العاديات

Al-Aadiyaat

The Chargers · Surah 100 · Ayahs: 11 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. وَٱلۡعَٰدِيَٰتِ ضَبۡحٗا

    Open ayah 100:1

    Алкынып чуркаган тулпарларга ант! [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшүрүлгөн. Он бир аяттан турат. “Аадияттын” мааниси “Тулпарлар”
  2. فَٱلۡمُورِيَٰتِ قَدۡحٗا

    Open ayah 100:2

    (Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант!

  3. فَٱلۡمُغِيرَٰتِ صُبۡحٗا

    Open ayah 100:3

    Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!

  4. فَأَثَرۡنَ بِهِۦ نَقۡعٗا

    Open ayah 100:4

    Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.

  5. فَوَسَطۡنَ بِهِۦ جَمۡعًا

    Open ayah 100:5

    Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди. [1]

    1. Аллах тааланын күлүк аттар менен ант ичишинин себеби, алар Аллахтын керемет жаныбарлары жана теңдешсиз нээматы.
  6. إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودٞ

    Open ayah 100:6

    Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр! [1]

    1. Аллах тааланын нээматтарына ибадат-кулчулук менен жооп бериши керек болчу. Бирок, ал мунун ордуна күнөө үстүнө күнөө жасайт.
  7. وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٞ

    Open ayah 100:7

    Буга анын өзү деле күбөдүр!

  8. وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلۡخَيۡرِ لَشَدِيدٌ

    Open ayah 100:8

    Ал байлыкты катуу сүйөт!

  9. ۞أَفَلَا يَعۡلَمُ إِذَا بُعۡثِرَ مَا فِي ٱلۡقُبُورِ

    Open ayah 100:9

    Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда…

  10. وَحُصِّلَ مَا فِي ٱلصُّدُورِ 

    Open ayah 100:10

    Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда…

  11. إِنَّ رَبَّهُم بِهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّخَبِيرُۢ

    Open ayah 100:11

    Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?! [1]

    1. Негизинен Аллах тааланын бардык нерселерден кабардарлыгы ошол күнгө чектелбейт. Бул жердеги чектөө ал күндүн өтө маанилүүлүгүн ачып берүү үчүн. Ооба Аллах таала ал күндө пендеге ушул дүйнөдө жасаган бардык иштерин билдирет. Эгер ал иш өтө жашыруун, өтө сырдуу болсо да, адамдар ал күнөө ишти унутуп жиберген болсо да, Аллах унуткан эмес!