البروج
Al-Burooj
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡبُرُوجِ
Open ayah 85:1Мен топ жылдыздар мекени – асманга ант ичип, [1]
- Меккеде түшкөн. 22 аяттан турат. “Буруж” “Топ жылдыздар” деген мааниде.
وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡمَوۡعُودِ
Open ayah 85:2Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип.
وَشَاهِدٖ وَمَشۡهُودٖ
Open ayah 85:3(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын):
قُتِلَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأُخۡدُودِ
Open ayah 85:4Чуңкур ээлерине – өлүм болсун! [1]
- Бул чуңкурду байыркы заманда жашаган каапыр адамдар өздөрүнүн көп кудайлык динине баш ийбей, жалгыз Аллах таалага ибадат кылган ыймандууларды жазалаш үчүн даярдаган. Ал кандай чуңкур болгонун кийинки аяттан билип алабыз.
ٱلنَّارِ ذَاتِ ٱلۡوَقُودِ
Open ayah 85:5(Ал чуңкур) отундуу жалын!
إِذۡ هُمۡ عَلَيۡهَا قُعُودٞ
Open ayah 85:6Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан!
وَهُمۡ عَلَىٰ مَا يَفۡعَلُونَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ شُهُودٞ
Open ayah 85:7Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан!
وَمَا نَقَمُواْ مِنۡهُمۡ إِلَّآ أَن يُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ
Open ayah 85:8(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты! [1]
- Жалгыз Аллахка ыйман келтирген момундарды чуңкурдун жээгине алып келип “ыйманыңдан кайт!” деп талап коюшкан. Ыймандан кайтпагандарды жалындуу чуңкурга ыргытып жиберишкен.
ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ
Open ayah 85:9Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө!
إِنَّ ٱلَّذِينَ فَتَنُواْ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ لَمۡ يَتُوبُواْ فَلَهُمۡ عَذَابُ جَهَنَّمَ وَلَهُمۡ عَذَابُ ٱلۡحَرِيقِ
Open ayah 85:10Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тообо кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар!
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡكَبِيرُ
Open ayah 85:11Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул – чоң жеңиш!
إِنَّ بَطۡشَ رَبِّكَ لَشَدِيدٌ
Open ayah 85:12Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу!
إِنَّهُۥ هُوَ يُبۡدِئُ وَيُعِيدُ
Open ayah 85:13Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат.
وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلۡوَدُودُ
Open ayah 85:14Ал – Кечиримдуу, (жана) Вадууд! [1]
- Өзүнө моюн сунгандарды сүйүүчү жана Өзү дагы ыймандуулар тарабынан катуу сүйүлгөн.
ذُو ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡمَجِيدُ
Open ayah 85:15(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук!
فَعَّالٞ لِّمَا يُرِيدُ
Open ayah 85:16Каалаганын жасоочу!
هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡجُنُودِ
Open ayah 85:17(Оо, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин,
فِرۡعَوۡنَ وَثَمُودَ
Open ayah 85:18Фараондун жана Самуд коомунун кабары келди беле?
بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِي تَكۡذِيبٖ
Open ayah 85:19Жок, каапырлар (дагы эле, Куранды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө.
وَٱللَّهُ مِن وَرَآئِهِم مُّحِيطُۢ
Open ayah 85:20Аллах болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат.
بَلۡ هُوَ قُرۡءَانٞ مَّجِيدٞ
Open ayah 85:21Аныгында ал - Улуу Куран! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал:)
فِي لَوۡحٖ مَّحۡفُوظِۭ
Open ayah 85:22Лавхул- Махфузда!