الأعلى
Al-A'laa
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى
Open ayah 87:1Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула! [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 19 аяттан турат. “Аьлаа” “эң жогорку” деген мааниде.
ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ
Open ayah 87:2Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.
وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ
Open ayah 87:3Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.
وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ
Open ayah 87:4Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ
Open ayah 87:5андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ
Open ayah 87:6(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.
إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ
Open ayah 87:7Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.
وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ
Open ayah 87:8Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз. [1]
- Аяттагы “оңой жол” – бул Ислам дини. Ислам дини диндердин арасындагы эң жеңил, эң оңой дин. Аны үйрөнүү да, үйрөтүү да, аны менен жашоо да жеңил. Анын ибадаттары да жеңил.
فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ
Open ayah 87:9Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.
سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ
Open ayah 87:10(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى
Open ayah 87:11Шордуу адам болсо андан качат.
ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ
Open ayah 87:12Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.
ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ
Open ayah 87:13Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ
Open ayah 87:14Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ
Open ayah 87:15Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).
بَلۡ تُؤۡثِرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا
Open ayah 87:16Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓ
Open ayah 87:17Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
إِنَّ هَٰذَا لَفِي ٱلصُّحُفِ ٱلۡأُولَىٰ
Open ayah 87:18Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.
صُحُفِ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ
Open ayah 87:19Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.