الفجر
Al-Fajr
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَٱلۡفَجۡرِ
Open ayah 89:1Таңга ант! [1]
- Меккеде түшкөн. 30 аяттан турат. «Фажр» “Таң” деген мааниде.
وَلَيَالٍ عَشۡرٖ
Open ayah 89:2Он түнгө ант!
وَٱلشَّفۡعِ وَٱلۡوَتۡرِ
Open ayah 89:3Жуп менен такка ант!
وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَسۡرِ
Open ayah 89:4Жана өтүп жаткан түнгө ант! [1]
- Бул аяттардагы “таң”- Курбан айт күндүн таңы, “он түн”- Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, “жуп”- бул Зул-Хижжанын онунчу күнү, “так”- тогузунчу – Арафат күнү. Ал эми, “өтүп жаткан түн”- бул Курбан айттын түнү. Чынында Аллах таала ант үчүн тандаган бул төрт нерсенин улуулугу, орчундуулугу акылдуу адамды канааттандырат.
هَلۡ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٞ لِّذِي حِجۡرٍ
Open ayah 89:5Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!
أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ
Open ayah 89:6Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!
إِرَمَ ذَاتِ ٱلۡعِمَادِ
Open ayah 89:7Түркүктүү Ирамды [1] (эмне кылганынчы?)
- Бул аяттагы "Ирам"ды кээ бир тафсирчилер шаар дешет. Бирок, Ирам деген ошол мезгилде жашаган уруулардын бири экенине далил көбүрөөк.
ٱلَّتِي لَمۡ يُخۡلَقۡ مِثۡلُهَا فِي ٱلۡبِلَٰدِ
Open ayah 89:8Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле. [1]
- Аад коому кумдуу чөлдө жашаганына карабай, түркүктүү чатырлардан Ирам деген шаар кура алган аябай чоң келбеттүү, бакубат эл болгон. Алар пайгамбарлары Худ алейхи саламга кордук көргөзгөндө Аллах таала катуу шамал жиберип бардыгын кыйраткан.
وَثَمُودَ ٱلَّذِينَ جَابُواْ ٱلصَّخۡرَ بِٱلۡوَادِ
Open ayah 89:9Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)
وَفِرۡعَوۡنَ ذِي ٱلۡأَوۡتَادِ
Open ayah 89:10Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)
ٱلَّذِينَ طَغَوۡاْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ
Open ayah 89:11Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен.
فَأَكۡثَرُواْ فِيهَا ٱلۡفَسَادَ
Open ayah 89:12жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.
فَصَبَّ عَلَيۡهِمۡ رَبُّكَ سَوۡطَ عَذَابٍ
Open ayah 89:13Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды.
إِنَّ رَبَّكَ لَبِٱلۡمِرۡصَادِ
Open ayah 89:14Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.
فَأَمَّا ٱلۡإِنسَٰنُ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ رَبُّهُۥ فَأَكۡرَمَهُۥ وَنَعَّمَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَكۡرَمَنِ
Open ayah 89:15Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт.
وَأَمَّآ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ فَقَدَرَ عَلَيۡهِ رِزۡقَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَهَٰنَنِ
Open ayah 89:16Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт.
كَلَّاۖ بَل لَّا تُكۡرِمُونَ ٱلۡيَتِيمَ
Open ayah 89:17Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!
وَلَا تَحَٰٓضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ
Open ayah 89:18Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!
وَتَأۡكُلُونَ ٱلتُّرَاثَ أَكۡلٗا لَّمّٗا
Open ayah 89:19Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!
وَتُحِبُّونَ ٱلۡمَالَ حُبّٗا جَمّٗا
Open ayah 89:20Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!
كَلَّآۖ إِذَا دُكَّتِ ٱلۡأَرۡضُ دَكّٗا دَكّٗا
Open ayah 89:21Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
وَجَآءَ رَبُّكَ وَٱلۡمَلَكُ صَفّٗا صَفّٗا
Open ayah 89:22жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде...,
وَجِاْيٓءَ يَوۡمَئِذِۭ بِجَهَنَّمَۚ يَوۡمَئِذٖ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكۡرَىٰ
Open ayah 89:23Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!
يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي قَدَّمۡتُ لِحَيَاتِي
Open ayah 89:24(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт. [1]
- Ага Аллахтын жазасы буйрулат: колу-бутун кишендер менен байланып азапка салынат.
فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدٞ
Open ayah 89:25Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.
وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدٞ
Open ayah 89:26Аллах байлагандай эч ким байлай албайт! [1]
- Ал күндө ыймансыздардын жаны туйлап, толгонуп, дүйнөдө татыксыз жашаганы себептүү бушайман чегип турган болсо, ыймандуулардын жаны тынч, бейпил жана ыраазы болуп турат.
يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفۡسُ ٱلۡمُطۡمَئِنَّةُ
Open ayah 89:27Оо, тынч – бейпил жан!
ٱرۡجِعِيٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةٗ مَّرۡضِيَّةٗ
Open ayah 89:28(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.
فَٱدۡخُلِي فِي عِبَٰدِي
Open ayah 89:29Менин (жакшы) пенделериме кошулгун.
وَٱدۡخُلِي جَنَّتِي
Open ayah 89:30жана Менин бейишиме киргин!