الزلزلة
Az-Zalzala
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
إِذَا زُلۡزِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ زِلۡزَالَهَا
Open ayah 99:1Жер катуу титирегенде [1]
- Бул сүрө Мединада түшкөн. Сегиз аяттан турат. “Залзаланын” мааниси “Жер титирөө”
وَأَخۡرَجَتِ ٱلۡأَرۡضُ أَثۡقَالَهَا
Open ayah 99:2жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда… [1]
- Бул аяттар Кыямат кайымдын болоор алдындагы алааматтар жөнүндө баян. Ошондо жер катуу титирегенден улам анын ичиндеги өлүктөр жана кен байлыктардан турган “жүктөр” сыртына чыгып калат.
وَقَالَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا لَهَا
Open ayah 99:3Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт.
يَوۡمَئِذٖ تُحَدِّثُ أَخۡبَارَهَا
Open ayah 99:4Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт.
بِأَنَّ رَبَّكَ أَوۡحَىٰ لَهَا
Open ayah 99:5Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган. [1]
- Жер дагы Кыяматта күбөгө өтүүчү макулуктардын бири. Аллах “сүйлө” деп буюрганда, ал өзүнүн үстүндө ким эмне иш жасаганын айтып берет.
يَوۡمَئِذٖ يَصۡدُرُ ٱلنَّاسُ أَشۡتَاتٗا لِّيُرَوۡاْ أَعۡمَٰلَهُمۡ
Open ayah 99:6Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет.
فَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ خَيۡرٗا يَرَهُۥ
Open ayah 99:7Жана ким кыпын салмагындай [1] жакшылык кылган болсо – аны көрөт
- Бул аяттагы مِثۡقَالَ ذَرَّةٍ (мискаала зарратин) деген сөздү "кыпындай" деп которуу анын маанисин толук ачып бере албайт. Аяттагы مِثۡقَالَ "мискаала" деген сөз салмакты түшүндүрөт. Бул маани өз кезегинде кыяматтагы таразага ишаарат.
وَمَن يَعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّةٖ شَرّٗا يَرَهُۥ
Open ayah 99:8жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо – ошону көрөт.