القدر

Al-Qadr

The Power, Fate · Surah 97 · Ayahs: 5 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةِ ٱلۡقَدۡرِ

    Open ayah 97:1

    Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк. [1]

    1. Меккеде түшүрүлгөн. 5 аяттан турат.
  2. وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ

    Open ayah 97:2

    Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?! [1]

    1. Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам не окууну, не жазууну билбеген сабатсыз (уммий) киши эле. Ага бардык илимди, ошонун арасынан Кадыр түнү жөнүндөгү илимди да Аллах тааланын Өзү Жебирейил периште аркылуу үйрөткөн.
  3. لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ خَيۡرٞ مِّنۡ أَلۡفِ شَهۡرٖ

    Open ayah 97:3

    Кадыр түнү миң айдан да жакшы.

  4. تَنَزَّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذۡنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمۡرٖ

    Open ayah 97:4

    (Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.

  5. سَلَٰمٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطۡلَعِ ٱلۡفَجۡرِ

    Open ayah 97:5

    Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)! [1]

    1. Анткени, бул түнү Рамазан айынын бардык түндөрү сыяктуу, адамдарды азгыра турган шайтандар кишенделген болот.