тирилип, суурулуп чыккан инсандар Раббисине жолугуу үчүн сот-сурак майданына айдалат.
  6. يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدۡحٗا فَمُلَٰقِيهِ

    Open ayah 84:6

    О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың. [1]

    1. Эми алар сообу көп болсо Раббисинен пазилет-сыйлык алышат, күнөөсү көп болсо, азап-жаза алышат. Ал жерде аларга амал китептери таратылып берилет.
  7. فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ

    Open ayah 84:7

    Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,

  8. فَسَوۡفَ يُحَاسَبُ حِسَابٗا يَسِيرٗا

    Open ayah 84:8

    өтө жеңил суралат.

  9. وَيَنقَلِبُ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورٗا

    Open ayah 84:9

    жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.

  10. وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ وَرَآءَ ظَهۡرِهِۦ 

    Open ayah 84:10

    Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,

  11. فَسَوۡفَ يَدۡعُواْ ثُبُورٗا

    Open ayah 84:11

    (өзүнө) өлүм чакырат.

  12. وَيَصۡلَىٰ سَعِيرًا

    Open ayah 84:12

    Жана тозокко ташталат!

  13. إِنَّهُۥ كَانَ فِيٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورًا

    Open ayah 84:13

    Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.

  14. إِنَّهُۥ ظَنَّ أَن لَّن يَحُورَ

    Open ayah 84:14

    Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.

  15. بَلَىٰٓۚ إِنَّ رَبَّهُۥ كَانَ بِهِۦ بَصِيرٗا

    Open ayah 84:15

    Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!

  16. فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلشَّفَقِ

    Open ayah 84:16

    Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,

  17. وَٱلَّيۡلِ وَمَا وَسَقَ

    Open ayah 84:17

    түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...

  18. وَٱلۡقَمَرِ إِذَا ٱتَّسَقَ

    Open ayah 84:18

    Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):

  19. لَتَرۡكَبُنَّ طَبَقًا عَن طَبَقٖ

    Open ayah 84:19

    (Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер! [1]

    1. Бардык инсан ата-энесинин бел сууларынын аралашмасы - нутфа баскычынан коюу кан, бир тиштем эт, сөөк, ымыркай баскычын "минип-өтүп" төрөлгөн. Анан бөбөктүк, балалык, өспүрүмдүк, жигиттик, кишилик, картаңдык баскычтарын басып өтүп мүрзөгө келип кайра топуракка айланат. (Садий)
  20. فَمَا لَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ 

    Open ayah 84:20

    Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!

  21. وَإِذَا قُرِئَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقُرۡءَانُ لَا يَسۡجُدُونَۤ۩

    Open ayah 84:21

    Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?! [1]

    1. Бул аят сажда аяты болуп, аны окугандарга жана уккандарга отурган эле жеринде бир жолу сажда кылуу ваажып болот.
  22. بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُكَذِّبُونَ

    Open ayah 84:22

    Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!

  23. وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يُوعُونَ

    Open ayah 84:23

    Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.

  24. فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

    Open ayah 84:24

    (Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!

  25. إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونِۭ

    Open ayah 84:25

    А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!