الليل
Al-Lail
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰ
Open ayah 92:1(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант! [1]
- Бул сүрө дагы Меккеде түшкөн. 21 аяттан турат. «Лайлдин» мааниси “Түн”.
وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ
Open ayah 92:2(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!
وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ
Open ayah 92:3Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!
إِنَّ سَعۡيَكُمۡ لَشَتَّىٰ
Open ayah 92:4Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.
فَأَمَّا مَنۡ أَعۡطَىٰ وَٱتَّقَىٰ
Open ayah 92:5Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса
وَصَدَّقَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ
Open ayah 92:6жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –
فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡيُسۡرَىٰ
Open ayah 92:7Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.
وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسۡتَغۡنَىٰ
Open ayah 92:8Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...
وَكَذَّبَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ
Open ayah 92:9Жана ыйманды жалган десе...
فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡعُسۡرَىٰ
Open ayah 92:10Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.
وَمَا يُغۡنِي عَنۡهُ مَالُهُۥٓ إِذَا تَرَدَّىٰٓ
Open ayah 92:11(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!
إِنَّ عَلَيۡنَا لَلۡهُدَىٰ
Open ayah 92:12Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.
وَإِنَّ لَنَا لَلۡأٓخِرَةَ وَٱلۡأُولَىٰ
Open ayah 92:13Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.
فَأَنذَرۡتُكُمۡ نَارٗا تَلَظَّىٰ
Open ayah 92:14Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.
لَا يَصۡلَىٰهَآ إِلَّا ٱلۡأَشۡقَى
Open ayah 92:15Ал отко шору каткан адам гана кирет.
ٱلَّذِي كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ
Open ayah 92:16Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.
وَسَيُجَنَّبُهَا ٱلۡأَتۡقَى
Open ayah 92:17Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.
ٱلَّذِي يُؤۡتِي مَالَهُۥ يَتَزَكَّىٰ
Open ayah 92:18Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.
وَمَا لِأَحَدٍ عِندَهُۥ مِن نِّعۡمَةٖ تُجۡزَىٰٓ
Open ayah 92:19Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок. [1]
- “Мага да андан жакшысын кайтараар” деген үмүттө жасала турган эгоисттик жакшылыктар анда тап-такыр жок.
إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِ ٱلۡأَعۡلَىٰ
Open ayah 92:20(Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).
وَلَسَوۡفَ يَرۡضَىٰ
Open ayah 92:21Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот.