الانسان

Al-Insaan

Man · Surah 76 · Ayahs: 31 · Medinan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. هَلۡ أَتَىٰ عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ حِينٞ مِّنَ ٱلدَّهۡرِ لَمۡ يَكُن شَيۡـٔٗا مَّذۡكُورًا

    Open ayah 76:1

    Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле. [1]

    1. Бул сүрө Мединада түшүрүлгөн. 31 аяттан турат.
  2. إِنَّا خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٍ أَمۡشَاجٖ نَّبۡتَلِيهِ فَجَعَلۡنَٰهُ سَمِيعَۢا بَصِيرًا

    Open ayah 76:2

    Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.

  3. إِنَّا هَدَيۡنَٰهُ ٱلسَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرٗا وَإِمَّا كَفُورًا

    Open ayah 76:3

    (Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).

  4. إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا لِلۡكَٰفِرِينَ سَلَٰسِلَاْ وَأَغۡلَٰلٗا وَسَعِيرًا

    Open ayah 76:4

    Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.

  5. إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ يَشۡرَبُونَ مِن كَأۡسٖ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا

    Open ayah 76:5

    Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур» [1] аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.

    1. “Каафуур” дегени бейиштеги шарапка анын муздактыгын, жыттуулугун жана өткүрлүгүн ашырыш үчүн аралаштырыла турган өтө тунук булак. (Куртубий)
  6. عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا عِبَادُ ٱللَّهِ يُفَجِّرُونَهَا تَفۡجِيرٗا

    Open ayah 76:6

    (“Каафуур”) булагы...Аны Аллахтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет. [1]

    1. Кааласа, атайын арыкчалар менен «жетелеп» бейиш бактарынын ичине алып кирип, кааласа бал, сүт жана туп-тунук суулар аккан дарыялардын жээгиндеги сөрүлөрдө жамбаштап жатып ичишет. Эгер каалашса алтындан, жакуттан жасалган сарайлардын алдына агызып барышат. Кийинки аятта мына ушундай бейиш жыргалына кимдер арзый турганы айтылат.
  7. يُوفُونَ بِٱلنَّذۡرِ وَيَخَافُونَ يَوۡمٗا كَانَ شَرُّهُۥ مُسۡتَطِيرٗا

    Open ayah 76:7

    Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин [1] аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллахтын азабынан) коркушкан.

    1. “Назир” бул, бир пенденин “Мен паландай ниетиме жеткеним үчүн Аллах таалага арнап түкүндөй ибадат кылып беремин” деп, өзүнө-өзү милдет жүктөшүнө айтылат. Иши оңунан келген кээ бир мусулмандар өзү каалаганча орозо кармап же намаз окуп берүүнү, же болбосо булардан башка ибадаттарды назир кылышат. Кайсы пенде Аллах таалага арнап кандайдыр назир кылса, аны албетте аткарышы – парыз.
  8. وَيُطۡعِمُونَ ٱلطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ مِسۡكِينٗا وَيَتِيمٗا وَأَسِيرًا

    Open ayah 76:8

    Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип [1] (мындай дешкен):

    1. Чыныгы мусулмандар жетимдердин малын баса калып жебейт. Кайра аларга өз жанынан каражат кылып, өзү сүйгөн тамактардан жедирет. Ошондой эле, чыныгы мусулмандар согуш мезгилинде туткундарга катаал мамиле жасабайт.
  9. إِنَّمَا نُطۡعِمُكُمۡ لِوَجۡهِ ٱللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنكُمۡ جَزَآءٗ وَلَا شُكُورًا

    Open ayah 76:9

    «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.

  10. إِنَّا نَخَافُ مِن رَّبِّنَا يَوۡمًا عَبُوسٗا قَمۡطَرِيرٗا 

    Open ayah 76:10

    Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз».

  11. فَوَقَىٰهُمُ ٱللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمِ وَلَقَّىٰهُمۡ نَضۡرَةٗ وَسُرُورٗا

    Open ayah 76:11

    Анан Аллах аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди.

  12. وَجَزَىٰهُم بِمَا صَبَرُواْ جَنَّةٗ وَحَرِيرٗا

    Open ayah 76:12

    Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады. [1]

    1. Жибек кийимдерди бул дүйнөдө кийүү мусулман эркектер үчүн арам. Бул текеберленип кетпесин дегендик. Ал эми, ден-соолукка байланыштуу кандайдыр бир себеп менен (маселен, котур сыяктуу жараат чыкканда) жибек кийим кийсе, буга тоскоол жок. Анткени, исламда "зарылдыктар тыюу салууларды жокко чыгарат" деген эреже бар.
  13. مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِۖ لَا يَرَوۡنَ فِيهَا شَمۡسٗا وَلَا زَمۡهَرِيرٗا

    Open ayah 76:13

    Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт. [1]

    1. Бул аят бейиштеги аба-ырайы жөнүндө маалымат берет. Ал жерде өтө катуу ысык да, кычыраган суук да жок. Жан эргиткен орточо аба ырайы гана болот.
  14. وَدَانِيَةً عَلَيۡهِمۡ ظِلَٰلُهَا وَذُلِّلَتۡ قُطُوفُهَا تَذۡلِيلٗا

    Open ayah 76:14

    Аларга бейиш (бактарынын) көлөкөcү тийип, мөмөлөрү ийилип турат.

  15. وَيُطَافُ عَلَيۡهِم بِـَٔانِيَةٖ مِّن فِضَّةٖ وَأَكۡوَابٖ كَانَتۡ قَوَارِيرَا۠

    Open ayah 76:15

    Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат.

  16. قَوَارِيرَاْ مِن فِضَّةٖ قَدَّرُوهَا تَقۡدِيرٗا

    Open ayah 76:16

    Күмүш чөйчөктөр… Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат.

  17. وَيُسۡقَوۡنَ فِيهَا كَأۡسٗا كَانَ مِزَاجُهَا زَنجَبِيلًا

    Open ayah 76:17

    Ал жерде (ыймандууларга) занжабил [1] аралаштырылган шарап,

    1. Имбирь. Жыпар жыттуу жана дарылык касиети жогору өсүмдүк.
  18. عَيۡنٗا فِيهَا تُسَمَّىٰ سَلۡسَبِيلٗا

    Open ayah 76:18

    (жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет).

  19. ۞وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ إِذَا رَأَيۡتَهُمۡ حَسِبۡتَهُمۡ لُؤۡلُؤٗا مَّنثُورٗا

    Open ayah 76:19

    Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң.

  20. وَإِذَا رَأَيۡتَ ثَمَّ رَأَيۡتَ نَعِيمٗا وَمُلۡكٗا كَبِيرًا 

    Open ayah 76:20

    Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң. [1]

    1. Бул дүйнөдө дин-ыйманын байлык-мүлккө алмаштырбаган момундарды ал жерде Аллах таала мүлктүн түрүнө көмүп салат. Ал мүлктүн кээ бир түрлөрү жогоруда баяндалды. Кээ бирлеринин баяны кийинки аяттарда.
  21. عَٰلِيَهُمۡ ثِيَابُ سُندُسٍ خُضۡرٞ وَإِسۡتَبۡرَقٞۖ وَحُلُّوٓاْ أَسَاوِرَ مِن فِضَّةٖ وَسَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ شَرَابٗا طَهُورًا

    Open ayah 76:21

    Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…

  22. إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمۡ جَزَآءٗ وَكَانَ سَعۡيُكُم مَّشۡكُورًا

    Open ayah 76:22

    (Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер [1] ченемсиз нээматтар менен төлөндү!

    1. Бул дүйнөдө Аллахтын мыйзамын кармап жашоо үчүн анча деле көп аракеттер талап кылынбайт. Булкунган напсини тыйып, ар кадамда чабуулга өтчү шайтан азгырыктарына сергек болсо эле, Шариятты кармап жашоо өтө жеңил. Адамдар убактылуу дүйнө үчүн жасаган аракеттеринин ондон бирин да Дин үчүн жумшашпайт. Көпчүлүк динчил адамдар деле “Бир аз байлык чогултуп, үй-жай курап алайын, андан кийин динге аракет кыламын” деген ой менен жашап жатышат. Алар буга үлгүрөбү?! Аллах таала болсо Куранда оболу ыйманды оңдогула андан кийин баары оңолот, асман-жерден береке эшиктери ачылат деген мааниде насаат айтат. (“Аьраф”-96) Наадан пенде дагы эле өз билгенинен калбайт.
  23. إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ تَنزِيلٗا

    Open ayah 76:23

    Чынында Биз (оо, Мухаммад) сага Куранды [1] бөлүп-бөлүп түшүрдүк.

    1. Демек, Курани Каримди тез-тез окуп, эскерип, анда айтылган маанилерди көңүлгө түйүп жүрүш керек. Бул иш Кураан менен амал кылып жашоого өбөлгө болот.
  24. فَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعۡ مِنۡهُمۡ ءَاثِمًا أَوۡ كَفُورٗا

    Open ayah 76:24

    Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын [1] жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын!

    1. Раббинин эки түрдүү өкүмү бар: 1) Тагдырдагы өкүм. 2) Диний өкүм. Раббисинин тагдырга тиешелүү өкүмү боюнча пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын аялы, абасы, баласы жана кызы өзүнөн мурда кайтыш болгон. Буга сабырдан башка даба жок. Диний өкүмгө сабыр кылуу маселен, жихаддардын, дааваттардын оорчулуктарына, түнкү жана эрте мененки намазга туруунун оорчулугуна, Рамазан орозосунун ачкачылыгына ж.б.у.с. ибадаттардын түйшүгүнө сабыр кылуу менен болот.
  25. وَٱذۡكُرِ ٱسۡمَ رَبِّكَ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا

    Open ayah 76:25

    Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн! [1]

    1. Албетте, эртели-кеч Аллах тааланы эстеп, Анын ар бир кыймыл-аракетибизди көрүп, билип турганын эсинен чыгарбаган адам күнөө иштерге барбайт.
  26. وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَٱسۡجُدۡ لَهُۥ وَسَبِّحۡهُ لَيۡلٗا طَوِيلًا

    Open ayah 76:26

    Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!

  27. إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ يُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَآءَهُمۡ يَوۡمٗا ثَقِيلٗا

    Open ayah 76:27

    Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.

  28. نَّحۡنُ خَلَقۡنَٰهُمۡ وَشَدَدۡنَآ أَسۡرَهُمۡۖ وَإِذَا شِئۡنَا بَدَّلۡنَآ أَمۡثَٰلَهُمۡ تَبۡدِيلًا

    Open ayah 76:28

    Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон [1] (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз! [2]

  29. إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذۡكِرَةٞۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلٗا

    Open ayah 76:29

    Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.

  30. وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا 

    Open ayah 76:30

    (Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!

  31. يُدۡخِلُ مَن يَشَآءُ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ وَٱلظَّٰلِمِينَ أَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمَۢا

    Open ayah 76:31

    Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!