التكوير

At-Takwir

The Overthrowing · Surah 81 · Ayahs: 29 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. إِذَا ٱلشَّمۡسُ كُوِّرَتۡ

    Open ayah 81:1

    Күн оролуп (нуру жоголуп), [1]

    1. Меккеде түшкөн. 29 аяттан турат. “Таквир” сөзүнүн мааниси “Оролуу”
  2. وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتۡ

    Open ayah 81:2

    жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,

  3. وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ سُيِّرَتۡ

    Open ayah 81:3

    Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,

  4. وَإِذَا ٱلۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ

    Open ayah 81:4

    курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып, [1]

    1. Кыямат кыйроосу башталганда адамдардын көзүнө өз жанынан бөлөк эч нерсенин кызыгы калбайт: Арабдардын назарында эң баалуу деп эсептелип, аздектелген жана «Ишаар» (курсагында он айлык баласы бар) деп аталган төөлөр менен дагы эч кимдин иши болбой, кароосуз калат.
  5. وَإِذَا ٱلۡوُحُوشُ حُشِرَتۡ

    Open ayah 81:5

    жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп, [1]

    1. Жаралгандан бери бири-бирине кас болуп келген коён-карышкыр, кабылан-кийик сыяктуу жапайы айбандар ошол күндүн коркунучунан катуу үркүп, бир жерге чогулуп калышат.
  6. وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ

    Open ayah 81:6

    деңиздер жанып – от болуп,

  7. وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتۡ

    Open ayah 81:7

    жандар бири-бирине коштолуп… [1]

    1. Ал эми «жандардын кошулуусун» кээ бир тафсирчилер жандын денелерге кошулуп кайра тирилүүсү деп түшүндүрүшөт.
  8. وَإِذَا ٱلۡمَوۡءُۥدَةُ سُئِلَتۡ

    Open ayah 81:8

    Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -

  9. بِأَيِّ ذَنۢبٖ قُتِلَتۡ

    Open ayah 81:9

    Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)... [1]

    1. Исламга чейинки доордо арабдар эгер кыз перзент көрсө аны тирүү бойдон көмүп салышчу. Ислам келип, бул жапайы жорукту токтоткон.
  10. وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتۡ 

    Open ayah 81:10

    Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,

  11. وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتۡ

    Open ayah 81:11

    асман сыйрылып алынганда...

  12. وَإِذَا ٱلۡجَحِيمُ سُعِّرَتۡ

    Open ayah 81:12

    Тозок (катуу) кызытылып,

  13. وَإِذَا ٱلۡجَنَّةُ أُزۡلِفَتۡ

    Open ayah 81:13

    Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…

  14. عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّآ أَحۡضَرَتۡ

    Open ayah 81:14

    (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.

  15. فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلۡخُنَّسِ

    Open ayah 81:15

    Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,

  16. ٱلۡجَوَارِ ٱلۡكُنَّسِ

    Open ayah 81:16

    (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,

  17. وَٱلَّيۡلِ إِذَا عَسۡعَسَ

    Open ayah 81:17

    (караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,

  18. وَٱلصُّبۡحِ إِذَا تَنَفَّسَ

    Open ayah 81:18

    агарган таңга ант ичип (айтамын):

  19. إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ

    Open ayah 81:19

    Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү! [1]

    1. Бул аяттагы улуу элчи Жебирейил периште. Ал вахий кабарларын Аллахтан кабыл алып, Мухаммадга жеткирген.
  20. ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي ٱلۡعَرۡشِ مَكِينٖ 

    Open ayah 81:20

    Арш Ээсинин [1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.

    1. Аллахтын
  21. مُّطَاعٖ ثَمَّ أَمِينٖ

    Open ayah 81:21

    Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.

  22. وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجۡنُونٖ

    Open ayah 81:22

    (Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.

  23. وَلَقَدۡ رَءَاهُ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡمُبِينِ

    Open ayah 81:23

    Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.

  24. وَمَا هُوَ عَلَى ٱلۡغَيۡبِ بِضَنِينٖ

    Open ayah 81:24

    Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес. [1]

    1. Аллах ага кандай гана кайып кабарын билдирсе, бардыгын адамдарга жеткирген. Ошондой эле, кайыптагы Аллахтан келген Дин-Шарияттын бирин калтырбай элдерге жеткирген.
  25. وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٖ

    Open ayah 81:25

    Жана ал [1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес! [2]

  26. فَأَيۡنَ تَذۡهَبُونَ

    Open ayah 81:26

    Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!

  27. إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 81:27

    Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!

  28. لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَسۡتَقِيمَ

    Open ayah 81:28

    Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)

  29. وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

    Open ayah 81:29

    Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!