الطارق
At-Taariq
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ
Open ayah 86:1Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин. [1]
- Меккеде түшкөн. 17 аяттан турат. «Таариктин» мааниси 2-3-аяттарда.
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ
Open ayah 86:2(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.
ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ
Open ayah 86:3Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.
إِن كُلُّ نَفۡسٖ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٞ
Open ayah 86:4Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.
فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ
Open ayah 86:5Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!
خُلِقَ مِن مَّآءٖ دَافِقٖ
Open ayah 86:6Атырылган (бел) суудан жаратылган.
يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ
Open ayah 86:7(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.
إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٞ
Open ayah 86:8Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!
يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ
Open ayah 86:9Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.
فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٖ وَلَا نَاصِرٖ
Open ayah 86:10(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт. [1]
- Бул дүйнөдө инсан кылмыш жасаса акчанын, тааныштын жана аброюнун кудурети менен жазадан кутулуп кете алат. Акыреттечи? Анда ал тек гана Аллахтын өкүмү астында болот.
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ
Open ayah 86:11Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!
وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ
Open ayah 86:12Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:
إِنَّهُۥ لَقَوۡلٞ فَصۡلٞ
Open ayah 86:13Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!
وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ
Open ayah 86:14Азил-тамаша (сөз) эмес!
إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدٗا
Open ayah 86:15Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.
وَأَكِيدُ كَيۡدٗا
Open ayah 86:16Мен дагы амалкерлик кыламын.
فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا
Open ayah 86:17Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер. [1]
- Каапырлар айлакерлик жасашат. Аллах алардан амалдуурак: же ошол учурдун өзүндө жазалайт же болбосо, аларга дагы эле кенен ырыскы, узун өмүр - мөөнөт берет. Алар көөп, күнөө үстүнө күнөө жасап, тозок азабына дагы да көбүрөөк ылайык болушат.