البلد

Al-Balad

The City · Surah 90 · Ayahs: 20 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

    Open ayah 90:1

    Ушул шаарга [1] ант!

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн. 20 аяттан турат. «Балад» деген сөздүн мааниси “шаар”. Аяттагы шаар - Мекке шаары.
  2. وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

    Open ayah 90:2

    Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.

  3. وَوَالِدٖ وَمَا وَلَدَ

    Open ayah 90:3

    (Адам)-Атага жана урпактарга ант!

  4. لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ

    Open ayah 90:4

    Биз инсанды машакатка жараттык. [1]

    1. Адампенде каалайбы-каалабайбы, бул дүйнө турушу менен машакат. Аллах таала ушундай жараткандан соң, мындан башкача болбойт. Ал эми, кээ бир адамдар өздөрүнө ушул эле дүйнөдө бейиш куруп алгылары келет жана машакатсыз жашайбыз деп... машакат чегишет.
  5. أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٞ

    Open ayah 90:5

    (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?

  6. يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالٗا لُّبَدًا

    Open ayah 90:6

    Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.

  7. أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ

    Open ayah 90:7

    Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?

  8. أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ

    Open ayah 90:8

    Биз ага эки көз бербедикпи?

  9. وَلِسَانٗا وَشَفَتَيۡنِ

    Open ayah 90:9

    Тил жана эки эрин бербедикпи?!

  10. وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ 

    Open ayah 90:10

    Жана Биз аны эки жолго багыттадык. [1]

    1. Ар бир акылдуу инсандын алдында эки жол бар: жакшы жана жаман. Ал өзүнүн ыйманына жараша экөөсүнүн бирин тандап алат. Албетте, напси-балээсине азгырылган инсан жеңилине, ылаззатына умтулуп жаман-арам жолго жүрөт. Ал эми, акылын иштеткен ыймандуу адамдар ар канча оор болсо да Акыретте пайда бере турган жакшылык жолуна жүрүшөт.
  11. فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ

    Open ayah 90:11

    Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.

  12. وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ

    Open ayah 90:12

    (Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.

  13. فَكُّ رَقَبَةٍ

    Open ayah 90:13

    (Оор жол – бул) кул азат кылуу

  14. أَوۡ إِطۡعَٰمٞ فِي يَوۡمٖ ذِي مَسۡغَبَةٖ

    Open ayah 90:14

    же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –

  15. يَتِيمٗا ذَا مَقۡرَبَةٍ

    Open ayah 90:15

    тууганчылыгы бар жетимге.

  16. أَوۡ مِسۡكِينٗا ذَا مَتۡرَبَةٖ

    Open ayah 90:16

    Же чаңга буланган кедейге

  17. ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ

    Open ayah 90:17

    Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,

  18. أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ

    Open ayah 90:18

    Ошолор гана оң тарап ээлери!

  19. وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ

    Open ayah 90:19

    Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери. [1]

    1. Кыяматта алардын амал баракчалары сол тарабынан берилип, бактысыз кишилерден болот.
  20. عَلَيۡهِمۡ نَارٞ مُّؤۡصَدَةُۢ 

    Open ayah 90:20

    Аларды ар жактан от каптап алган.