العلق
Al-Alaq
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
ٱقۡرَأۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلَّذِي خَلَقَ
Open ayah 96:1Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен! [1]
- Меккеде түшкөн. 19 аяттан турат. «Алактын» мааниси «Уюган кан». Куран аяттарынын ичинде эң биринчи түшкөнү менен өзгөчөлөнгөн бул сүрөнүн дагы бир аталышы «Икроь».
خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِنۡ عَلَقٍ
Open ayah 96:2Ал инсанды уюган кандан жаратты.
ٱقۡرَأۡ وَرَبُّكَ ٱلۡأَكۡرَمُ
Open ayah 96:3Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!
ٱلَّذِي عَلَّمَ بِٱلۡقَلَمِ
Open ayah 96:4Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.
عَلَّمَ ٱلۡإِنسَٰنَ مَا لَمۡ يَعۡلَمۡ
Open ayah 96:5Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.
كَلَّآ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَيَطۡغَىٰٓ
Open ayah 96:6Жок! Чынында, инсан чектен ашат
أَن رَّءَاهُ ٱسۡتَغۡنَىٰٓ
Open ayah 96:7өзүн бай-беймуктаж көргөндө! [1]
- Раббисин жана Акыреттеги сот-суракты унутат. Өзү унутканы жетпегендей, башкаларды дагы жолдон урат, сооп иштерден, намаздан тыят.
إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلرُّجۡعَىٰٓ
Open ayah 96:8Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.
أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يَنۡهَىٰ
Open ayah 96:9Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
عَبۡدًا إِذَا صَلَّىٰٓ
Open ayah 96:10намаз окуган пендеге?
أَرَءَيۡتَ إِن كَانَ عَلَى ٱلۡهُدَىٰٓ
Open ayah 96:11Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...
أَوۡ أَمَرَ بِٱلتَّقۡوَىٰٓ
Open ayah 96:12Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…
أَرَءَيۡتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰٓ
Open ayah 96:13(Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?
أَلَمۡ يَعۡلَم بِأَنَّ ٱللَّهَ يَرَىٰ
Open ayah 96:14Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!
كَلَّا لَئِن لَّمۡ يَنتَهِ لَنَسۡفَعَۢا بِٱلنَّاصِيَةِ
Open ayah 96:15Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!
نَاصِيَةٖ كَٰذِبَةٍ خَاطِئَةٖ
Open ayah 96:16Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!
فَلۡيَدۡعُ نَادِيَهُۥ
Open ayah 96:17Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!
سَنَدۡعُ ٱلزَّبَانِيَةَ
Open ayah 96:18Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!
كَلَّا لَا تُطِعۡهُ وَٱسۡجُدۡۤ وَٱقۡتَرِب۩
Open ayah 96:19Жок, сен ага [1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол! [2]