المسد

Al-Masad

The Palm Fibre · Surah 111 · Ayahs: 5 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. تَبَّتۡ يَدَآ أَبِي لَهَبٖ وَتَبَّ

    Open ayah 111:1

    Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды! [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн. 5 аяттан турат. Абу Лахаб пайгамбарыбыздын абаларынан бири болчу. Бирок, Исламга ашынган душман болгондуктан, аялы Умму Жамил экөө, динге жана пайгамбарга көп зыяндар жеткирип жүрүшчү. Аллах таала Өз пайгамбарына зыян жеткирген душманды ушинтип каргышка калтыргандан көп узабай Абу Лахаб аянычтуу өлүм тапты. Бул өлүм аятта алдын ала айтылган “Куруп да калды” (өлдү) деген башааратты (алдын ала айтылган пайгамбарлыкты) тастыктаган окуя эле.
  2. مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُ مَالُهُۥ وَمَا كَسَبَ

    Open ayah 111:2

    Ага мал-дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок!

  3. سَيَصۡلَىٰ نَارٗا ذَاتَ لَهَبٖ

    Open ayah 111:3

    Ал жакында алоолонгон тозокко ташталат!

  4. وَٱمۡرَأَتُهُۥ حَمَّالَةَ ٱلۡحَطَبِ

    Open ayah 111:4

    Ал эми, (пайгамбарга каршы доомат -ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда!

  5. فِي جِيدِهَا حَبۡلٞ مِّن مَّسَدِۭ

    Open ayah 111:5

    Анын мойнунда курма дарагынын буласынан (эшилген) жип! [1]

    1. Тафсирчи уламалар Умму Жамилдин отун көтөрүүсү жөнүндө «Ал күйөөсү ташталган тозокко отун көтөрүп кирет. Бул дүйнөдө Динге жана пайгамбарга каршы жалган-жалаа жана ушак-айың сөздөрдү көтөрүп жүргөнүнүн жазасы» - дешет.