عبس

Abasa

He frowned · Surah 80 · Ayahs: 42 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ

    Open ayah 80:1

    (Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды, [1]

    1. Бул сүрө дагы Меккеде түшкөн. 42 аяттан турат. Түшүүсүнүн себеби төмөндөгүчө: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккенин этибарлуу байларын динге даават кылып отурганда, шариятка өтө берилген, өзүн ширктен жана башка чоң күнөөлөрдүн тазалаган Абдуллах ибн Умм-Мактум деген сокур киши келип, бир маселе сурайт. Ал пайгамбардын бош эмес экенин көрбөгөн. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам болсо, сөзүнүн бөлүнгөнүнө ачууланып, кабагын бүркөп, жооп бербей, байлар менен сүйлөшүүсүн улантат. Бирок, бул байлар жанагы сокур киши сыяктуу күнөө иштерден өздөрүн тазалабаган, динге өзү умтулуп келбеген кишилер эле. Аллах таала пайгамбарынын бул жоругунун ката экенин эскертип, аны жемелеп, ушул сүрөнү түшүргөн. «Абаса» «кабак бүркөдү», «маңдайын тырыштырды» деген мааниде.
  2. أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ

    Open ayah 80:2

    алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.

  3. وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ

    Open ayah 80:3

    (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!

  4. أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ

    Open ayah 80:4

    Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!

  5. أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ

    Open ayah 80:5

    Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)

  6. فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ

    Open ayah 80:6

    сен ошо(лор)го бурулуп алдың!

  7. وَمَا عَلَيۡكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ

    Open ayah 80:7

    (Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.

  8. وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسۡعَىٰ

    Open ayah 80:8

    Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…

  9. وَهُوَ يَخۡشَىٰ

    Open ayah 80:9

    (Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.

  10. فَأَنتَ عَنۡهُ تَلَهَّىٰ 

    Open ayah 80:10

    Сен андан алагды болуп калдың!

  11. كَلَّآ إِنَّهَا تَذۡكِرَةٞ

    Open ayah 80:11

    Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.

  12. فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ

    Open ayah 80:12

    Ким кааласа – аны эскерет. [1]

    1. Кийинки аяттарда Аллах таала бул аяттардын кадырын, пакизалыгын жана улуулугун баяндайт.
  13. فِي صُحُفٖ مُّكَرَّمَةٖ

    Open ayah 80:13

    (Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,

  14. مَّرۡفُوعَةٖ مُّطَهَّرَةِۭ

    Open ayah 80:14

    (Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.

  15. بِأَيۡدِي سَفَرَةٖ

    Open ayah 80:15

    (Жана) периштелердин колунда.

  16. كِرَامِۭ بَرَرَةٖ

    Open ayah 80:16

    (Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)

  17. قُتِلَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَآ أَكۡفَرَهُۥ

    Open ayah 80:17

    Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!

  18. مِنۡ أَيِّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥ

    Open ayah 80:18

    Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!

  19. مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ

    Open ayah 80:19

    Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.

  20. ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ 

    Open ayah 80:20

    Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду [1] оңой кылып берди.

    1. Дүйнө – тиричилик жолдорун оңой-жеңил кылды. Ал эми, кааласа диний багытта эң оңой, эң жеңил дин менен Аллахтын ыраазычылыгын таба турган кылды.
  21. ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقۡبَرَهُۥ

    Open ayah 80:21

    Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.

  22. ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ

    Open ayah 80:22

    Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.

  23. كَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ

    Open ayah 80:23

    Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!

  24. فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ

    Open ayah 80:24

    Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?! [1]

    1. Кайдан келди алар?! Кантип жаралды?! Өзү жаратып алдыбы?! Жок! Бардыгы Аллахтын нээматтары!
  25. أَنَّا صَبَبۡنَا ٱلۡمَآءَ صَبّٗا

    Open ayah 80:25

    Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!

  26. ثُمَّ شَقَقۡنَا ٱلۡأَرۡضَ شَقّٗا

    Open ayah 80:26

    Андан соң жерди жарып,

  27. فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا حَبّٗا

    Open ayah 80:27

    (ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:

  28. وَعِنَبٗا وَقَضۡبٗا

    Open ayah 80:28

    жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,

  29. وَزَيۡتُونٗا وَنَخۡلٗا

    Open ayah 80:29

    зайтундарды, курмаларды,

  30. وَحَدَآئِقَ غُلۡبٗا 

    Open ayah 80:30

    коюу бактарды,

  31. وَفَٰكِهَةٗ وَأَبّٗا

    Open ayah 80:31

    мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.

  32. مَّتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ

    Open ayah 80:32

    Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.

  33. فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ

    Open ayah 80:33

    Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,

  34. يَوۡمَ يَفِرُّ ٱلۡمَرۡءُ مِنۡ أَخِيهِ

    Open ayah 80:34

    Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.

  35. وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ

    Open ayah 80:35

    Апасы менен атасынан дагы.

  36. وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ

    Open ayah 80:36

    Аялы менен балдарынан дагы!

  37. لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٖ شَأۡنٞ يُغۡنِيهِ

    Open ayah 80:37

    (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!

  38. وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ مُّسۡفِرَةٞ

    Open ayah 80:38

    Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,

  39. ضَاحِكَةٞ مُّسۡتَبۡشِرَةٞ

    Open ayah 80:39

    күлүп-жайнап, кубанычтуу!

  40. وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٞ 

    Open ayah 80:40

    (ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,

  41. تَرۡهَقُهَا قَتَرَةٌ

    Open ayah 80:41

    караңгылык ороп алат!

  42. أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَفَرَةُ ٱلۡفَجَرَةُ

    Open ayah 80:42

    Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар! [1]

    1. Алар Раббиси канчалык нээмат – жакшылык берсе да шүгүр кылбай, кайра Аллахтын жолуна каршы чыгышты! Аллах бардыгыбызды ушундай каапырлыктан сактасын!