الناس
An-Naas
Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ
Open ayah 114:1Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен [1]
- Бул сүрө Меккеде түшкөн. 6 аяттан турат. «Ан-Нас» «Инсандар» деген маанини билдирет.
مَلِكِ ٱلنَّاسِ
Open ayah 114:2Инсандардын падышасынан;
إِلَٰهِ ٱلنَّاسِ
Open ayah 114:3инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –
مِن شَرِّ ٱلۡوَسۡوَاسِ ٱلۡخَنَّاسِ
Open ayah 114:4(Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун [1] жамандыгынан.
- Шайтандын.
ٱلَّذِي يُوَسۡوِسُ فِي صُدُورِ ٱلنَّاسِ
Open ayah 114:5Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.
مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ
Open ayah 114:6Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот. [1]
- Аллах таала Куранда инсандарды ак жолдон азгырган адамдарды да «шайтан» деп атайт.