الهمزة

Al-Humaza

The Traducer · Surah 104 · Ayahs: 9 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. وَيۡلٞ لِّكُلِّ هُمَزَةٖ لُّمَزَةٍ

    Open ayah 104:1

    Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун! [1]

    1. Меккеде түшкөн. 9 аяттан турат. «Хумазанын» мааниси “Шылдыңдоочулар”.
  2. ٱلَّذِي جَمَعَ مَالٗا وَعَدَّدَهُۥ

    Open ayah 104:2

    Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди.

  3. يَحۡسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخۡلَدَهُۥ

    Open ayah 104:3

    Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт.

  4. كَلَّاۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِي ٱلۡحُطَمَةِ

    Open ayah 104:4

    Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!

  5. وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحُطَمَةُ

    Open ayah 104:5

    (Оо, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң.

  6. نَارُ ٱللَّهِ ٱلۡمُوقَدَةُ

    Open ayah 104:6

    (Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу,

  7. ٱلَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى ٱلۡأَفۡـِٔدَةِ

    Open ayah 104:7

    (Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!

  8. إِنَّهَا عَلَيۡهِم مُّؤۡصَدَةٞ

    Open ayah 104:8

    Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган.

  9. فِي عَمَدٖ مُّمَدَّدَةِۭ

    Open ayah 104:9

    (Эшиктери) узун устундарда (бекемделген).