القارعة
Al-Qaari'a
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
ٱلۡقَارِعَةُ
Open ayah 101:1Кориьа! [1]
- Меккеде түшкөн. 11 аяттан турат. Мааниси 2-аяттын түшүндүрмөсүндө.
مَا ٱلۡقَارِعَةُ
Open ayah 101:2Кориьа эмне өзү?! [1]
- «Кориьа» - бул кыяматтын бир аталышы. Сөздүктөгү мааниси «жүрөктөрдү түшүүрүчү дүрбөлөң» дегенди билдирет.
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡقَارِعَةُ
Open ayah 101:3(Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!
يَوۡمَ يَكُونُ ٱلنَّاسُ كَٱلۡفَرَاشِ ٱلۡمَبۡثُوثِ
Open ayah 101:4Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат. [1]
- Тозуган түңкү көпөлөктөр эмне кылганын билбей, жабалактап өзүн отко ура берет. Демек, кыямат дүрбөлөңү башталганда инсандар эс-акылынан танып, бири-бирин басып-тебелеп туш-тушуна тозуп кетишет. Тозубай болобу?! Асман жарылып, жер титиреп, деңиздер өрттөнүп, жылдыздар төгүлүп турса!!!
وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ ٱلۡمَنفُوشِ
Open ayah 101:5Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
فَأَمَّا مَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ
Open ayah 101:6Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ
Open ayah 101:7ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.
وَأَمَّا مَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ
Open ayah 101:8Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
فَأُمُّهُۥ هَاوِيَةٞ
Open ayah 101:9анын энеси – «Хаавия!»
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا هِيَهۡ
Open ayah 101:10(Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.
نَارٌ حَامِيَةُۢ
Open ayah 101:11Ал – катуу кызытылган тозок!