الغاشية
Al-Ghaashiya
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡغَٰشِيَةِ
Open ayah 88:1(Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби? [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 26 аяттан турат. “Гаашиянын” мааниси “Ороп алуучу”. “Ороп алуучу” – бул Кыямат окуясы. Анткени, Кыямат окуясы башталганда ааламдык кыйроолор жана башка дүрбөлөңдүү алааматтар себептүү бардык жан-жаныбарларды чоң коркунуч ороп калат. Айрыкча каапырлар катуу коркушат. Себеби, алар бул күнгө ишенишпеген эле. Кийинки аяттар ошол күнкү каапырлардын абалы жөнүндө.
وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ
Open ayah 88:2Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт).
عَامِلَةٞ نَّاصِبَةٞ
Open ayah 88:3(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда...
تَصۡلَىٰ نَارًا حَامِيَةٗ
Open ayah 88:4кызыган отко кирет!
تُسۡقَىٰ مِنۡ عَيۡنٍ ءَانِيَةٖ
Open ayah 88:5(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!
لَّيۡسَ لَهُمۡ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٖ
Open ayah 88:6Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок! [1]
- Бул тикен “зарийь” деп аталат.
لَّا يُسۡمِنُ وَلَا يُغۡنِي مِن جُوعٖ
Open ayah 88:7(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!
وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاعِمَةٞ
Open ayah 88:8Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат-куунак!
لِّسَعۡيِهَا رَاضِيَةٞ
Open ayah 88:9(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш-аракеттерине ыраазы!
فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ
Open ayah 88:10Жогорку бейиште!
لَّا تَسۡمَعُ فِيهَا لَٰغِيَةٗ
Open ayah 88:11Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.
فِيهَا عَيۡنٞ جَارِيَةٞ
Open ayah 88:12Анда агып тураган булактар,
فِيهَا سُرُرٞ مَّرۡفُوعَةٞ
Open ayah 88:13бийик сөрүлөр,
وَأَكۡوَابٞ مَّوۡضُوعَةٞ
Open ayah 88:14(ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,
وَنَمَارِقُ مَصۡفُوفَةٞ
Open ayah 88:15сап-сап тизилген жаздыктар
وَزَرَابِيُّ مَبۡثُوثَةٌ
Open ayah 88:16жана төшөлгөн килемдер бар!
أَفَلَا يَنظُرُونَ إِلَى ٱلۡإِبِلِ كَيۡفَ خُلِقَتۡ
Open ayah 88:17Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына?!
وَإِلَى ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ رُفِعَتۡ
Open ayah 88:18Асмандын кандай көтөрүп коюлганына...,
وَإِلَى ٱلۡجِبَالِ كَيۡفَ نُصِبَتۡ
Open ayah 88:19Тоолордун кандай сайып коюлганына..., [1]
- Тоолор - жердин казыктары. Тоолордун жердин түбүнө сайылган бөлүгү жер үстү бөлүгүнөн үч-төрт эсеге узун. Алар менен бекемделгени себептүү жер аман-эсен турат.
وَإِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَيۡفَ سُطِحَتۡ
Open ayah 88:20Жана жердин кандай жайып коюлганына? [1]
- Жетинчи кылымдын кишисине “жердин тоголоктугуна карашпайбы?” деген кайрылуу болсо алар муну түшүнмөк да эмес, ишенмек да эмес. Айрыкча ал чөл адамы болсо, андан бетер таң калмак. Андан көрө аларга жердин кандай төшөк сымал жайып, тегиз кылып коюлганы айтылса, Аллахтын кудуретине көбүрөөк ушундан далил табышы мүмкүн эле.
فَذَكِّرۡ إِنَّمَآ أَنتَ مُذَكِّرٞ
Open ayah 88:21(Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң! [1]
- Демек, пайгамбарлар – эскертүүчүлөр. Алар адамдарга Аллах тааланын өкүмдөрүн жеткирип, эскертип гана коюшат. Алардын аркаларынан “жасадыбы, жасабадыбы?” деп акмалап жүрүшпөйт жана зордук-зомбулук да көргөзүшпөйт.
لَّسۡتَ عَلَيۡهِم بِمُصَيۡطِرٍ
Open ayah 88:22Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!
إِلَّا مَن تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ
Open ayah 88:23Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,
فَيُعَذِّبُهُ ٱللَّهُ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَكۡبَرَ
Open ayah 88:24аны Аллах чоң азапка салат!
إِنَّ إِلَيۡنَآ إِيَابَهُمۡ
Open ayah 88:25Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат.
ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا حِسَابَهُم
Open ayah 88:26Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!