الماعون

Al-Maa'un

Almsgiving · Surah 107 · Ayahs: 7 · Meccan

Translation: Kyrgyz - Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq · Open the surah

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

  1. أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يُكَذِّبُ بِٱلدِّينِ

    Open ayah 107:1

    (Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?! [1]

    1. Бул сүрө Меккеде түшкөн. 7 аяттан турат. "Мааун" "Күндөлүк керектелүүчү шаймандар" деген мааниде.
  2. فَذَٰلِكَ ٱلَّذِي يَدُعُّ ٱلۡيَتِيمَ

    Open ayah 107:2

    Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!

  3. وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ

    Open ayah 107:3

    Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес. [1]

    1. Кийинки аяттарда Аллах таала кээ бир адамдар намаз окуса деле... тозокко түшүп калуусун айтат. Ал кандай адамдар экен? Жооп кийинки аятта.
  4. فَوَيۡلٞ لِّلۡمُصَلِّينَ

    Open ayah 107:4

    (Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!

  5. ٱلَّذِينَ هُمۡ عَن صَلَاتِهِمۡ سَاهُونَ

    Open ayah 107:5

    Алар намаздарын унутуп коюшат. [1]

    1. «Намазды унутуп коюу” деп өз убактысынан себепсиз кечиктирүү, парыздарын, шарттарын кемитип окуу сыяктуу күнөөлөргө айтылат.
  6. ٱلَّذِينَ هُمۡ يُرَآءُونَ

    Open ayah 107:6

    Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия [1] кылышат.

    1. «Рия» - бул эл көрсүнгө жасалган ибадат. Рия от сыяктуу. Ибадаттын соопторун күйдүрүп жиберет.
  7. وَيَمۡنَعُونَ ٱلۡمَاعُونَ

    Open ayah 107:7

    Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.