التين

At-Tin

The Fig · Surah 95 · Ayahs: 8 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. وَٱلتِّينِ وَٱلزَّيۡتُونِ

    Open ayah 95:1

    Анжирге ант, Зайтунга ант! [1]

    1. Меккеде түшкөн. 8 аяттан турат. «Тийн» деген сөздүн мааниси “Анжир”.
  2. وَطُورِ سِينِينَ

    Open ayah 95:2

    Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!

  3. وَهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ ٱلۡأَمِينِ

    Open ayah 95:3

    Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант! [1]

    1. Аллах таала Иса пайгамбардын мекенинин негизги белгилери болгон анжир, зайтун дарактарына, Муса алейхи салам Аллах таала менен сүйлөшкөн Синай – Тур тоосуна жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарга вахий түшүргөн Мекке шаарына ант ичип, кийинки аяттардагы маанилүү нерсенин кабарын берүүдө.
  4. لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِيٓ أَحۡسَنِ تَقۡوِيمٖ

    Open ayah 95:4

    Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.

  5. ثُمَّ رَدَدۡنَٰهُ أَسۡفَلَ سَٰفِلِينَ

    Open ayah 95:5

    Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз.

  6. إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَلَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونٖ

    Open ayah 95:6

    Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар.

  7. فَمَا يُكَذِّبُكَ بَعۡدُ بِٱلدِّينِ

    Open ayah 95:7

    (Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды?

  8. أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِأَحۡكَمِ ٱلۡحَٰكِمِينَ

    Open ayah 95:8

    Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?