الشمس

Ash-Shams

The Sun · Surah 91 · Ayahs: 15 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. وَٱلشَّمۡسِ وَضُحَىٰهَا

    Open ayah 91:1

    Күн жана анын жарыгына ант! [1]

    1. Меккеде түшкөн. 15 аяттан турат. «Шамс» деген сөздүн мааниси “Күн”.
  2. وَٱلۡقَمَرِ إِذَا تَلَىٰهَا

    Open ayah 91:2

    Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!

  3. وَٱلنَّهَارِ إِذَا جَلَّىٰهَا

    Open ayah 91:3

    Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!

  4. وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰهَا

    Open ayah 91:4

    Жана аны ороп кала турган түнгө ант!

  5. وَٱلسَّمَآءِ وَمَا بَنَىٰهَا

    Open ayah 91:5

    Асманга жана аны (бекем) курганга [1] ант!

    1. Алла таала Өзүнүн Улуу Кудурети менен ант берүүдө.
  6. وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا طَحَىٰهَا

    Open ayah 91:6

    Жерге жана аны жайганга ант!

  7. وَنَفۡسٖ وَمَا سَوَّىٰهَا

    Open ayah 91:7

    Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант! [1]

    1. Аллах таала бардык инсаниятты түз табият менен б. а. адал, таза жана туура Ислам жолунун үстүндө жаратат. Кийин ата-энелери аларды же яхуди, же христиан, же отко сыйынуучу каапыр кылып тарбиялайт. (Ибн Касир).
  8. فَأَلۡهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقۡوَىٰهَا

    Open ayah 91:8

    Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.

  9. قَدۡ أَفۡلَحَ مَن زَكَّىٰهَا

    Open ayah 91:9

    Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.

  10. وَقَدۡ خَابَ مَن دَسَّىٰهَا 

    Open ayah 91:10

    Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.

  11. كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِطَغۡوَىٰهَآ

    Open ayah 91:11

    Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.

  12. إِذِ ٱنۢبَعَثَ أَشۡقَىٰهَا

    Open ayah 91:12

    Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.

  13. فَقَالَ لَهُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ نَاقَةَ ٱللَّهِ وَسُقۡيَٰهَا

    Open ayah 91:13

    Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.

  14. فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمۡدَمَ عَلَيۡهِمۡ رَبُّهُم بِذَنۢبِهِمۡ فَسَوَّىٰهَا

    Open ayah 91:14

    Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды! [1]

    1. Төөнү бир эле адам сойгон бирок, башкалары аны кой деген эмес. Тескерисинче, шыкак берип турушкан. Ошондуктан, азап коомдун бардыгына тең келди.
  15. وَلَا يَخَافُ عُقۡبَٰهَا

    Open ayah 91:15

    Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.