الشرح
Ash-Sharh
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
أَلَمۡ نَشۡرَحۡ لَكَ صَدۡرَكَ
Open ayah 94:1(Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи? [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 8 аяттан турат. “Шарх” сөзү “ачуу”, “кеңейтүү” деген мааниде. Аллах таала пайгамбарынын көкүрөгүн, дил-жүрөгүн динге, дааватка жана улуу кулк-мүнөзгө кең кылды.
وَوَضَعۡنَا عَنكَ وِزۡرَكَ
Open ayah 94:2Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.
ٱلَّذِيٓ أَنقَضَ ظَهۡرَكَ
Open ayah 94:3Ал сенин желкеңди эзип турган.
وَرَفَعۡنَا لَكَ ذِكۡرَكَ
Open ayah 94:4Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк. [1]
- Мусулмандар качан келме, азан, такбир айтып Аллахты эскеришкенде “Мухаммад” деген ысымды да кошо айтып, эскеришет.
فَإِنَّ مَعَ ٱلۡعُسۡرِ يُسۡرًا
Open ayah 94:5Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
إِنَّ مَعَ ٱلۡعُسۡرِ يُسۡرٗا
Open ayah 94:6Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
فَإِذَا فَرَغۡتَ فَٱنصَبۡ
Open ayah 94:7Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
وَإِلَىٰ رَبِّكَ فَٱرۡغَب
Open ayah 94:8жана Раббиңе [1] гана умтул!
- Анын алдындагы соопторго.