النبإ

An-Naba

The Announcement · Surah 78 · Ayahs: 40 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ

    Open ayah 78:1

    Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда? [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн. 40 аяттан турат. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллах таала тарабынан алып келген улук кабарлар араб тилинде «Набаь» деп аталат. Бул улук кабарлардын акыйкат экенине далил-белгилер канчалык көп болгонуна карабай, көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-ээ? Сен эмне дейсиң?» деген сыяктуу суроолорду беришкен. Ошондой эле, алардын шектенүүлөрү ар кандай болуп, өз ара талашып-тартышып турушкан. Айрыкча алар Акырет кабарларын жокко чыгарууда көп талашып-тартышышкан. “Набаь” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.
  2. عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلۡعَظِيمِ

    Open ayah 78:2

    Улук Кабар жөнүндө.

  3. ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ مُخۡتَلِفُونَ

    Open ayah 78:3

    Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле. [1]

    1. Кийинки аятта Аллах таала мушриктер ишенбеген кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки ирет кайталоо менен айтат.
  4. كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

    Open ayah 78:4

    Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!

  5. ثُمَّ كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

    Open ayah 78:5

    Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.

  6. أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ مِهَٰدٗا

    Open ayah 78:6

    Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!

  7. وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادٗا

    Open ayah 78:7

    Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)

  8. وَخَلَقۡنَٰكُمۡ أَزۡوَٰجٗا

    Open ayah 78:8

    Жана Биз силерди жуп-түгөй [1] кылып жараттык.

    1. Эркек-ургаачы
  9. وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتٗا

    Open ayah 78:9

    Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.

  10. وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا 

    Open ayah 78:10

    Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.

  11. وَجَعَلۡنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشٗا

    Open ayah 78:11

    Күндүздү жашоо үчүн жараттык.

  12. وَبَنَيۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعٗا شِدَادٗا

    Open ayah 78:12

    Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,

  13. وَجَعَلۡنَا سِرَاجٗا وَهَّاجٗا

    Open ayah 78:13

    ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.

  14. وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡمُعۡصِرَٰتِ مَآءٗ ثَجَّاجٗا

    Open ayah 78:14

    Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,

  15. لِّنُخۡرِجَ بِهِۦ حَبّٗا وَنَبَاتٗا

    Open ayah 78:15

    чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.

  16. وَجَنَّٰتٍ أَلۡفَافًا

    Open ayah 78:16

    Жана да калың бак-бостондорду.

  17. إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ كَانَ مِيقَٰتٗا

    Open ayah 78:17

    Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.

  18. يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَتَأۡتُونَ أَفۡوَاجٗا

    Open ayah 78:18

    Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.

  19. وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ أَبۡوَٰبٗا

    Open ayah 78:19

    (Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.

  20. وَسُيِّرَتِ ٱلۡجِبَالُ فَكَانَتۡ سَرَابًا 

    Open ayah 78:20

    Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!

  21. إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتۡ مِرۡصَادٗا

    Open ayah 78:21

    Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)

  22. لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابٗا

    Open ayah 78:22

    чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!

  23. لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحۡقَابٗا

    Open ayah 78:23

    Алар анда кылымдар бою турушат.

  24. لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرۡدٗا وَلَا شَرَابًا

    Open ayah 78:24

    Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.

  25. إِلَّا حَمِيمٗا وَغَسَّاقٗا

    Open ayah 78:25

    Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)

  26. جَزَآءٗ وِفَاقًا

    Open ayah 78:26

    (Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!

  27. إِنَّهُمۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ حِسَابٗا

    Open ayah 78:27

    Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.

  28. وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابٗا

    Open ayah 78:28

    Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.

  29. وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ كِتَٰبٗا

    Open ayah 78:29

    Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.

  30. فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمۡ إِلَّا عَذَابًا 

    Open ayah 78:30

    Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!

  31. إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا

    Open ayah 78:31

    Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),

  32. حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبٗا

    Open ayah 78:32

    бак-бостондор, жүзүмдүктөр,

  33. وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابٗا

    Open ayah 78:33

    жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,

  34. وَكَأۡسٗا دِهَاقٗا

    Open ayah 78:34

    жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.

  35. لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا كِذَّٰبٗا

    Open ayah 78:35

    Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.

  36. جَزَآءٗ مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابٗا

    Open ayah 78:36

    (Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!

  37. رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابٗا

    Open ayah 78:37

    (Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.

  38. يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفّٗاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابٗا

    Open ayah 78:38

    Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.

  39. ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا

    Open ayah 78:39

    Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.

  40. إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا 

    Open ayah 78:40

    Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.